2001-жылдын 15-январында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жеке нотариустарынын биринчи жалпы чогулушунда «Нотариалдык палата» коомдук бирикмеси түзүлгөн.
Нотариалдык палата – бул өз иш-аракетин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана палатаныну уставына ылайык өз иш –аракетин жүргүзгөн мүчөлүгү жекече иштеген нотариустардын өз ыктыяры менен түзүлүп жана өз алдынча башкаруу принциптеринде уюшулган кесиптик бирикме болуп саналган коммерциялык эмес уюм.
Палатанын Уставы 2001-жылдын 15-январында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жеке нотариустарынын жалпы чогулушунда кабыл алынып, Бишкек шаарынын юстиция башкармалыгында катталган. Анын акыркы редакциясы 2010-жылдын 25-июнунда кабыл алынган жана Бишкек шаарынын юстиция башкармалыгында 2010-жылдын 15-июлунда катталган.
Нотариалдык палата жеке нотариустардын кызыкчылыктарын коргоого, аларга жардам жана көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле нотариалдык ишти жүргүзүүнү өнүктүрүүгө чакырылган. Нотариалдык палата нотариустарды окутууну, алардын нотариалдык кызматын камсыздандырууну уюштурат, нотариат боюнча мыйзам долбоорлордо жана эксперттик иштерде катышат, нотариалдык иш жүргүзүү боюнча корутунду, укуктук маалымат берет, бирдиктүү нотариалдык практиканы түзөт.
2015-жылы «Нотариалдык палата» Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Талас шаарынын, Чуй, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын 124 жеке нотариустарын бириктирди.