Мы в соцсетях

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 1999-жылдын 3-июну N 47

Дыйкан (фермер) чарбасы жөнүндө

(КР 2001-жылдын 4-январындагы N 1, 2002-жылдын 16-октябрындагы N 142, 2009-жылдын 19-октябрындагы N 281 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам дыйкан (фермер) чарбаларынын укуктук негиздерин түзүүнүн жана ишинин тартибин, алардын укуктарын жана милдеттерин белгилейт жана чарба жүргүзүүнүн башка формалары менен алардын тең укуктуу өнүгүшү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Дыйкан (фермер) чарбаларын түзүүгө жана ишине байланыштуу мамилелер, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Жер кодекстери жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары тарабынан жөнгө салынат.

1-статья. Дыйкан (фермер) чарбасынын түшүнүгү

1. Дыйкан (фермер) чарбасы (мындан ары - дыйкан чарбасы) - юридикалык жактын статусуна ээ болгон, болбосо өзүнүн ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүзөгө ашыруучу, иши басымдуу түрдө айыл чарба продукциясын өндүрүүнү чогуу жүргүзгөн бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн, бир туугандардын жана башка адамдардын эмгегине негизделген, дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн менчик укугуна таандык болгон же пайдаланууга (ижарага) алынган жер участогуна жана башка мүлккө негизделген өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект.

2. Чарбаны чогуу жүргүзгөн жубайлар, балдар, ата-энелер, бир туугандар жана башка адамдар дыйкан чарбасынын мүчөлөрү болуп эсептелет. Дыйкан чарбасында жалданып иштеген, дыйкан чарбасы менен эмгектик мамилелери Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салына турган жарандар дыйкан чарбасынын курамына кирбейт. Дыйкан чарбасы бир адамдан турушу мүмкүн.

3. Дыйкан чарбасынын аталышында "дыйкан (фермер) чарбасы" деген сөз камтылууга тийиш.

2-статья. Дыйкан чарбасын түзүү жана каттоо

1. Дыйкан чарбасы ыктыярдуу башталыштарда гана түзүлөт. Дыйкан чарбасынын мүчөлөрү уставда же келишимде каралган тартипте дыйкан чарбасынын курамынан тоскоолдуксуз чыгууга укуктуу болот.

2. Ушул Мыйзамдын 1-статьясынын талаптарын сактоо менен Кыргыз Республикасынын ар бир жараны дыйкан чарбасын түзүүгө укуктуу.

3. Дыйкан чарбасы юридикалык жак катары тиешелүү каттоо органында, болбосо, эгерде дыйкан чарбасы өзүнүн ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүзөгө ашырса, жеке ишкер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эрежелер боюнча мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

4. Юридикалык жак катары түзүлгөн дыйкан чарбасы дыйкан чарбасынын аракетке жөндөмдүү мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда бекитилген уставдын жана дыйкан чарбасын түзүүнүн тартибин жана анын жалпы мүлкүн бөлүштүрүүнүн тартибин аныктаган келишимдин негизинде аракеттенет.

Өзүнүн ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүзөгө ашырып жаткан дыйкан чарбасы дыйкан чарбасын түзүүнүн тартибин жана анын жалпы мүлкүн бөлүштүрүүнүн тартибин аныктаган келишимдин негизинде гана аракеттенет.

5. Дыйкан чарбасынын уставында төмөндөгүдөй маалыматтар:

1) дыйкан чарбасынын аталышы;

2) дыйкан чарбасынын жайгашкан жери;

3) дыйкан чарбасынын ишинин предмети жана максаттары;

4) дыйкан чарбасынын жер участогу жөнүндө маалыматтар, анда укугун белгилеген документтер көрсөтүлөт;

5) дыйкан чарбасынын башкаруу органдарынын курамы, компетенциясы жана алар тарабынан чечимдерди кабыл алуунун тартиби;

6) дыйкан чарбасынын бардык мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар;

7) дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;

8) дыйкан чарбасынын жаңы мүчөлөрүн кабыл алуунун жол-жобосу;

9) дыйкан чарбасынын пайдасын жана зыяндарын бөлүштүрүүнүн тартиби;

10) дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн анын курамынан чыгышынын тартиби жана шарттары;

11) дыйкан чарбасынын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик жөнүндө жобо;

12) дыйкан чарбасын кайра уюштуруунун же жоюунун тартиби жана шарттары;

13) ошондой эле мыйзамдарда тыюу салынбаган башка шарттар камтылууга тийиш.

6. Дыйкан чарбасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда кайра каттоодон өтүүгө тийиш.

(КР 2009-жылдын 19-октябрындагы N 281 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. Дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу

1. Дыйкан чарбасынын жалпы чогулушу юридикалык жак катары түзүлгөн дыйкан чарбасынын жогорку башкаруу органы болуп саналат жана дыйкан чарбасынын ишине тиешелүү ар кандай маселелерди чечүүгө, анын ичинде юридикалык жак катары түзүлгөн дыйкан чарбасынын аткаруучу органы болуп эсептелген дыйкан чарбасынын башчысынын чечимдерин бекитүүгө жана жокко чыгарууга укуктуу.

2. Төмөндөгүлөр:

1) дыйкан чарбасынын уставын бекитүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү;

2) дыйкан чарбасынын башчысын шайлоо жана бошотуу;

3) кирешелерди бөлүштүрүү жана дыйкан чарбасынын тарткан зыяндарына байланыштуу маселелерди чечүү;

4) (КР 2001-жылдын 4-январындагы N 1 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

5) дыйкан чарбасын кайра уюштуруу жана жоюу;

6) дыйкан чарбасынын уставында аныкталган, ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген башка маселелер дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн жалпы

чогулушунун гана компетенциясына таандык кылынат.

3. Дыйкан чарбасынын жалпы чогулушунун гана компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдер чарбанын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 2/3синин добушу менен кабыл алынат.

Дыйкан (фермер) чарбасынын мүчөлөрүнүн мүлктүк укуктары менен байланышкан маселелер Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 272-статьясына ылайык чечилет.

(КР 2001-жылдын 4-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-статья. Дыйкан чарбасынын башчысы

1. Дыйкан чарбасынын жарандар, юридикалык жактар, мамлекеттик органдар менен өз ара мамилелериндеги таламдарын чарбанын башчысы билдирет жана чарбалык ишти уюштурат, чарбанын атынан бүтүмдөрдү түзөт, кызматкерлерди жалдоону жана иштен бошотууну жүзөгө ашырат, ишеним каттарды берет, мүлктү жана каражаттарды башкаруу укугунан пайдаланат, ошондой эле чарбанын ишине байланыштуу башка юридикалык аракеттерди жүзөгө ашырат.

2. Кыргыз Республикасынын 16 жаш куракка толгон, аракетке жөндөмдүү ар бир жараны дыйкан чарбасынын башчысы боло алат.

3. Дыйкан чарбасынын башчысы дыйкан чарбасынын биргелешкен мүлкүн кара ниеттик менен башкаргандыгы үчүн чарбанын башка мүчөлөрүнүн алдында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

Дыйкан чарбасынын башчысы өзүнүн башкаруу боюнча милдеттерин аткарбаган же милдеттерин андан ары жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, дыйкан чарбасынын аракетке жөндөмдүү мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечими боюнча бошотулушу мүмкүн.

4. Дыйкан чарбасынын башчысы өлгөн учурда чарбаны андан ары жүргүзүү укугу чарбанын мүчөлөрүнүн бирине берилет.

5. Чарбаны андан ары жүргүзүүгө болгон артыкчылык укугу жаатындагы чарбанын мүчөлөрүнүн ортосундагы талаштар алардын ар биринин чарбаны өнүктүрүүгө кошкон салымын, ошондой эле алардын чарбаны жүргүзүүгө болгон айкын мүмкүнчүлүктөрүн (эмгекке жарактуулугун, кесипке даярдыгын жана башка милдеттенмелерин) эске алуу менен сот тарабынан чечилет.

5-статья. Дыйкан чарбасынын укуктары

Дыйкан чарбасы:

1) ушул Мыйзамда каралган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган башка иштердин бардык түрлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга;

2) чарбалык ишти өз алдынча уюштурууга, анын багытын жана түрлөрүн аныктоого;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана уставда белгиленген тартипте жана шарттарда мүлктү менчиктөөгө, сатып алууга же башка түрдө алууга, сатууга, күрөөгө коюуга жана башка буюмдук укуктарды жүзөгө ашырууга;

4) эгилген айыл чарба өсүмдүктөрүн көп жылдык мөмө-жемиш, декоративдүү жана башка дарактардын көчөттөрүн, турак-жайды, өндүрүштүк, маданий-турмуш тиричилик жана башка курулуштар менен курулмаларды менчиктөөгө;

5) бүтүмдөрдү түзүүгө, ошондой эле дыйкан чарбасынын уставында каралган максаттарга жетишүү үчүн зарыл болгон бардык укуктарды жүзөгө ашырууга;

6) заемдук каражаттарды тартууга;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чарбалык муктаждыктар үчүн жер участогунда болгон кеңири таралган пайдалуу кендер чакан өлчөмдө болгон жерлерди, суу объектилерин пайдаланууга, ошондой эле жердин башка пайдалуу касиеттерин эксплуатациялоого;

8) белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына карама-каршы келбеген имараттарды жана курулуштарды Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын, архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрттөн сактоо жана атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, ченемдиктерди) сактоо менен курууга;

9) өндүргөн продукцияны жана аны сатуудан алынган кирешени өз алдынча тескөөгө;

10) белгиленген тартипте көмөкчү иштерди жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жүргүзүүгө;

11) мыйзамда тыюу салынбаган кооперативдерди жана ассоциацияларды, бирикмелерди, бирликтерди түзүүгө катышууга жана аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн укуктарын жүзөгө ашырууга;

12) дыйкан чарбасынын резервдик жана башка фондуларын түзүүгө, каражаттарды банктарга жана кредиттик мекемелерге, баалуу кагаздарга жана башка мүлккө салууга;

13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууга;

14) дыйкан чарбасын кайра уюштурууну же жоюуну жүзөгө ашырууга;

15) дыйкан чарбасынын максаттарына жетишүү үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу.

(КР 2002-жылдын 16-октябрындагы N 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Дыйкан чарбасынын милдеттери

Дыйкан чарбасы:

1) жерди анын максаттуу багытына ылайык натыйжалуу пайдаланууга, кыртыштын асылдуулугун жогорулатууга, айыл чарба өндүрүшүнүн азыркы кездеги технологиясын колдонууга, өзүнүн чарбалык ишинин натыйжасы менен экологиялык кырдаалды начарлатпоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жерлерди коргоо боюнча иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырууга;

2) жер салыгын же жер үчүн ижара салыгын өз убагында төлөп турууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөп турууга;

3) чектеш жаткан жер участокторунун менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын укуктарын бузбоого;

4) жер участогунда курулуш курууда колдонуудагы архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, ченемдиктерди) сактоого;

5) токойлорду, суу жана башка жаратылыш ресурстарын пайдалануунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартибин сактоого милдеттүү.

7-статья. Жаратылыш ресурстарын пайдалануу

1. Дыйкан чарбасынын жерлеринде жайгашкан токойлорду, көлмөлөрдү жана кеңири таралган пайдалуу кендер чакан өлчөмдө болгон жерлерди пайдалануу укугу жер участогуна болгон менчик укугу же пайдалануу укугу келип чыгышы менен бир мезгилде пайда болот жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Жалпы таралган чакан өлчөмдөгү пайдалуу кендердин тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

2. Эгерде дыйкан чарбасынын менчигинде же пайдалануусунда болгон жер участогунан кеңири таралган майда кендер менен катар пайдалуу кендердин запастары табылса, аларды иштетүү жана жер участогун алып коюу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, мамлекет чарба тарткан зыяндардын ордун толтурууга милдеттүү.

3. Жаратылыш ресурстарын пайдалануунун мыйзамдарда каралган тартибинин режимин бузган дыйкан чарбасы мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартылат.

(КР 2002-жылдын 16-октябрындагы N 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-статья. Дыйкан чарбасынын менчиги (мүлкү)

1. Эгерде алардын ортосундагы келишимде башкача белгиленбесе, дыйкан чарбасынын мүлкү анын мүчөлөрүнө жалпы биргелешкен менчик укугунда таандык болот.

2. Дыйкан чарбасы чарба үчүн анын мүчөлөрүнүн жалпы каражаттарына сатылып алынган жер участокторун, турак үйлөрдү, чарбалык курулуштарды, жер участогундагы дарактарды, продукт берүүчү жана жумушчу малды канаттууларды, айыл чарба техникасын жана шаймандарды, транспорт каражаттарын жана анын мүчөлөрү тарабынан келишимдин негизинде берилген, ошондой эле дыйкан чарбасы үчүн анын мүчөлөрүнүн жалпы каражаттарына сатылып алынган башка мүлктү менчиктей алат.

3. Дыйкан чарбасы анда өндүрүлгөн продукцияга, ошондой эле аны сатуудан түшкөн кирешеге карата менчик укугуна ээ болот, ал аларды өз каалоосу боюнча пайдаланат.

4. Дыйкан чарбасынын жеке эмгектик кирешелери жана топтогон каражаттары, ошондой эле алар тарабынан жеке каражаттарга сатылып алынган же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка негиздер боюнча алынган жана чарбанын менчигине өткөрүлүп берилбеген мүлк ошол адамдын менчигин түзөт.

5. Дыйкан чарбасынын мүлкү мыйзам боюнча же керээзде көрсөтүлгөн мурасчылар болуп эсептелген адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мураска өтөт.

6. Кредиторлордун доосу боюнча өндүрүп алынбай турган дыйкан чарбасынын мүлкү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленет.

9-статья. Дыйкан чарбасынын жер участогуна болгон укугун токтотуу

Дыйкан чарбасынын жер участогуна болгон укугу Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде каралган учурларда токтотулат.

10-статья. Дыйкан чарбасына салык салуу

Дыйкан чарбасына салык салуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүзөгө ашырылат.

11-статья. Мамлекет жана дыйкан чарбасы

Кыргыз Республикасы дыйкан чарбаларынын жана алардын мүчөлөрүнүн укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын сакталышына кепил болот.

Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дыйкан чарбаларын өнүктүрүүгө жана чыңдоого көмөк көрсөтөт.

Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, дыйкан чарбаларынын чарбалык, финансылык жана башка ишине кийлигишүүгө укуксуз.

12-статья. Дыйкан чарбасынын юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилелери

1. Дыйкан чарбасынын юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилелери келишимдик негизде түзүлөт.

2. Келишимдик милдеттенмелер сакталбаганда дыйкан чарбасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мүлктүк жоопкерчилик тартат.

3. Юридикалык жана жеке жактар дыйкан чарбасынын укуктарын бузууга жана анын чарбалык ишин чектөөгө байланыштуу ага келтирилген зыяндар үчүн жоопкерчилик тартат. Дыйкан чарбасына келтирилген зыяндардын орду (алынбай калган пайданы кошуу менен) толук көлөмдө толтурулат. Ушул маселелер боюнча келип чыккан талаштар сот тарабынан чечилет.

13-статья. Дыйкан чарбасынын мүлкүн бөлүү

1. Дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн бири анын курамынан чыкканда анын чарбанын жалпы мүлкүндөгү үлүшү уставда же келишимде белгиленген тартипте кайтарылат. Эгерде келишимде дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн дыйкан чарбасынын жалпы мүлкүндөгү үлүшү аныкталбаса, алардын үлүштөрү бирдей деп табылат. Келишимде анын үлүшүнүн наркын натуралдык же акчалай формада төлөп берүү каралышы мүмкүн. Үлүштөрдүн өлчөмдөрү жана төлөөнүн тартиби жөнүндө талаштар сот тарабынан чечилет.

2. Дыйкан чарбасы жоюлганда, анын мүлкү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана келишимде каралган эрежелер боюнча бөлүнүүгө тийиш.

3. Жер участогуна болгон менчик укугу же аны пайдалануу (ижарага алуу) укугу дыйкан чарбасына дыйкан чарбасынын мүчөсү чарбанын курамынан чыкканда бул жер участогун кайтарып берүү шарты менен берилет.

14-статья. Дыйкан чарбасын кайра уюштуруу жана жоюу

Дыйкан чарбасын кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгуу, кайра уюштуруу) жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте жүзөгө ашырылат.

15-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү

1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизилсин.

"Эркин Тоо" газетасынын 1999-жылдын 16-июнунда N 47-48 жарыяланды

2. Төмөндөгүлөр:

- "Дыйкан чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Закону (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, N 3,114-ст.);

- "Дыйкан чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Законун колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1991-жылдын 2-февралындагы N 363-XII токтому (Кыргыз Республика-

сынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, N 3, 115-ст.);

- "Дыйкан чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Законуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Закону (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, N 8, 260-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

- өзүнүн жер үлүшүн жана мүлктүк пайын дыйкан чарбаларын түзүү үчүн натуралай алууну каалаган адамдарга мүлктүк пайларын жана жер үлүштөрүн мурдагы мамлекеттик жана жамааттык чарбалардын жерлеринен жана мүлкүнөн бөлүп берүүнү алар арыз берген учурдан тартып эки айдан кечиктирбестен камсыз кылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А. Акаев

 

 

 

1999-жылдын 11-майында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган

 

 

 






Баардык укутар корголон, Copyright 2017
"Кыргыз Республикасынын
Нотариалдык палатасы"

E-mail

Web site

Коомдук бирикме

Not-palata@yandex.com

http://www.Not-palata.kg
"Кыргыз Республикасынын
Нотариалдык палатасы"

Байланыш үчүн
телефон номерлери:


Дарегибиз:

+996 312 654621
+996 312 343527
+996 555 024823

720010, Кыргыз Республикасы, 
Бишкек шаары, Токтогул көч., 230