Мы в соцсетях

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАЛДАР ЖӨНҮНДӨ КОДЕКСИ

Бишкек шаары, 2012-жылдын 10-июлу N 100

Ушул Кодекс балдардын Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган укуктарынын, эркиндиктеринин жана мыйзамдуу таламдарынын негизги кепилдиктерин белгилейт жана мамлекет тарабынан балдардын дене-бой, акыл-эс, адептик, руханий жана социалдык жактан өнүгүүсү, турмуштук оор кырдаалда калган балдарды коргоо жана өзгөчө камкордук көрүү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлин камсыз кылууга багытталган.

I БӨЛҮМ
 ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-глава
 Балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

1-берене. Ушул Кодексти колдонуунун чөйрөсү

Ушул Кодекс Кыргыз Республикасынын аймагында турган, ошондой эле турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоону камсыз кылууну кошуп алганда, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жерлерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын - балдарынын укуктарын жана таламдарын коргоо чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салат.

2-берене. Балдар жөнүндө мыйзамдар

Кыргыз Республикасынын балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, балдардын укуктары жөнүндө Конвенциядан, ушул Кодекстен, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринен жана нормаларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден (мындан ары - эл аралык келишимдер) турат.

3-берене. Балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын негизги максаттары жана милдеттери

1. Ушул Кодекстин максаты балдардын жарандык, саясий, экономикалык, социалдык, маданий жана башка укуктарын, таламдарын жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоону камсыз кылуу болуп саналат.

2. Балдарды коргоо боюнча принциптерди жана чараларды белгилөө, баланын укуктарынын кепилдик негиздерин түзүү; балдарды коргоо боюнча тиешелүү органдардын жана уюмдардын иштеши; мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу жаатындагы компетенциясын жана алардын өз ара аракеттенүү тартибин аныктоо ушул Кодекстин милдети болуп саналат.

4-берене. Балдардын укуктарын жана таламдарын коргоонун негизги принциптери

Балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо төмөнкү негизги принциптерге негизделет:

баланын эң мыкты таламдарын камсыз кылуу максатында баланын укуктарынын жана таламдарынын биринчи кезектүүлүгүн таануу;

мыйзамда каралган мамлекеттик кепилдиктердин көлөмүндө балдардын, өзгөчө турмуштук оор кырдаалда турган балдардын акысыз кызмат көрсөтүүлөргө жетимдүүлүгүн камсыз кылуу;

балдарды расасынын, өңү-түсүнүн, жынысынын, тилинин, дининин, улуттук же социалдык тегинин белгилери боюнча, мүлктүк абалынын, ден соолугунун абалынын жана кандай гана болбосун башка белгилери боюнча басмырлоонун жол берилбестиги;

анын тагдырына байланыштуу чечимдерди кабыл алууда баланын өз пикирин билдирүү укугун камсыз кылуу;

баланы зомбулуктун бардык формаларынан коргоону камсыз кылуу;

экономикалык пайда табуу максатында балдардын эмгегинин анын эң жаман формасында эксплуатациялоонун жол берилбестиги;

баланын укуктарын жана таламдарын бузуу, ага залал келтиргендик үчүн мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызматкерлеринин, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын жоопкерчилиги;

баланы тарбиялоонун жана билим берүүнүн туруктуулугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу;

мамлекет, коомчулук, үй-бүлө тарабынан баланын укуктарын жана таламдарын коргоонун артыкчылыктуулугу;

баланын үй-бүлөдөн ажыроосун болтурбоо жана баланын үй-бүлөнүн курчоосунда болуу укугун камсыз кылуу;

ар бир баланын дене-бой, акыл-эс, руханий, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укугун камсыз кылуу;

ата-энелердин өз жөндөмдүүлүктөрүнүн жана каржылык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектеринде баланын өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлин камсыз кылуу жоопкерчилиги;

мамлекеттин жетим балдарды жана ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарды багууну, тарбиялоону, окутууну камсыз кылуусу.

5-берене. Ушул Кодексте колдонулган негизги түшүнүктөр

Ушул Кодексте төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:

жашы жетпегендер - 18 жаш куракка чыга элек бала;

турмуштук оор кырдаалда турган балдар - ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, мыйзам менен чатагы бар, зомбулуктун жана кылмыштын курмандыгы болуп саналган балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашаган балдар, иштеген балдар, көзөмөлсүз балдар, кароосуз балдар, түзүлгөн жагдайлардын натыйжасында турмуш-тиричилиги объективдүү бузулган, чыр-чатактар жана өзгөчө кырдаалдар чөлкөмдөрүндөгү балдар, ошондой эле көрсөтүлгөн жагдайларды өз алдынча же үй-бүлөнүн жардамы менен жеңип өтө албаган балдар;

турмуштук оор кырдаал - жарандын турмуш-тиричилигин объективдүү бузуучу (майыптык, улгайган жаш курагына же ооруусуна байланыштуу өзүнө өзү тейлөөгө жарамсыздык, жетимдик, көзөмөлсүздүк, аз камсыз болгондук, жумушсуздук, белгилүү бир жашаган жердин жоктугу, чыр-чатактар жана үй-бүлөдөгү катаал мамиле, жалгыздык ж.б.) кырдаал, ошондой эле бул кырдаалды өз алдынча жеңүүгө жөндөмсүздүгү менен байланышкан анын адеп-ахлактык-психологиялык абалы;

көзөмөлсүз бала - мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан аны багуу, тарбиялоо боюнча өз милдеттерин аткарылбаганынын же болбосо талаптагыдай аткарылбаганынын же аткаруудан качууларынын кесепетинен анын жүрүм-турумуна көзөмөл болбой калган бала;

кароосуз бала - туруктуу жашаган жана (же) турган жери жок, көзөмөлсүз бала;

ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар - ооруулар, функциялык дене-бойлук жана (же) психикалык кемчилдиктердин натыйжасында жашап-иштөөнүн чектелүүсүнө алып келүүчү жана аларды социалдык коргоонун зарылдыгын пайда кылуучу мертинүүлөрдүн же мандемдердин кесепеттери менен шартталган ден соолугунун функционалдык бузулуулары бар балдар;

ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар - алардын өлүмүнө байланыштуу, жалгыз же ата-энесинин экөөнүн тең ата-энелик камкордугунан ажыраган, ошондой эле эгерде ата-энелери белгисиз (жетим балдар), аларды ата-энелик укуктарынан ажыратылганына же алардын ата-энелик укуктары чектелгенине, ата-энелерин дайынсыз жоголду, жөндөмсүз (чектелүү жөндөмдүү) деп таанылганына, алардын дарылоо мекемелеринде жүргөнүнө, алар эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөп жатканына, алардын камакта кармоо жайларында отурганына, ата-энелеринин балдарын тарбиялоо, алардын укуктарын жана таламдарын коргоодо ата-энелеринин дарылоо мекемелеринен, калкты социалдык коргоо мекемелеринен жана башка ага окшогон мекемелерден алуудан баш тартуусуна байланыштуу, жана мыйзамда белгиленген тартипте баланы ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган деп таанылган башка учурлардагы 18 жашка чейинки курактагы адамдар;

жетим балдар - ата-энелеринин экөө тең өлгөн же бирөө гана бар же болбосо ата-энелери белгисиз, 18 жаш куракка чейинки адамдар;

үй-бүлөнү жана баланы коштоо - турмуштук оор кырдаалда турган баланы коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген балдарды коргоо боюнча мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган) тарабынан бардык социалдык иштерди жана чараларды координациялоону жүзөгө ашыруу;

турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо - турмуштук оор кырдаалда турган балдарды орноштурууга, социалдык колдоого, социалдык көнүктүрүүгө жана реабилитациялоого багытталган социалдык-экономикалык, социалдык-медициналык, социалдык-психологиялык, социалдык-укуктук жана башка мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча иш-чаралардын комплекси;

мыйзам менен чатагы бар балдар - кылмыштарды жасоого шектүү, айыпталуучу, кылмыш жасаганы үчүн соттолуучу, соттолгон болуп саналган балдар, ошондой эле администрациялык укук бузуулар жөнүндө иш боюнча аларга карата өндүрүш жүргүзүлүп жаткан, мыйзамда белгиленген тартипте администрациялык укук бузууга күнөөлүү деп таанылган балдар;

сот адилеттигинен алагды кылуу боюнча программа - бул кайталап укук бузууну болтурбоо максатында баланы реабилитациялоого жана социалдык реинтеграциялоого көмөктөшүүгө багытталган, жашы жетпегендерге карата соттук жол-жоболорду козгоону алдын алуу боюнча программа;

балдар үчүн юстиция - бул мыйзам менен чатагы бар, ошондой эле алардын жыныстык бойго жеткенин, акыл-эстик, дене-бой жана психикалык өнүгүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, тартип бузууларды, сот адилеттигин ишке ашырууну, социалдык реабилитациялоону жана интеграциялоону алдыга алуу маселелерин өзүнө камтыган жазык иштери боюнча жабыр тарткан жана күбө болгон балдарга карата иш-чаралардын тутуму;

ювеналдык юстиция - бул мыйзам менен чатагы бар, ошондой эле жыныстык бойго жеткенин, акыл-эстик, дене-бой жана психикалык өнүгүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тартип бузууларды, сот адилеттигин ишке ашырууну, социалдык реабилитациялоону жана интеграциялоону алдын алуу маселелерин өзүнө камтыган жазык иштери боюнча балдарга карата иш-чаралардын тутуму;

балдар эмгегинин эң начар формалары - балдар эмгегинин төмөнкүлөрдү камтыган формалары:

кулчулуктун бардык формалары же кулчулукка окшош тажрыйба, мисалы, балдарды сатуу жана аларды соодалоо, карыздык зомбулук жана кулдук көз карандуулук, ошондой эле мажбурлаган же милдеттүү эмгек, анын ичинде балдарды куралдуу жаңжалдарда пайдалануу үчүн мажбурлап же милдеттүү азгыруу;

сойкулук менен алектенүү, порнографиялык продукцияларды өндүрүү же порнографиялык көрсөтүүлөр үчүн баланы пайдалануу, азгыруу же сунуш кылуу;

укукка каршы келген иш менен алектенүү үчүн, атап айтканда тиешелүү эл аралык келишимдерде аныкталгандай баңги заттарды өндүрүү жана сатуу үчүн баланы пайдалануу, азгыруу же сунуш кылуу;

анын аткарылып жаткан мүнөзү же шарттары боюнча баланын ден соолугуна, коопсуздугуна же адебине зыян келтириши мүмкүн болгон иштер;

балага ырайымсыз мамиле жасоо (зомбулук) - бул балага карата анын дене-бойлук же психикалык өнүгүшүн бузуучу же коркунуч келтирүүчү бардык аракеттер;

үй-бүлө - никеден, туугандыктан, асырап алуудан же баланы тарбиялоого кабыл алуунун башка формасынан келип чыккан жана үй-бүлөлүк мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыңдоого көмөктөшүүгө чакырылган, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктар жана милдеттер менен байланышкан адамдардын тобу;

мыйзамдуу өкүлдөр - ата-энелери, асырап алгандар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар, алар жокто - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкери;

баланын эң мыкты таламдары - бул:

- аларды мыйзамда бекемдөө менен баланын укуктарынын жана таламдарынын биринчи кезектүүлүгүн таануу;

- балдарды расасынын, өңү-түсүнүн, жынысынын, тилинин, дининин, саясий же башка ынанымдарынын, улуттук, этностук же социалдык тегинин белгилери боюнча, мүлктүк абалынын, ден соолугунун абалынын же кандайдыр бир гана башка белгилери боюнча басмырлоонун жол берилбестиги;

- аны коргоону жана кам көрүүнү биринчи кезекте камсыз кылуу;

- коомдун тең укуктуу мүчөсү катары баланын укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоо жана камсыз кылуу;

- балага тиешелүү болгон чечимдерди кабыл алууда аны милдеттүү түрдө эске алуу менен, баланын өз оюн билдирүү укугун камсыз кылуу;

- баланы зомбулуктун бардык формаларынан коргоону камсыз кылуу;

- баланы толук баалуу тарбиялоону, анын укугун жана таламдарын коргоону, аны коомдо толук кандуу жашоого даярдоону камсыз кылуу максатында үй-бүлөнү мамлекеттик колдоо;

- балдардын укуктарына жана өзгөчө муктаждыктарына ата-энелердин, алардын өкүлдөрүнүн жана коомдун кабардарлыгын жана сезимталдыгын жогорулатуу;

- баланы коргоо боюнча кызматтарды борбордон оолактатуу, балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелердин ортосунда өнөктөштүктү камсыз кылуу;

- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын, ошондой эле жарандардын баланын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын бузганы, ага зыян келтиргени үчүн жоопкерчилиги;

- аны коргоо боюнча чараларды көрсөтүүдө баланын этностук, диний жана маданий тегин эске алуу менен балага камкорчулуктун, тарбиялоонун жана билим берүүнүн туруктуулугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу;

- мамлекет, коом, үй-бүлө тарабынан баланын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жана сактоо;

- баланын талаптагыдай өсүшүн камсыз кылуудагы ата-энелердин жана аларды алмаштыруучу жактардын милдеттери.

6-берене. Балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат

1. Балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат төмөнкүлөргө багытталган:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, балдардын укуктарын жана таламдарын коргоону толук баалуу камсыз кылууга;

2) турмуштук оор абалда турган балдарды коргоону талаптагыдай камсыз кылууга;

3) ата-энелерде алардын төрөлүшү үчүн жоопкерчиликтүүлүк сезимин тарбиялоо жолу менен, жарандардын дени сак, тилеген балдардын төрөлүшүнө карата аң-сезимдүү мамилелерин калыптандырууга;

4) гендердик теңчиликтин принциптерин сактоого;

5) балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө;

6) балдардын дене-тарбиялык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө.

2. Турмуштук оор кырдаалда турган балдардын укуктарын, таламдарын камсыз кылуу жана коргоо мамлекеттик саясаттын жана мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги артыкчылыктуу өңүттөрдүн бири болуп саналат.

3. Балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча иш-чараларды каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырылат.

2-глава
 Балдардын укуктары жана таламдары, аларды камсыз кылуунун кепилдиктери

7-берене. Баланын үй-бүлөдө жашоо жана тарбиялануу укуктарынын негизги кепилдиктери

1. Ар бир бала үй-бүлөдө жашоого жана тарбияланууга укуктуу. Үй-бүлөдө тарбиялоо артыкчылыктуу жана баланын таламдарына ылайыктуу деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана токтотулушу мүмкүн.

2. Бала ата-энелери же аларды алмаштыруучу адамдар тарабынан камкордукка алынууга, туугандары менен мамиле кылууга, анын таламдарынын корголушуна, ар тараптуу өнүгүүгө, анын адамдык аброюнун урматталышына укуктуу.

3. Эгерде бул баланын таламдарына, анын нормалдуу өнүгүшүнө карама-каршы келбесе, ата-энелеринен же алардын биринен бөлөк жашаган бала алар менен жана башка туугандары менен тоскоолдуксуз мамиле кылууга, алар жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу.

8-берене. Баланын эс алууга укугу

Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ыйгарым укуктарынын чектеринде балдардын эс алууга жана ден соолуктарын чыңдоого укуктарын, иши балдардын эс алуусуна жана ден соолуктарын чыңдоого багытталган мекемелерди сактоону жана өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат.

9-берене. Баланын ден соолугун коргоо укуктарынын негизги кепилдиктери

1. Ар бир бала жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте камсыз кылынуучу ден соолукту коргоонун жана бекемдөөнүн жана медициналык-санитардык жардам алуунун ажырагыс укуктарына ээ.

2. Саламаттык сактоо тутуму балдарга мыйзамдарда белгиленген тартипте оорулардын алдын алууну, медициналык диагностиканы, дарылоо-ден соолукту чыңдоону, анын ичинде диспансердик байкоо жүргүзүүнү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды жана өнөкөт оорулардан запкы чеккен балдарды медициналык реабилитациялоону, ошондой эле балдарды медициналык-реабилитациялык дарылоону караган жетимдүү жана адистешкен медициналык жардамды кепилдейт.

3. Балдарды акысыз медициналык тейлөө, ошондой эле жеңилдетилген шарттарда медициналык тейлөө мамлекеттик кепилдиктердин алкактарында жана көлөмдөрүндө жүзөгө ашырылат.

4. Балдар мекемелеринде жана уюмдарында балдардын жашоосунун, кармоонун, багуунун, окутуунун жана тарбиялоонун шарттары белгиленген санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык келүүсү тийиш, аларды бузганы үчүн балдар мекемелеринин жана уюмдарынын жетекчилери, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдарда каралган тартипте жоопкерчилик тартышат.

5. Ата-энелер жана аларды алмаштыруучу адамдар балдардын ден соолугуна тиешелүү кам көрүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

6. Эгерде бул баланын ден соолугуна зыян келтирсе, атайылап медициналык жардамга кайрылбаган ата-энелер жана аларды алмаштыруучу адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

10-берене. Баланын билим алуу укуктарынын негизги кепилдиктери

1. Ар бир бала билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте камсыз кылынуучу билим алууга укуктуу жана ага мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында акысыз башталгыч, негизги, орто жана акысыз башталгыч кесиптик билим алуу кепилденет.

2. Баланын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын чектеринде милдеттүү башталгыч жана негизги билим алууга укугу мыйзамдарда аныкталат. Баланы негизги билим алганга чейин мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмунан чыгарып жиберүүгө жол берилбейт. Балага анын жашаган жана иш жүзүндө турган жери боюнча мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмунан негизги билим алуусу кепилденет.

Баланын жашаган жери өзгөргөн учурда жаңы жашаган жана иш жүзүндө жүргөн жери боюнча башка мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмуна которууга жол берилет.

3. Бала билим берүү уюмуна кирген учурда мыйзамда каралбаган кандайдыр-бир чектөөлөргө жол берилбейт. Мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдардын биринчи классына кирип жаткан балдар үчүн кирүү сынагын өткөрүүгө тыюу салынат.

4. Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына кабыл алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, ал эми жеке менчик формасындагы жалчы билим берүүчү уюмдарда - ушул уюмдар тарабынан билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоо менен аныкталат.

5. Мамлекет балдардын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн жетимдүүлүк укуктарын камсыз кылат.

6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жалпы негизде билим берүү уюмдарынын билим алууга жөндөмсүз, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн, ошондой эле жетим балдар жана ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар үчүн, алардын акысыз билим алуусун, кесиптик даярдыгын, коомго социалдык ыңгайлуушусун жана көнүгүшүн камсыз кылуучу атайын топторду, класстарды же мамлекеттик же муниципалдык реабилитациялоо, ыңгайлаштыруу борборлорун ачууну кошуп алганда, өзгөчө шарттар түзүлөт.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү билим берүү жаатында ыйгарым укук берген орган жыл сайын мамлекеттик жогорку окуу жайларында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды акысыз негизде окутуу үчүн квота берет.

Эгерде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген абитуриенттердин саны квотага ылайык берилген орундардын санынан аз болуп калса, калган орундар жалпы шарттарда башка абитуриенттердин арасында бөлүштүрүлөт.

11-берене. Баланын өз пикирин эркин билдирүү укугунун негизги кепилдиктери

1. Бала анын таламдарына тиешелүү болгон бардык маселелер боюнча өз пикирин эркин билдирүүгө укуктуу.

2. Балага кандай болбосун соттук, администрациялык же башка териштирүүнүн жүрүшүндө түздөн-түз же болбосо мыйзамдуу өкүлү аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте угулууга мүмкүнчүлүк берилет.

3. Баланын өз пикирин билдирүү укугун ишке ашыруусу, башка жактардын укуктарын жана аброюн сыйлоо, ошондой эле мамлекеттин коопсуздугун, коомдук тартипти, Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо максаттарында, мыйзамдарда каралган учурларда гана чектөөлөргө кириптер кылынышы мүмкүн.

12-берене. Баланын жеке өзүнчөлүктөрүн сактоо укугунун негизги кепилдиктери

1. Ар бир бала ысымга жана жарандуулукка укуктуу жана төрөлгөндөн кийин дароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте катталууга тийиш.

2. Баланын жарандуулукту алышынын жана өзгөртүшүнүн негиздери жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

3. Баланын атын, фамилиясын жана атасынын атын аныктоонун жана өзгөртүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жөнгө салынат.

13-берене. Баланын турак-жайга укуктарынын негизги кепилдиктери

1. Баланын турак-жайга укуктарынын кепилдиктери турак жай мыйзамында каралган тартипте камсыз кылынат.

2. Турак-жайдын менчик ээсинин үй-бүлө мүчөсү болуп саналган балдар, бирдей даражада турак-жай аянтын пайдалануу укугуна ээ болот.

3. Үй-бүлө ээлеген турак-жай аянтын менчиктештирүүдө, бала жаш курагына карабастан, бул аянтка бардык укуктардан бирдей даражада пайдаланат.

4. Балдар бардык учурларда алардын ата-энелерине тиешелүү турак-жай аянтына укугун сакташат.

5. Жашоо үчүн турак-жайы жок жетим балдар 16 жашка чыкканда, мыйзамда белгиленген тартипте, пайдалануу укугунда турак жай аянтын кезексиз алуу укугунан пайдаланышат.

6. Ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдар, анын ичинде жетим-балдар башка турак-жай берүүсүз алар ээлеп турган турак-жайдан чыгарылышы мүмкүн эмес.

7. Жетим-балдар алар 21 жашка толгонго чейин, окуу жайдын күндүзгү бөлүмүнөн билим алып жаткан учурларда - окуусун аяктаганга чейин убактылуу социалдык турак-жай (жатакана) менен камсыз болуусу тийиш.

8. Мамлекеттик жана муниципалдык фонддордон убактылуу пайдалануу үчүн социалдык турак-жай берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

14-берене. Баланын кесипке багытталуу, даярдануу жана жумуштуулук укугунун негизги кепилдиктери

1. Ар бир бала эмгек эркиндигине, эмгекке орношууга, жаш курагына, ден соолугунун абалына, жалпы билиминин жана кесиптик даярдыгынын деңгээлине жараша иштин түрүн жана кесибин эркин тандап алуу укугуна ээ.

2. Балдар 14 жаш курагынан тартып ата-энелеринин биринин жана аларды алмаштыруучу адамдардын же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу аймактык органдын бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен эмгек келишимин түзүүгө жана окуудан бош убакта аны окутуу процессин бузбаган, ден соолугунун абалы жана өнүгүүсү боюнча аларга жетимдүү, алардын саламаттыгына, дене-тарбиялык, адептик жана психикалык абалына зыян келтирбеген коомдук пайдалуу эмгекке катышууга укуктуу, ошондой эле кесиптик даярдыкка укуктуу. Бул укук баштапкы эмгектик (кесиптик) даярдоо мекемелеринин тутуму аркылуу мыйзамда белгиленген тартипте камсыз кылынат.

3. Эмгек келишимдерин түзүүнүн жана бузуунун тартиби жана 18 жаш куракка толо элек кызматчылардын эмгегин жөнгө салуунун башка өзгөчөлүктөрү эмгек мыйзамдарында белгиленет.

4. Менчиктин бардык формасындагы ишканалар, мекемелер жана уюмдар калкты иш менен камсыз кылуу кызматтарынын жолдомолору боюнча квоталанган жумуш орундарына социалдык коргоого өзгөчө муктаж болгон балдарды (балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн, жетимдерди жана ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарды жана башкаларды) кабыл алууга милдеттүү. Ушул беренеде көрсөтүлгөн адамдарды белгиленген квотанын эсебинен ишке кабыл алуудан баш тартууга тыюу салынат жана алар тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдарга же сотко даттанылышы мүмкүн.

15-берене. Балдардын эмгегин пайдалануу

1. Баланын ден соолугуна коркунуч туудурган же анын билим алуусуна тоскоол болуучу же болбосо анын ден соолугуна, дене-тарбиялык, акыл-эс, руханий, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүшүнө зыян келтирген кандай болбосун жумуштарга баланы кабыл алууга же аткаруу үчүн тартууга тыюу салынат.

2. Балдардын эмгегин анын эң начар көрүнүштөрүнүн формаларында эксплуатациялоого, ошондой эле менчигинин формасына карабастан, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда, анын ичинде кооперативдерде, дыйканчылык жана фермердик чарбаларда кандай болбосун формадагы балдардын мажбурлаган эмгегине тыюу салынат.

3. Эмгек шарты зыяндуу же опурталдуу иштерде, жер астындагы иштерде, түнкү убактарда, ошондой эле аткаруу балдардын ден соолугуна жана адептик өсүшүнө зыян келтирүүсү мүмкүн болгон иштерде (оюн-зоок бизнесинде, көңүл ачуучу мекемелердеги түнкү жумуштарда, спирт ичимдиктерин, тамеки буюмдарын, баңгизаттарды жана уулуу дары-дармектерди ж.у.с. өндүрүүдө, ташып жеткирүүдө жана сатууда) балдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салынат.

4. Балдардын алар үчүн белгиленген нормадан ашык оор нерселерди көтөрүүлөрүнө, ташууларына жана жылдырууларына тыюу салынат.

Балдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган жумуштардын тизмеги, ошондой эле оор нерселерди көтөрүүнүн нормаларынын чеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте бекитилет.

16-берене. Баланын абийирин, кадыр-баркын, инсандык кол тийбестигин коргоого укугунун негизги кепилдиктери

1. Ар бир бала абийирин жана кадыр-баркын, инсандык кол тийбестигин коргоого укуктуу. Мамлекет баланын жеке кол тийбестигин камсыз кылат, аны дене-бойлук жана (же) психикалык, сексуалдык зомбулуктан, ырайымсыз, орой же адамдык беделди кемсинткен мамиледен, кылмыштуу ишке тартуудан жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин кемсинткен коомго каршы аракеттерди жана башка аракеттерди жасоодон коргоону жүзөгө ашырат.

Мындай аракеттерге күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.

2. Өзүнүн ишинин түрү боюнча баланы окутуу жана тарбиялоо менен алектенүүгө милдеттүү адамдардын анын ар-намысына жана аброюна кол салуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

3-глава
 Балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү органдар

17-берене. Мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка органдардын балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуусу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ошондой эле мамлекеттик аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, соттор, прокуратура, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылууну жүзөгө ашырат.

18-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндө төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:

1) балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;

2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу боюнча ишин координациялайт;

3) өз компетенциясынын чектеринде ченемдик укуктук актыларды кабыл алат, ошондой эле балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоорлорун демилгелейт;

4) балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарынын ишин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;

5) балдардын жашоо турмушун жакшыртууга багытталган мамлекеттик минималдуу социалдык калыптарды белгилейт;

6) баланын укуктарын коргоо маселелери боюнча эл аралык уюмдарда мамлекеттин эл аралык милдеттенмелерин жана мамлекеттин кызыкчылыктарынын өкүлчүлүгүнүн милдеттерин аткарат;

7) эл аралык келишимдерге ылайык милдеттенмелер боюнча улуттук отчетторду даярдайт жана берет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ошондой эле балдардын укуктарын, таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндө ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган дагы башка ыйгарым укуктарды да ишке ашырат.

19-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:

мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү иштерин координациялайт;

өз компетенцияларынын чектеринде тиешелүү аймакта балдардын укуктарынын жана таламдарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;

муктаж балдардын билим берүү, медициналык жардам, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга жетимдүүлүгүн камсыз кылат;

балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын бөлүмдөрүнүн макулдашылган иштерин, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдар менен өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылат;

балдардын укуктарын жана таламдарын сактоодо тиешелүү аймакта аракеттенген коомдук уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарга камкорчулук, багуу жана тарбиялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн мониторингин камсыз кылат;

өз ыйгарым укуктарынын чектеринде балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу маселелери боюнча тиешелүү аймакта мамлекеттик программалардын ишке ашырылышын жана программалардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылат;

ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

20-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

тиешелүү аймакта балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;

балдардын укуктары бузулган учурларды табуу жана муктаж болгон балдарга бузулган укуктарын калыбына келтирүүдө көмөк көрсөтүү;

ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү өз иштери жөнүндө маалыматтарды квартал сайын жергиликтүү кеңешке берет.

21-берене. Балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылууда соттун ыйгарым укуктары

1. Соттун ыйгарым укуктарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте төмөнкүлөр кирет;

1) балдарды төмөнкүлөргө жөнөтүү жөнүндө иштерди кароо:

балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга 6 айдан ашпаган убакыт ичинде кызмат көрсөтүүчү, ошондой эле жөндөмдүү балдар үчүн кызматтарды көрсөтүүчү, анын ичинде акы төлөнүүчү негизде кызмат көрсөтүүчү жатак мекемелерди кошпогондо, ведомстволук таандыктуулугуна, менчигинин формасына карабастан жатак мекемелерге;

мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (ата-энелери, камкорчулары (көзөмөлчүлөрү), багуучу ата-энелери, асырап алуучулар, алар жок болгондо - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар) макулдугу менен тарбиялоонун өзгөчө шарттарына муктаждарды балдар үчүн атайын мектептерге, психиатриялык ооруканаларга;

2) асырап алуу, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк белгилөө жөнүндө иштерди кароо;

3) баланы жатак мекемелерине мыйзамсыз жана негизсиз жөнөтүүнү болтурбоо боюнча чараларды кабыл алуу;

4) ата-энелеринин көзөмөлчүлүгү жок калган балдарды аккредитациядан өткөн жатак мекемелерге жөнөтүү;

5) баланын жатак мекемеде, тарбиянын өзгөчө шарттарына муктаждардын балдар үчүн атайын мектептеринде же психиатриялык ооруканада болуусунун негиздүүлүгүн кайра кароо;

6) балдар иштери боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын аткарылышын көзөмөлдөө.

2. Сот жарандык иштер боюнча балдардын таламдарына тиешелүү талаш-тартышты баланын таламдарынан улам жана баланын пикирин эске алуу менен чечет.

22-берене. Прокуратуранын балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуудагы ыйгарым укуктары

Прокуратура балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

аткаруу бийлиги органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын так жана бир өңчөй аткарууларын көзөмөлгө алууну;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда, сотто балдардын таламдарына өкүлчүлүк кылууну.

23-берене. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү иштери

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан, уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын балдардын укуктарынын, эркиндиктеринин жана мыйзамдуу таламдарын сактоолорунун мониторингин, талдоону жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.

II БӨЛҮМ
 ТУРМУШТУК ООР КЫРДААЛДА ТУРГАН БАЛДАРДЫ КОРГООНУН УЮШТУРУУЧУЛУК НЕГИЗДЕРИ

4-глава
 Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо тутуму

24-берене. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо тутуму

Балдарды коргоо тутуму мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, кызмат көрсөтүүчү мекемелерден, ошондой эле турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоого багытталган чаралардын комплексинен турат.

25-берене. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо тутумунун башкаруу органдары

Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоону камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу органдар төмөнкүлөр болуп саналат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;

балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган;

жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга караштуу балдар иштери боюнча комиссиялар;

балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү;

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын социалдык маселелер боюнча комиссиялары.

26-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо боюнча функциялары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо боюнча функциялары:

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо боюнча алардын иштерине көмөк көрсөтүү максаттарында уюштуруучулук, каржылык жана башка жардамдарды көрсөтүү;

балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо жана анын жобосун бекитүү;

турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызматтарды көрсөтүүчү субъекттерди аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү;

Кыргыз Республикасындагы камкорчулук жана көзөмөлчүлүк жөнүндө жобону бекитүү;

турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартибин аныктоо жана бекитүү;

балдарды коргоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин, тартибин, минималдуу калыптарын аныктоо жана бекитүү;

балдарды коргоо боюнча көрсөтүлүүчү кызматтарды каржылоо калыптарын аныктоо;

балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү;

менчигинин формасына карабастан, турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн жатак мекемелердин, атайын билим берүү уюмдарынын типтүү жоболорун бекитүү;

ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдар жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик банкын жүргүзүүнүн тартибин жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар жөнүндө тиешелүү маалымат базаларын жүргүзүүнүн тартиби аныктоо;

балдарды коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасы өзүнө алган эл аралык милдеттенмелердин, ошондой эле ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктардын аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу.

27-берене. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо чөйрөсүндөгү функциялары

1. Балдарды коргоо боюнча мамлекеттик орган турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо максаттарында төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:

1) балдарды коргоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат;

2) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен макулдашуу боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жоболорун бекитет;

3) өз ыйгарым укуктарынын чектеринде турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоону жүзөгө ашыруучу органдардын жана адамдардын, ошондой эле көрсөтүлгөн чөйрөдө кызмат көрсөтүүчү субъекттердин ишин координациялоону, мониторингин жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;

4) турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка органдарга маалыматтык-усулдук, консультациялык жардамдарды жана көмөктөрдү көрсөтөт;

5) ушул Кодексте аныкталган турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөтүү жаатында иштеген субъекттерди аккредитациялоону жүргүзөт;

6) турмуштук оор кырдаалда турган балдар жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик базасын жүргүзөт;

7) ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик базасын жүргүзөт;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, чет элдик жарандар тарабынан балдарды асырап алуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырат;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды жүзөгө ашырат.

2. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте турмуштук оор кырдаалда турган балдарды табат;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү аймакта камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдарынын функцияларын аткарат;

3) камкорчулук, көзөмөлчүлүк жана асырап алуучулук тууралуу чечимдерди кабыл алуу үчүн, асырап алуучулукка, камкорчулукка, көзөмөлчүлүккө, багуучу ата-энеликке талапкерлердин жашоосунун турмуш-тиричиликтик шарттарына иликтөө жүргүзөт жана зарыл маалыматтарды чогултат;

4) турмуштук оор кырдаалда турган балдардын жашоо-турмушун жакшыртуу боюнча иш-чараларды пландаштырат;

5) баланы бул үй-бүлөгө (асыроочу) тарбиялоого өткөрүп берүү үчүн багуучу ата-энелер менен келишимдерди түзөт;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жашы жетпегенди толук жөндөмдүү (эмансипация) деп жарыялоо мүмкүндүгү жөнүндө корутунду берет;

7) камкорчулукка жана көзөмөлчүлккө алынуучунун мүлктүк укуктарын жүзөгө ашырууга тиешелүү алдын ала уруксатты берет;

8) ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө, ата-энелик укуктарды чектөө, ата-энелик укуктан ажыратпастан баланы алып алуу, асырап алуу, асырап алууну жокко чыгаруу тууралуу, камкорчуларды, көзөмөлчүлөрдү дайындоо жана камкорчуларды, көзөмөлчүлөрдү бошотуу, четтетүү жөнүндө иштер боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган балдардын укуктарын жана таламдарын коргоодо башка иштер боюнча сотко кайрылат;

9) ата-энелик укуктары чектелген ата-энелердин балдар менен байланышы жөнүндө маселелерди чечет;

10) өзгөчө учурларда жана мыйзамдарда каралган тартипте баланы толук мамлекеттик камсыз кылууга жиберүүнү демилгелейт;

11) балдардын эң мыкты таламдарын сактоо максатында баланы коргоо боюнча жекече планды жана үй-бүлө менен жекече иштөөнүн планын иштеп чыгат жана макулдашууга Балдарды коргоо боюнча комиссияга жана бекитүүгө жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысына киргизет;

12) баланы коргоо боюнча жекече пландын жана үй-бүлө менен жекече иштөөнүн-планынын аткарылышына көзөмөлдөөнү камсыз кылат;

13) баланы коргоо боюнча жекече планга жана үй-бүлө менен жекече иштөөнүн планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет;

14) балдарды тарбиялоого жана алардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоого байланышкан иштер боюнча сотторго катышат;

15) ведомствого караштуу аймакта турмуштук оор кырдаалда турган балдардын эсебин жүргүзөт;

16) камкорчулардын, көзөмөлчүлөрдүн жана багуучу ата-энелердин, асырап алуучулардын милдеттерин аткарууга жөндөмдүү адамдарды эсепке алууну жана тандоону жүргүзөт;

17) камкорчулардын, көзөмөлчүлөрдүн жана багуучу ата-энелердин, асырап алуучулардын милдеттерин аткарууга жөндөмдүү адамдарды окутуп үйрөтүүнү уюштурат;

18) өзгөчө учурларда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте баланы убактылуу үй-бүлөдөн тышкары жайгаштырууну жүзөгө ашырат;

19) баладан бөлөк жашаган ата-эненин баланы тарбиялоо жана аны менен карым-катнаш укуктарын, ошондой эле башка туугандарынын бала менен карым-катнашка укуктарын камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;

20) түзүлүшүнүн ар түрдүү формаларында, менчигинин формасына карабастан мекемелерде жана уюмдарда ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдарга жашоонун жана тарбиянын тиешелүү шарттарын камсыз кылууну көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;

21) ата-энелери белгисиз болгон балага фамилия жана ысым ыйгарат;

22) балдардын арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу органдар жана уюмдар менен өз ара аракеттенет;

23) компетенциясына турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо маселелери кирген өз кызматкерлеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин кесиптик даярдыктарын жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрөт;

24) жарандарга турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык жактан коргоо маселелери боюнча кеңеш берет;

25) ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

28-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо чөйрөсүндөгү функциялары

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо чөйрөсүндө төмөнкү функцияларды аткарат:

турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт;

турмуштук оор кырдаалда турган балдарды табууга көмөктөшөт;

Балдар иштери боюнча комиссиянын ишин камсыз кылат;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, 5 жылда бирден кем эмес турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн райондун социалдык кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөрүнө берүүнү жүзөгө ашырат;

зарыл социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүнү жана каржылоону камсыз кылат;

Балдар иштери боюнча комиссиянын протоколунун негизинде турмуштук оор кырдаалда турган баланы коргоо боюнча жекече планды бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат жана анын аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;

Балдар иштери боюнча комиссиянын протоколунун негизинде турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлө менен жекече иштөөнүн планын бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат жана анын аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;

ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка функцияларды жүзөгө ашырат.

29-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо чөйрөсүндөгү функциялары

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо чөйрөсүндө төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:

тиешелүү аймакта турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо чөйрөсүндө кызматтарды көрсөткөн ыйгарым укуктуу органдардын аймактык бөлүмдөрү жана башка уюмдар менен тыгыз өз ара аракетте иштешет;

тиешелүү аймакта жашаган турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн социалдык кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөргө баа берүүнү өткөрөт жана баа берүүнү натыйжаларын жергиликтүү кеңешке берет;

балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү менен бирдикте турмуштук оор кырдаалда турган балдарды табууну, аларды алгачкы эсепке алууну жүзөгө ашырат;

тиешелүү аймакта балдардын, ошондой эле алардын асырап алуучуларынын, камкорчуларынын, көзөмөлчүлөрүнүн жана багуучу ата-энелеринин жашоо шарттарына мониторингди жүзөгө ашырууда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө көмөк көрсөтөт, баланы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жоопкерчилигине өткөрүп бергенге чейин турмуштук оор кырдаалда турган баланы убактылуу жайгаштырууну камсыз кылат;

ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка функцияларды жүзөгө ашырат.

30-берене. Балдар иштери боюнча комиссия

1. Балдар иштери боюнча комиссия төмөнкүлөрдө түзүлөт:

1) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдында;

2) шаарлардын мэрияларынын алдында (райондук маанидеги шаарларда тиешелүү ар бир райондо балдар иштери боюнча комиссиялар түзүлүшү мүмкүн).

2. Балдар иштери боюнча комиссия туруктуу аракеттенүүчү жумушчу орган болуп саналбайт жана өз ишин мезгилдүү негизде жүзөгө ашырат. Балдар иштери боюнча комиссия тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан түзүлгөн, туруктуу негизде иштөөчү катчылык тарабынан уюштурулат. Балдар иштери боюнча комиссиянын курамы ал алдында түзүлгөн тиешелүү орган тарабынан бекитилет. Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

3. Балдар иштери боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

1) ички иштер органынын өкүлү;

2) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;

3) саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;

4) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлү;

5) миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;

6) райондук мамлекеттик администрациянын же мэриянын өкүлү;

7) жарандык коомдун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).

4. Балдар иштери боюнча комиссия төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн сунуштамасы боюнча баланы коргоо боюнча жекече пландын долбоорун жана турмуштук оор кырдаалда турган баланын мындан аркы тагдырын аныктоого тиешелүү маселелерди жана турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлө менен иштөөнүн жеке планынын долбоорун кароону;

2) баланы коргоо боюнча жекече пландын жана турмуштук оор кырдаал турган үй-бүлө менен иштөөнүн жекече планынын аткарылышынын мониторингин;

3) турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлө менен иштөөнүн жекече планынын аткарылышын көзөмөлдөөнү;

4) баланы убактылуу жайгаштыруу боюнча чараларды кабыл алууну;

5) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды.

5. Балдар иштери боюнча комиссиянын чечимине сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

31-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия жумушчу орган болуп саналат жана өз ишин мезгилдүү негизде жүзөгө ашырат. Комиссиянын иши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органы тарабынан камсыз кылынат. Социалдык маселелер боюнча комиссиянын жобосу жана курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилет. Социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын муктаждык деңгээлин алгачкы аныктоону;

2) турмуштук оор кырдаалда турган баланы алгачкы жайгаштыруу боюнча чараларды кабыл алууга көмөк көрсөтүүнү;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды.

5-глава
 Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо боюнча чаралар

32-берене. Балдарда турмуштук оор кырдаалдарга жол бербөө боюнча алдын алуу иштеринин негиздери

1. Балдарда турмуштук оор кырдаалдарга жол бербөө боюнча алдын алуу иштери балдарды тарбиялоодо үй-бүлөгө зарыл жардамдарды жана колдоолорду көрсөтүүгө багытталган балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча чаралардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тутумун; балдардын жыргалчылыгын камсыз кылууну; баланын үй-бүлөдөн ажыроосун болтурбоону; ата-энелик көндүмдөрдү чыңдоону; коомдун балага жана үй-бүлөгө кайрымдуу мамилесин жакшыртууну; баланы коргоо боюнча жоопкерчиликти күчөтүүнү камтыйт.

2. Турмуштук оор кырдаалдарга жол бербөө боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен биргеликте турмуштук оор кырдаалдарга жол бербөө боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүү максатында, үй-бүлөнүн балдар менен ойдогудай эместигин жана баланын турмуштук оор кырдаалын (тобокелдик тобунун үй-бүлөсү) эрте табуу максатында үй-бүлөлөрдүн балдар менен бейкамдыгынын мониторингин жүргүзүүгө милдеттүү.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын көйгөйлөрү менен алектенген тиешелүү бөлүмдөрдү түзүү жолу менен үй-бүлөлөр менен алдын алуу жана жеке иштерди жүзөгө ашырат.

33-берене. Турмуштук оор кырдаалда турган баланы коргоонун этаптары

1. Турмуштук оор кырдаалда турган баланы коргоо төмөнкүдөй этаптарды камтуусу тийиш:

турмуштук оор кырдаалда турган баланы табуу;

үй-бүлөнүн кырдаалына ар тараптан баа берүү (үй-бүлө менен жеке иштөө планы);

баланы коргоо боюнча иш-чараларды пландаштыруу (баланы коргоо боюнча жеке план);

турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү коргоо боюнча иш-чаралар жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;

кабыл алынган чечимдерди жана пландаштырылган иш-чараларды ишке ашыруу (баланы коргоо боюнча жеке план);

баланын андан аркы тагдырынын мониторинги.

34-берене. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды табуу

1. Турмуштук оор кырдаалда турган балдар табылганда, адамдар 2 күндүк мөөнөттүн ичинде бул жөнүндө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнө маалымдоого милдеттүү.

2. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды табууну уюштуруунун, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен өз ара аракеттеринин тартиби мыйзамдарда белгиленген тартипте аныкталат.

35-берене. Кырдаалга баа берүү жана үй-бүлө менен жекече иштөө планы

1. Тобокел тобунун үй-бүлөсү табылганда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен биргеликте, он календардык күндүн ичинде табылган үй-бүлөдөгү абалды үйрөнүүнү жана баа берүүнү жүзөгө ашырат, ар бир баланын керектөөлөрүн эске алуу менен, ушул үй-бүлө менен макулдашуу боюнча үй-бүлө менен жекече иштөөнүн планын иштеп чыгат.

2. Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлө менен жекече иштөөнүн планын түзүүдө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тиешелүү адистердин жардамы менен үй-бүлөнүн турмуштук кырдаалына баа берет жана зарыл болгон кайра түзүүлөр үчүн тышкы жана ички ресурстарды, ошондой эле түзүлгөн кырдаалды оң жагына өзгөртүү үчүн аларды натыйжалуу пайдалануунун мүмкүнчүлүктөрүн издөөнү жүзөгө ашырат.

3. Үй-бүлө менен жекече иштөө планы баланы колдоого жана ойдогудай өнүгүшүнө багытталган, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөгө социалдык, укуктук, психологиялык-педагогикалык, медициналык жардамдарды көрсөтүү боюнча, ошондой эле баланы тарбиялоого жана кароого жоопкерчиликтүү ата-энелердин, камкорчулардын жана башка адамдардын тарбиячылык көндүмдөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого багытталган иш-чаралардын тизмегин камтыйт, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдар тарабынан анын аткарылышынын мөөнөттөрүн камтыйт.

4. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү үй-бүлө менен жекече иштөөнүн планында белгиленген мөөнөттөргө ылайык турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөдөгү өзгөрүүлөрдүн өнүгүүсүнө көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга милдеттүү.

36-берене. Баланы коргоо боюнча жеке план

1. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү турмуштук оор кырдаалда турган бала табылган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде баланы коргоо боюнча жекече план түзөт.

2. Айыл жеринде айыл өкмөтүнүн адистери менен же болбосо шаарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте кырдаалды ар тараптуу баалоону жүргүзүп жаткан балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери баланы коргоо боюнча жеке планды иштеп чыгат жана милдеттүү тартипте төмөнкү маселелерди чечет:

1) ушул бала аны коргоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө муктаж же муктаж эместигин;

2) баланын реабилитациялык программаларга муктаж же муктаж эместигин;

3) баланы үй-бүлөдө калтырууга мүмкүнбү же аны үй-бүлөдөн тышкары жайгаштыруу талап кылынабы;

4) балага камкорчу, асырап алуучу дайындоо же аны багуучу үй-бүлөгө жайгаштыруу талап кылынабы.

3. Баланы коргоо боюнча жекече планды түзүү төмөнкү принциптерди эсепке алуу менен жүзөгө ашырылат:

1) баланын курагына жана жетилгендигине жараша анын пикирин эске алуу;

2) баланы үй-бүлөдөн тышкары жайгаштыруу аны коргоонун акыркы чарасы катары жүзөгө ашырылат;

3) мындай бөлүү алардын эң мыкты таламдарына ылайык келген учурларды кошпогондо, ага-инилерди, эже-сиңдилерди бөлүүгө жол берилбейт;

4) баланын улуттук, диний, маданий же тилдик таандыгын эсепке алуу;

5) баланын курагына жана жетилгендигине жараша ага карата бардык маалыматтарды жана кабыл алынган чечимдерди балага жетимдүү формада түшүндүрүү;

6) чечимдерди кыска мөөнөттөрдө жана баланын жыргалчылыгына жана таламдарына залал келтирбестен кабыл алуу.

4. Баланы жатак мекемеге жиберүү, акыркы чара катары жана баланы үй-бүлөлүк чөйрө менен камсыз кылуу боюнча бардык башка чаралар түгөнгөнүнүн далили болгон өзгөчө учурларда гана пайдаланылат.

5. Баланы коргоо боюнча жекече план төмөнкүлөрдү камтышы керек:

1) турмуштук кырдаалды баалоону жана талдоону;

2) баланы коргоо боюнча иш-чараларды;

3) баланы коргоо боюнча иш-чаралардын анын өнүгүшүнө жана узак мөөнөтү келечекте анын укуктарын ишке ашырууга таасир этүүсүнүн божомолун;

4) иш-чараларды аткарууга жоопкерчиликтүү дайындуу органдар жөнүндө маалыматтарды;

5) планды аткаруунун, көзөмөлдөөнүн мөөнөттөрүн.

6. Баланы коргоо боюнча жекече план Балдардын иштери боюнча комиссиянын кароосуна киргизилет, ал аны 10 календардык күндүн ичинде карайт.

7. Баланын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч болгон чукул учурларда (дене-бойлук, психологиялык, сексуалдык зомбулукту колдонуу, ырайымсыз мамиле кылуу же эксплуатациялоо) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү ички иштер органдары менен биргеликте, баланы коргоо боюнча, аны үй-бүлөдөн тышкары жайгаштырууга чейинки кечиктирилгис чараларды көрөт. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү бир сутканын ичинде шашылыш тартипте кабыл алынган чаралар жөнүндө сотко жазуу жүзүндө маалымдайт. Мындай учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен баланы коргоо боюнча жекече пландын долбоорун иштеп чыгат жана аны Балдардын иштери боюнча комиссияга жиберет.

Баланы үй-бүлөдөн алып койгондо, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ылайык баланы алып коюу боюнча аракеттерге сот тартибинде даттануунун мүмкүндүгү жөнүндө ата-энелерди же аларды алмаштыруучу адамдарды жазуу жүзүндө маалымдоого милдеттүү.

8. Баланы үй-бүлөдөн тышкары жайгаштыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

37-берене. Балдарды жатак мекемелерге жайлаштыруу

1. Алардын ата-энелик укуктарынан ажыратылганына же ата-энелик укуктарынын чектелгенине, ата-энелери дайынсыз жоголгон, аракетке жөндөмсүз (аракетке чектелүү жөндөмдүү) деп таанылганына, алар эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөп жатканына байланыштуу, ата-энелери жок жетим-балдарды менчигинин түрүнө карабастан жатак мекемелерине жиберүү балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын корутундусуна негизделген соттун чечими боюнча жүргүзүлөт жана баланы үй-бүлөгө жайгаштыруунун мүмкүнчүлүгү түгөнгөн учурда акыркы чара катары колдонулат.

Баланы сүйлөөсү, көрүүсү жана угуусу бузулган балдар үчүн жатак-мектеп, психоневрологиялык жатак-үйлөргө жайгаштыруу психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссиянын корутундусу боюнча ушул жатак мекемелер ведомстволук баш ийүүсүндө турган тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.

Баланы жаза чарасы катары жабык типтеги адистештирилген жатак-мектепке жайгаштыруу сот тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык жүргүзүлөт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн категориядагы балдарды менчигинин формасына карабастан убактылуу жатак мекемелерге 6 айга чейинки мөөнөттө жайгаштыруу психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссиянын жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын корутундулары боюнча ушул жатак мекемелер ведомстволук баш ийүүсүндө турган тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлөт.

3. Баланын жатак мекемеде туруусунун негиздүүлүгүн кайра кароо аймагында баланын үй-бүлөсү жашаган балдарды коргоо боюнча аймактык ыйгарым укуктуу органдын, ушул жатак мекемелер ведомстволук баш ийүүсүндө турган тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундуларынын негизинде, мыйзамдуу өкүлдөрдүн, ошондой эле балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо боюнча уюмдардын арызы боюнча сот тарабынан жүзөгө ашырылат.

6-глава
 Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөтүүчү субъекттерди аккредитациялоо

38-берене. Аккредитациялоонун негизги максаттары, принциптери жана милдеттери

1. Кызматтарды көрсөтүүнүн сапатына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды камсыз кылуу максатында төмөнкү иштерди жүзөгө ашыруучу уюмдар аккредитациялоого жатат:

1) чет өлкөлүк жарандар тарабынан балдарды - Кыргыз Республикасынын жарандарын асырап алуу боюнча;

2) менчигинин формасына карабастан, жатак тибиндеги балдар мекемелериндеги балдарды багуу боюнча.

Өз иштерин мамлекеттик социалдык тапшырык каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырууну каалаган уюмдар аккредитациялоого жатат.

2. Аккредитациялоонун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) турмуштук оор кырдаалда турган балдарга сапаттуу кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылуу;

2) турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу;

3) аккредитацияланган субъекттердин иштеринин квалификациясынын деңгээлин аныктоо;

4) турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүү.

3. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөтүүчү субъекттерди аккредитациялоо төмөнкү принциптерге негизденет:

1) аккредитациялоонун жол-жоболору, критерийлери жөнүндө маалыматтардын жетимдүүлүгү;

2) аккредитациялоону өткөрүүнүн айкындыгы;

3) аккредитациялоону өткөрүүдө басмырлоого жол бербөө;

4) аккредитациялоо тутумунун биримдиги жана бүтүндүгү.

39-берене. Аккредитациялоону өткөрүү

1. Ушул Кодекстин 38-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган субъекттерди аккредитациялоону саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, эмгек, жумуштуулук, миграция жана башка жааттагы тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырат.

2. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөтүүчү, ушул Кодекстин 38-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган бардык субъекттер, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер аккредитациялоого жатат.

3. Аккредитациялоо, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган субъекттер тарабынан кызмат көрсөтүүлөр башталганга чейин өткөрүлгөн адепкиге жана 3 жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлүүчү кайталамага бөлүнөт. Аккредитациялоо жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

4. Аккредитациядан өтпөгөн уюмдар өзүнүн ишин жүзөгө ашырууга киришүүгө укуксуз жана аны токтотуп турууга милдеттүү.

5. Мамлекеттик же муниципалдык мекеменин кайрадан аккредитациялоодон өтпөгөнү ушул мекеменин жетекчисинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартуусуна алып келет.

6. Аккредитациялоодон өтпөстөн өз ишин жүзөгө ашырган турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөтүүчү субъекттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.

III БӨЛҮМ
 АТА-ЭНЕЛЕРИНИН КӨЗӨМӨЛЧҮЛҮГҮСҮЗ КАЛГАН БАЛДАРДЫ КОРГООНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

7-глава
 Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарды табуу жана жайлаштыруу

40-берене. Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо

Ата-энелери каза болгон, алар ата-энелик укуктарынан ажыратылган, алардын ата-энелик укуктары чектелген, ата-энелер аракетке жөндөмсүз деп таанылган, ата-энелери ооруган жана мертинген, ата-энелери узакка жок болгон, ата-энелери балдарды тарбиялоодон же алардын укуктарын жана таламдарын коргоодон баш тарткан учурда, анын ичинде ата-энелери балдарын тарбиялоочу, дарылоочу мекемелерден, калкты социалдык коргоо жана ушуга окшогон башка мекемелерден алуудан баш тарткан, баланын ата-энелери белгисиз болгон, ошондой эле ата-энелик көзөмөлчүлүк жок болгон башка учурларда, баланын укуктарын жана таламдарын коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жана балдардын таламдарында аракеттенген Балдар иштери боюнча комиссияга жүктөлөт.

41-берене. Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарды табуу жана эсепке алуу

1. Ушул Кодекстин 40-беренесинде көрсөтүлгөн балдар жөнүндө маалыматтардан кабардар мекемелердин (билим берүү мекемелеринин, дарылоо мекемелеринин, социалдык коргоо мекемелеринин, убактылуу болуучу мекемелердин) кызмат адамдары жана башка жарандар бул тууралуу иш жүзүндө турган жайы боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө милдеттүү.

2. Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар турган тарбиялоо мекемелеринин, дарылоо мекемелеринин, калкты социалдык коргоо мекемелеринин жана ушуга окшогон мекемелердин жетекчилери бала үй-бүлөгө тарбиялоого берилиши мүмкүн экени аларга белгилүү болгон күндөн тартып бул тууралуу 7 күндүк мөөнөттүн ичинде ушул мекеменин турган жери боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө милдеттүү.

3. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган маалыматтар алынган же баланы коргоо зарылчылыгынын фактысы табылган учурдан тартып 10 календардык күн ичинде баланын укуктарын ишке ашырууга ар тараптуу баа берүүнү, анын үй-бүлөсүнө баа берүүнү жүргүзөт жана ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык, баланы коргоо боюнча, анын ичинде балдарды жайлаштыруунун формасы кирген жекече план түзөт.

4. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган милдеттерди аткарбаганы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.

42-берене. Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана жүргүзүү

1. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтардын банкын түзүү жолу менен ата-энелердин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдардын эсебин жүргүзөт.

Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик банкын жүргүзөт, ошондой эле баланы кийин Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлөсүнө тарбиялоого же болбосо ал туугандарынын жарандыгына жана жашаган жерине карабастан, балдардын туугандары тарабынан асырап алынышына көмөк көрсөтөт.

Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар жөнүндө мамлекеттик банкка киргизүү үчүн ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдар жана балдарды өз үй-бүлөсүндө тарбиялоого алууну каалаган жарандар жөнүндө маалыматтарды документтештирет.

3. Баланы өз үй-бүлөсүндө тарбиялоого алууну каалаган жаран өзү аны асырап алуучулукка талапкер катары эсепке алуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзү жөнүндө маалыматтарды балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга берет.

4. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар жана баланы өз үй-бүлөсүндө тарбиялоого алууну каалаган жарандар жөнүндө купуя маалыматтарды сотко, прокуратура органдарына, тергөө же иликтөө органдарына же болбосо Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте бере алат.

43-берене. Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарды жайлаштыруу

1. Ата-энелеринин көзөмөлүгүсүз калган балдар үй-бүлөгө тарбиялоого (асырап алууга), камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) же багуучу үй-бүлөгө), ал эми мындай мүмкүнчүлүктөр жок болгондо - жетим балдардын же ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар үчүн бардык типтеги (тарбиялоо мекемелери, калкты социалдык жактан коргоо мекемелери, дарылоо мекемелери жана ушуга окшогон башка мекемелер) мекемелерге өткөрүп берилүүгө жатат.

Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарды жайлаштыруунун башка формалары мыйзамдарда каралышы мүмкүн.

Баланы жайлаштырууда анын этностук теги, белгилүү динге жана маданиятка таандыгы, эне тили, тарбиялоодо жана билим берүүдө улануучулукту камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү эске алынуусу тийиш.

2. Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарды ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн үй-бүлөгө же мекемелерге жайлаштырууга чейин балдардын камкорчусунун (көзөмөлчүсүнүн) милдеттерин аткаруу убактылуу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.

3. Балдарды жайлаштырууда бул алардын таламдарына жооп берген учурларды кошпогондо, ага-инилерди, эже-сиңдилерди бөлүүгө жол берилбейт.

4. 10 жаш куракка толгон балдарды жайлаштыруу (асырап алууга, камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) же багуучу үй-бүлөгө) алардын макулдугу менен гана жүзөгө ашырылат.

8-глава
 Балдарды асырап алуу

44-берене. Аларга карата асырап алууга жол берилүүчү балдар

1. Асырап алуу - бул өз үй-бүлөсүндө ата-энесинин камкордугунан ажырап калган баланын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо чарасы.

2. Асырап алууга үй-бүлөсүндө ата-энелик камкордуктан ажырап калган балдардын таламдарында, ошондой эле балдардын эң мыкты таламдарында, балдардын укуктарын коргоонун туура ыкмасы катарында гана жол берилет.

3. Эгерде Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлөлөрүнө тарбиялоого же туугандарынын жарандыгына жана жашаган жерине карабастан, балдарды туугандары тарабынан асырап алууга берүүгө мүмкүн болбогон учурларда гана балдардын чет элдик жарандар тарабынан асырап алынышына жол берилет.

Ушул Кодекстин 42-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик банкына ушундай балдар жөнүндө маалымат түшкөн күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин, балдар Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, балдардын туугандары болуп саналбаган чет элдик жарандарга асыроого берилиши мүмкүн.

45-берене. Баланы асырап алуунун тартиби

1. Баланы асырап алууну каалаганы жөнүндө арыз асырап алуучунун жашаган жери же асырап алынуучунун турган жери боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга берилет.

Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган баланы асырап алууну каалаган адамдын турмуш-тиричилик шарттарын изилдөөгө, асырап алуу үчүн тоскоолдуктар жок экенин, асырап алуу баланын таламдарына жооп берээрин текшерүүгө, баланын асырап алуучуга мамилесин аныктоого, асырап алуучуга зарыл документтерди чогултууга көмөк көрсөтүүгө материалдарды өзүнүн корутундусу менен соттун кароосуна берүүгө милдеттүү.

2. Баланы асырап алуу жөнүндө материалдар тиешелүү чечим чыгаруу менен үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен сот тарабынан жарандык сот өндүрүшү тартибинде каралышы керек.

Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет элдик жарандарга балдарды асырап алууга берүүнүн тартиби, ошондой эле асырап алуучулардын үй-бүлөлөрүндөгү балдардын жашоосунун жана тарбиялануусунун шарттарын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Асырап алуучунун жана асырап алынган баланын ушул Кодекстин 58-беренесинде каралган укуктары жана милдеттери баланы асырап алуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин келип чыгат.

Баланы асырап алуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып 3 күндөн кечиктирбестен сот ушул чечимдин көчүрмөсүн баланын төрөлгөнү мамлекеттик каттоодон өткөн жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына жиберет.

Баланы асырап алуу жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого жатат.

46-берене. Асырап алынууга жаткан балдардын жана балдарды асырап алууну каалаган адамдардын эсебин алуу

1. Асырап алынууга жаткан балдардын эсебин алуу ушул Кодекстин 42-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Балдарды асырап алууну каалаган адамдарды эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

47-берене. Балдарды асырап алуу боюнча коммерциялык максаттагы ортомчулук иштердин жол берилбестиги

1. Балдарды асырап алуу боюнча коммерциялык максаттагы ортомчулук иштерге, башкача айтканда, балдарды асырап алууну каалаган адамдардын атынан жана кызыкчылыктарынан балдарды асырап алууга тандоо жана берүү максаттарындагы башка адамдардын кандай болбосун иштерине жол берилбейт.

2. Балдарды коргоо боюнча адистешкен органдардын жана ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарды табуу жана жайлаштыруу боюнча аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын иштери, ошондой эле эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылып жаткан чет мамлекеттер тарабынан атайын ыйгарым укук берилген органдардын же балдарды асырап алуу боюнча уюмдардын иштери балдарды асырап алуу боюнча коммерциялык максаттагы ортомчулук иш болуп саналбайт. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн органдар жана уюмдар өз иштеринде коммерциялык максаттарды көздөй алышпайт.

Кыргыз Республикасынын аймагында балдарды асырап алуу боюнча чет мамлекеттердин органдарынын жана уюмдарынын ишинин тартиби жана анын жүзөгө ашырылышын көзөмөлдөөнүн тартиби тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

3. Баланы асырап алууну каалаган адамдардын асырап алуу процессине милдеттүү жеке катышуусу алардын ошол эле убакта укуктары жана милдеттери жарандык жана жарандык процесстик мыйзамдарда белгиленген өз өкүлүнө ээ болуу, ошондой эле зарыл учурларда котормочунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу укугунан ажыратпайт.

4. Балдарды асырап алуу боюнча коммерциялык максаттагы ортомчулук ишти жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилик мыйзамдарда белгиленет.

5. Асырап алууну ишеним кат боюнча жол-жоболоштуруу жол-жобосуна жол берилбейт.

48-берене. Асырап алуучу болуу укугуна ээ адамдар

1. Төмөнкүлөрдү кошпогондо, эки жыныстагы тең, жашы жеткен адамдар асырап алуучулар боло алышат:

1) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылган адамдар;

2) сот тарабынан бири аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылган жубайлар;

3) сот тарабынан ата-энелик укуктарынан ажыратылган же сот тарабынан ата-энелик укуктары чектелген адамдар;

4) мыйзамда ага жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбаганы үчүн камкорчунун (көзөмөлчүнүн) милдеттеринен четтетилген адамдар;

5) эгерде сот тарабынан алардын күнөөсү боюнча асырап алуу жокко чыгарылса, мурдагы асырап алуучулар;

6) ден соолугунун абалы боюнча ата-энелик укуктарын жүзөгө ашыра албаган адамдар. Адам алар болгондо баланы асырап алууга, аны камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) алууга, багууга үй-бүлөгө алууга ала албаган оорулардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет;

7) асырап алуу учурунда асырап алынуучу баланы Кыргыз Республикасында белгиленген жашоо минимуму менен камсыз кылуучу кирешеси болбогон адамдар;

8) туруктуу жашаган жери, ошондой эле белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга жооп берген турак жайы жок адамдар;

9) асырап алуу учурунда жарандардын өмүрүнө же ден соолугуна каршы атайылап кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар адамдар;

10) оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаганы үчүн алып салынбаган жана жоюлбаган соттолгондугу бар адамдар;

11) соттуулугу жоюлганына жана алып салынганына карабастан, кылмыштуулук-өнөкөтү бар адамдар.

2. Өз ара никеде турбаган адамдар, бир эле баланы биргеликте асырап ала алышпайт.

3. Бир эле баланы асырап алууну каалаган бир нече адам болгондо, ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн талаптарын жана асырап алынуучу баланын таламдарын милдеттүү сактаган шартта, баланын туугандарына артыкчылыктуу укук берилет.

49-берене. Асырап алуучунун жаш курагы жана асырап алуучу менен асырап алынуучу баланын ортосундагы жаш курак айырмасы

1. Асырап алуучунун жаш курагы 60 жаштан ашпоого тийиш. Баланын ата-энеси каза болгон, белгисиз болгон же сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылган, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган, сот тарабынан олуттуу эмес деп таанылган себептер боюнча сот тарабынан ата-энелик укуктарынан ажыратылган, бала менен 6 айдан ашык бирге жашабаган, аны тарбиялоодон жана багуудан баш тарткан учурларда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен, баланын туугандары болуп саналган, курагы 60 жаштан ашкан адамдар, ошондой эле баланы камкорчусу жана көзөмөлчүсү болуп саналган адамдар асырап алуучулар болушу мүмкүн.

2. Никеге турбаган асырап алуучу менен асырап алынуучу баланын ортосундагы жаш курак айырмасы 16 жаштан кем болбоосу тийиш. Сот тарабынан олуттуу деп таанылган себептер боюнча жаш курак айырмасы кыскартылышы мүмкүн.

3. Баланы өгөй ата (өгөй эне) асырап алган учурларда, ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген жаш курак айырмасынын болушу талап кылынбайт.

50-берене. Ата-энелеринин баланы асырап алууга макулдугу

1. Баланы асырап алуу үчүн анын ата-энелеринин макулдугу зарыл. Курагы 16 жашка толо элек жашы жетпеген ата-энелердин баласын асырап алууда, алардын ата-энелеринин же камкорчуларынын (көзөмөлчүлөрүнүн) да макулдугу, ал эми ата-энелери же камкорчулары (көзөмөлчүлөрү) жок болгондо - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу зарыл.

Ата-энелердин баланы асырап алууга макулдугу нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган бала турган мекеменин жетекчиси тарабынан, же болбосо баланы асырап алуу өндүрүшүнүн орду боюнча же ата-энелердин жашаган жери боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн арызда көрсөтүлүшү керек.

2. Ата-энелер баланы асырап алууга өздөрү берген макулдугун аны асырап алуу жөнүндө сот чечим чыгарганга чейин кайра чакыртып алууга укуктуу.

3. Ата-энелер адамдын же болбосо дайындуу адамды көрсөтпөстөн баланы асырап алуусуна макулдук бере алышат. Ата-энелердин баланы асырап алууга макулдугу ал төрөлгөндөн кийин гана берилиши мүмкүн.

51-берене. Ата-энелердин макулдугусуз баланы асырап алуу

Баланы асырап алууга төмөнкү учурларда анын ата-энелеринин макулдугу талап кылынбайт, эгерде алар:

- белгисиз болсо же сот тарабынан дайынсыз деп таанылса;

- сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылса;

- сот тарабынан ата-энелик укуктарынан ажыратылса жана ата-энелик укуктарынан ажыратылган учурдан тартып 6 айдан ашык өтсө;

- сот тарабынан олуттуу эмес деп таанылган себептер боюнча бала менен 6 айдан ашык бирге жашабаса жана аны тарбиялоодон жана багуудан качса.

52-берене. Камкорчулардын (көзөмөлчүлөрдүн), багуучу ата-энелердин, ата-энелердин көзөмөлчүлүгүсүэ калган балдар турган мекемелердин жетекчилеринин балдарды асырап алууга макулдугу

1. Камкорчулукта (көзөмөлчүлүктө) турган балдарды асырап алуу үчүн алардын камкорчуларынын (көзөмөлчүлөрүнүн) жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл.

Багуучу үй-бүлөлөрдө турган балдарды асырап алуу үчүн багуучу ата-энелердин жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл.

Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган жана тарбиялоо мекемелеринде, калкты социалдык коргоо мекемелеринде, дарылоо мекемелеринде жана ушуга окшогон башка мекемелерде турган балдарды асырап алуу үчүн ушул мекемелердин жетекчилеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл.

2. Сот баланын таламдарында ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын макулдугусуз аны асырап алуу жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.

53-берене. Асырап алынуучу баланын асырап алууга макулдугу

1. 10 жашка чыккан баланы асырап алуу үчүн анын макулдугу зарыл.

2. Эгерде асырап алуу жөнүндө арыз бергенге чейин бала асырап алуучунун үй-бүлөсүндө жашаса жана аны өзүнүн ата-энеси деп эсептесе, асырап алуу өзгөчө жагдай ирээтинде асырап алынуучу баланын макулдугун алуусуз жүргүзүлүшү мүмкүн.

54-берене. Асырап алуучунун жубайынын баланы асырап алууга макулдугу

1. Эгерде баланы жубайлардын экөө тең асырап алып жатпаса, баланы жубайлардын бири асырап алууда, анын жубайынын асырап алууга макулдугу талап кылынат.

2. Эгерде жубайлар үй-бүлөлүк мамилелерин токтотсо, бир жылдан ашуун бирге жашашпаса жана анын жубайынын жашаган жери белгисиз болсо, баланы асырап алууга жубайынын макулдугу талап кылынбайт.

55-берене. Асырап алынган баланын ысымы, атасынын аты жана фамилиясы

1. Асырап алынган балага анын ысымы, атасынын аты жана фамилиясы сакталып калат.

2. Асырап алуучунун өтүнүчү боюнча асырап алынган балага асырап алуучунун фамилиясы, ошондой эле ал көрсөткөн ысым берилет. Эгерде асырап алуучу эркек болсо, асырап алынган баланын атасынын аты асырап алуучунун ысымы боюнча, ал эми бала аял тарабынан асырап алынганда - ал асырап алынган баланын атасы катары көрсөткөн адамдын ысымы боюнча аныкталат. Эгерде асырап алуучулардын - жубайлардын фамилиялары ар башка болсо, асырап алуучулардын - жубайлардын макулдугу боюнча асырап алынган балага алардын биринин фамилиясы берилет.

3. Баланы никеде турбаган адам асырап алганда, анын өтүнүчү боюнча асырап алынган баланын атасынын (энесинин) фамилиясы, ысымы жана атасынын аты туулгандарды жазуу китебине ошол адамдын (асырап алуучунун) көрсөтмөсү боюнча жазылат.

4. Ушул Кодекстин 53-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурду кошпогондо, 10 жашка чыккан асырап алынган баланын фамилиясын, ысымын жана атасынын атын өзгөртүү анын макулдугу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

5. Асырап алынган баланын фамилиясын, ысымын жана атасынын атын өзгөртүү тууралуу аны асырап алуу жөнүндө соттун чечиминде көрсөтүлөт.

56-берене. Асырап алынган баланын туулган күнүн жана жерин өзгөртүү

1. Асырап алуунун сырын сактоону камсыз кылуу үчүн асырап алуучунун өтүнүчү боюнча, асырап алынган баланын туулган күнү, бирок 3 айдан көп эмес, ошондой эле анын туулган жери өзгөртүлүшү мүмкүн.

Асырап алынган баланын туулган күнүн өзгөртүүгө бир жашка чейинки курактагы баланы асырап алууда гана жол берилет.

2. Асырап алынган баланын туулган күнүн жана (же) жерин өзгөртүү тууралуу аны асырап алуу жөнүндө соттун чечиминде көрсөтүлөт.

57-берене. Асырап алуучуларды асырап алынган баланын ата-энелери катары жазуу

1. Асырап алуучулардын өтүнүчү боюнча сот асырап алуучуларды асырап алынган баланын ата-энелери катары туулгандарды жазуу китебине жазуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

2. 10 жашка чыккан асырап алынган балага карата мындай жазууну жүргүзүү үчүн ушул Кодекстин 53-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурду кошпогондо, анын макулдугу зарыл.

3. Мындай жазууну жүргүзүүнүн зарылдыгы тууралуу баланы асырап алуу жөнүндө соттун чечиминде көрсөтүлөт.

58-берене. Баланы асырап алуунун укуктук кесепеттери

1. Асырап алынган балдар жана алардын тукуму асырап алуучуларга жана алардын туугандарына карата, ал эми асырап алуучулар жана алардын туугандары асырап алынган балдарга жана алардын тукумуна карата жеке мүлктүк эмес жана мүлктүк укуктарда жана милдеттерде теги боюнча туугандарга теңештирилет.

2. Асырап алынган балдар жеке мүлктүк эмес жана мүлктүк укуктарын жоготушат жана өзүнүн ата-энелерине (өзүнүн туугандарына) карата милдеттерден бошотулат.

3. Бала бир адам тарабынан асырап алынганда эгерде асырап алуучу эркек болсо - энесинин каалоосу боюнча, же эгерде асырап алуучу аял болсо - атасынын каалоосу боюнча жеке мүлктүк эмес жана мүлктүк укуктары жана милдеттери сакталышы мүмкүн.

4. Эгерде асырап алынган баланын ата-энесинин бирөө каза болсо, эгерде муну баланын таламдары талап кылса, анда каза болгон ата-эненин ата-энелеринин (баланын чоң атасынын же чоң энесинин) өтүнүчү боюнча каза болгон ата-эненин туугандарына карата жеке мүлктүк эмес жана мүлктүк укуктары жана милдеттери сакталышы мүмкүн. Каза болгон ата-эненин туугандарынын асырап алынган бала менен карым-катнашка укугу Үй-бүлө Кодексинин 72-статьясына ылайык жүзөгө ашырылат.

5. Асырап алынган баланын ата-энелеринин бири менен же каза болгон ата-энесинин туугандары менен мамилелеринин сактоосу жөнүндө баланы асырап алуу жөнүндө соттун чечиминде көрсөтүлөт.

6. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган баланы асырап алуунун укуктук кесепеттери, бул баланын төрөлгөндүгү жөнүндө актылык жазууда асырап алуучулардын ата-энелер катары жазылган-жазылбаганына карабастан келип чыгат.

59-берене. Асырап алынган баланын пенсияга жана жөлөкпулга укугунун сакталышы

Өзү асырап алынган учурга карата ата-энесинин каза болгонуна байланыштуу тиешелүү пенсияга жана жөлөкпулга укугу бар бала бул укуктарды асырап алынганда да сактап калат.

60-берене. Баланы асырап алуунун сыры

1. Баланы асырап алуунун сыры мыйзам менен корголот.

Баланы асырап алуу жөнүндө чечим чыгарган же асырап алууну мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган кызмат адамдары, ошондой эле асырап алуу жөнүндө башкача жолдор менен кабардар болгон адамдар баланы асырап алуунун сырын сактоого милдеттүү.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн, асырап алуучулардын эркине каршы баланы асырап алуунун сырын ачыкка чыгарган адамдар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.

61-берене. Баланы асырап алууну жокко чыгаруу

1. Баланы асырап алууну жокко чыгаруу сот тартибинде жүргүзүлөт.

2. Баланы асырап алууну жокко чыгаруу жөнүндө иш балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана прокурордун катышуусу менен каралат.

3. Асырап алуу баланы асырап алууну жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.

Сот баланы асырап алууну жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып 3 күндүн ичинде, соттун ушул чечиминин көчүрмөсүн асырап алуунун мамлекеттик каттоо жери боюнча жарандык абалды жазуу органына жиберүүгө милдеттүү.

62-берене. Баланы асырап алууну жокко чыгарууга негиздер

1. Эгерде асырап алуучулар аларга жүктөлгөн ата-энелердин милдеттерин аткаруудан качкан, ата-энелик укуктарын кыянаттык менен пайдаланган, асырап алган балага катаал мамиле жасаган учурларда, ошондой эле аларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмекке ылайык оорулар табылган учурда, баланы асырап алуу жокко чыгарылышы мүмкүн. Баланы асырап алууну жокко чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

2. Сот баланын таламдарынан жана баланын ой-пикирин эске алуу менен, башка негиздер боюнча да баланы асырап алууну жокко чыгарууга укуктуу.

63-берене. Баланы асырап алууну жокко чыгарууну талап кылуу укугуна ээ адамдар

Баланы асырап алууну жокко чыгарууну талап кылуу укугуна анын ата-энелери, баланы асырап алуучулар, 14 жашка чыккан асырап алынган бала, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле прокурор ээ.

64-берене. Баланы асырап алууну жокко чыгаруунун кесепеттери

1. Баланы асырап алуу сот тарабынан жокко чыгарылганда, асырап алынган баланын жана баланы асырап алуучулардын (асырап алуучулардын туугандарынын) өз ара укуктары жана милдеттери токтотулат жана эгерде муну баланын таламдары талап кылса, баланын жана анын ата-энелеринин (анын туугандарынын) өз ара укуктары жана милдеттери калыбына келтирилет.

2. Асырап алуу жокко чыгарылганда бала соттун чечими боюнча ата-энесине берилет. Ата-энелери жок болгондо, ошондой эле баланы ата-энесине берүү анын таламдарына карама-каршы келсе, бала балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын көзөмөлчүлүгүнө берилет.

3. Сот ошондой эле анын асырап алынуусуна байланыштуу ага берилген ысым, атасынын аты жана фамилиясы балада сакталып кала турганы боюнча маселени да чечет.

10 жашка чыккан баланын ысымын, атасынын атын жана фамилиясын өзгөртүү анын макулдугу менен гана болушу мүмкүн.

4. Сот баланын таламдарынан улам мурдагы асырап алуучуларды Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 86 жана 88-статьяларында белгиленген өлчөмдөгү баланы багууга каражаттарды төлөөгө милдеттендирүүгө укуктуу.

65-берене. Асырап алынган баланын жашы жеткендиги боюнча асырап алууну жокко чыгаруунун жол берилбестиги

Мындай жокко чыгарууга асырап алуучулардын жана асырап алынган баланын өз ара макулдашуусу болгон, ошондой эле эгерде алар түрүү болсо, асырап алынган баланын ата-энелери ата-энелик укуктарынан ажыратылбаган же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган учурларды кошпогондо, эгерде асырап алууну жокко чыгаруу жөнүндө талаптар коюлган учурда асырап алынган бала эрезеге жетсе, баланы асырап алууну жокко чыгарууга жол берилбейт.

66-берене. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк жарандардын балага - Кыргыз Республикасынын жаранына карата асырап алууну белгилөөсү

1. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган баланы чет элдик жарандардын асырап алуусу жарандык иштер тартибинде асырап алуучулардын экөөнүн же бирөөнүн, ошондой эле прокурордун катышуусу менен Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган баланы чет элдик жарандар асырап алууда эл аралык келишимдердин жоболорун эске алуу менен, ушул Кодекстин 44-46-беренелеринин, 48-беренесинин (1-бөлүгүнүн 7-пунктун кошпогондо), 49 жана 50-беренелеринин, 51-беренесинин (бешинчи абзацын кошпогондо), 52-54-беренелеринин талаптары да сакталууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары менен никеде турган чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган балдарды асырап алуусу, эгерде эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ушул Кодексте Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөлүк жаран болуп саналган баланы асырап алууда баланын мыйзамдуу өкүлүнүн жана бала жараны болуп саналган мамлекеттин компетенттүү органынын, ошондой эле эгерде бул көрсөтүлгөн мамлекеттин мыйзамдарына ылайык талап кылынса, баланын асырап алууга макулдугун алуу зарыл.

2. Эгерде асырап алуунун натыйжасында баланын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык келишимдерде белгиленген укуктары бузулушу мүмкүн болгон учурда, асырап алуучунун жарандыгына карабастан асырап алуу жүргүзүлүшү мүмкүн эмес, ал эми жүргүзүлгөн асырап алуу сот тартибинде жокко чыгарылууга жатат.

3. Эгерде эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкарыда чет өлкөлүк жарандар асырап алган балдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, көрсөтүлгөн балдар жашы жеткенге чейин эсепте туруучу Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелери тарабынан, эл аралык укуктун нормаларында жол берилген чектерде жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган жана чет элдик жарандар асырап алган балдарды Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелери тарабынан эсепке коюунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Асырап алуучу жараны болуп саналган чет өлкөлүк мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган баланы асырап алуу Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары чыкканга чейин бала же анын ата-энеси (алардын бири) анын аймагында жашаган балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдан асырап алууга алдын ала уруксат алынган шарттарда Кыргыз Республикасында жарактуу деп таанылат.

5. Асырап алууну белгилөө асырап алуучуга талапкердин арызы боюнча асырап алынуучу баланын жашаган (турган) жери боюнча райондук сот тарабынан жүргүзүлөт.

6. Асырап алуучуга талапкерлер бала менен таанышууга жеке өздөрү катышууга, ошондой эле баланы асырап алуу боюнча соттун жыйналышына түздөн-түз катышууга милдеттүү.

Асырап алуучуга талапкерлер (эгерде бул толук үй-бүлө болсо, анда эки жубай тең) бала менен таанышууда аны менен 10 календардык күндөн кем эмес убакытты чогуу өткөрүшөт.

Асырап алуу боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Граждандык процесстик кодексинде белгиленген жалпы процесстик мөөнөттөрдүн алкагында каралат.

7. Асырап алуу жөнүндө арыз канааттандырылганда, асырап алуучулардын (асырап алуучунун) жана асырап алынган баланын укуктары жана милдеттери баланы асырап алуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып белгиленет.

Баланы асырап алуу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү, соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып 3 күндүн ичинде сот тарабынан баланы асырап алууну мамлекеттик каттоо үчүн, соттун чечими кабыл алынган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органына жиберилет.

8. Аймактарында асырап алынган балдар жашап турган, асырап алынган балдардын жашоо шарттарын жана тарбиялануусун көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алган мамлекеттердин компетенттүү органдары же болбосо Кыргыз Республикасында аккредиттацияланган, асырап алуу боюнча тиешелүү чет өлкөлүк уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органына асырап алуучулардын үй-бүлөлөрүндөгү балдардын жашоо жана тарбиялануу шарттары жөнүндө отчеттор берилет.

9-глава
 Балдарга камкорчулук жана көзөмөлчүлүк

67-берене. Камкорчулук же көзөмөлчүлүк белгиленүүчү балдар

1. Аларды багуу, тарбиялоо жана билим берүү, ошондой эле алардын укуктарын жана таламдарын коргоо максаттарында ата-энелеринин камкорчулугусуз калган (ушул Кодекстин 40-беренеси) балдардын үстүнөн камкорчулук жана көзөмөлчүлүк белгиленет.

2. Камкорчулук 14 жашка чыга элек балдардын үстүнөн белгиленет.

3. Көзөмөлчүлүк 14төн 18 жашка чейинки курактагы балдардын үстүнөн белгиленет.

4. Камкорчунун милдеттерин жүзөгө ашырган адам камкорчулукка алынган 14 жашка чыкканда өзгөчө дайындоосуз жашы жетпегендин көзөмөлчүсү болуп калат жана ага көзөмөлчүнүн бардык укуктары жана милдеттери өтөт.

5. Балдардын үстүнөн камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү белгилөө жана токтотуу ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси менен аныкталат.

68-берене. Балдардын камкорчулары (көзөмөлчүлөрү)

1. Жашы жеткен, аракетке жөндөмдүү адамдар гана балдардын камкорчусу (көзөмөлчүсү) болуп дайындалышы мүмкүн. Камкорчу менен баланын ортосундагы курак айырмасы 16 жаштан кем болушу мүмкүн эмес.

2. Балага камкорчуну (көзөмөлчүнү) дайындоодо камкорчунун (көзөмөлчүнүн) адеп-ахлактык жана башка жеке сапаттары, анын камкорчунун (көзөмөлчүнүн) милдетин аткарууга жөндөмдүүлүгү, камкорчулар (көзөмөлчүлөр) менен баланын ортосундагы мамилелер, балага карата камкорчулардын (көзөмөлчүлөрдүн) үй-бүлө мүчөлөрүнүн, ошондой эле, эгерде бул мүмкүн болсо, баланын өзүнүн каалоосу эске алынат.

3. "Оюн азгырыгы" менен жабыркаган же кумар оюндарына көз каранды адамдар, камкорчулардын (көзөмөлчүлөрдүн) милдеттерин аткаруудан четтетилген адамдар, ата-энелик укуктары чектелген, ата-энелик укуктарынан ажыратылган адамдар, эгерде асырап алуу алардын күнөөсү боюнча жокко чыгарылса, мурдагы асырап алуучулар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген оорулардын тизмегине ылайык ден соолугунун абалы боюнча баланы тарбиялоо боюнча милдеттерин жүзөгө ашыра албаган адамдар камкорчу (көзөмөлчү) болуп дайындалбайт.

Балага камкорчулукту же көзөмөлчүлүктү ал эрезеге жеткенге чейин белгиленген тартипте жүзөгө ашырып келген багуучу үй-бүлө камкорчулар (көзөмөлчүлөр) катары тандалып алынышы мүмкүн.

69-берене. Тарбиялоо мекемелеринде, дарылоо мекемелеринде жана калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринде турган балдарга камкорчулук (көзөмөлчүлүк)

1. Тарбиялоо мекемелеринде, дарылоо мекемелеринде, калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринде жана башка ушуга окшогон мекемелерде турган балдарга менчигинин түрүнө карабастан камкорчулар (көзөмөлчүлөр) дайындалбайт. Алардын милдеттерин аткаруу ушул мекемелердин жетекчилерине жүктөлөт.

Камкорчу (көзөмөлчү) тарабынан баланы ушундай мекемеге убактылуу жайгаштыруу камкорчунун (көзөмөлчүнүн) ал балага карата укуктарын жана милдеттерин токтотпойт.

2. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мекемелерде турган балдарды багуунун, тарбиялоонун жана билим берүүнүн шарттарына көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнүн укуктарын коргоо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.

70-берене. Камкорчулукта (көзөмөлчүлүктө) турган балдардын укугу

1. Камкорчулукта (көзөмөлчүлүктө) турган балдар төмөнкү укуктарга ээ:

1) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 71-статьясында каралган учурларды кошпогондо, камкорчунун (көзөмөлчүнүн) үй-бүлөсүндө тарбияланууга, камкорчу тарабынан камкордукка алынууга, аны менен чогуу жашоого;

2) аларга багуу, тарбиялоо, билим берүү, ар тараптуу өнүгүү үчүн шарттарды камсыз кылууга жана алардын адамдык ар-намысын сыйлоого;

3) аларга тиешелүү алименттерге, пенсияларга, жөлөкпулдарга жана башка социалдык төлөмдөргө;

4) турак-жайга менчик укугун же турак-жайдын пайдалануу укугун сактоого, ал эми турак-жайы болбогондо турак-жай мыйзамдарына ылайык турак-жай алууга укуктуу;

5) Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 61-статьясына ылайык камкорчу (көзөмөлчү) тарабынан кыянат пайдаланууларынан коргоого.

2. Камкорчулукта (көзөмөлчүлүктө) турган балдар Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 60 жана 62-статьяларында каралган укуктарга да ээ.

71-берене. Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган жана тарбиялоо мекемелеринде, дарылоо мекемелеринде жана калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринде турган балдардын укуктары

1. Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган жана тарбиялоо мекемелеринде, дарылоо мекемелеринде, калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринде жана ушуга окшош мекемелерде турган балдар менчигинин формасына карабастан төмөнкү укуктарга ээ:

1) багууга, тарбиялоого, билим берүүгө, ар тараптуу өнүгүүгө, алардын адамдык ар-намысын сыйлоого, алардын таламдарын камсыз кылууга;

2) аларга тиешелүү алименттерге, пенсияларга, жөлөкпулдарга жана башка социалдык төлөмдөргө;

3) турак-жайга менчик укугун же турак-жайды пайдалануу укугун сактоого, ал эми турак-жай болбогондо турак-жай мыйзамдарына ылайык турак жай алууга укуктуу;

4) көрсөтүлгөн мекемелерде болуусу аяктагандыгы боюнча эмгекке жайлаштырууда эмгек жөнүндө мыйзамдарда каралган жеңилдиктерге.

2. Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган жана ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мекемелерде турган балдар ошондой эле Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 60-62-статьяларында каралган укуктарга ээ.

72-берене. Баланын камкорчусунун (көзөмөлчүсүнүн) укуктары жана милдеттери

1. Баланын камкорчусу (көзөмөлчүсү) укукка ээ жана камкорчулугунда (көзөмөлчүлүгүндө) турган баланы тарбиялоого, анын ден соолугу, дене-боюлук, психикалык, руханий жана адеп-аклактык өнүгүшү жөнүндө камкордук көрүүгө милдеттүү.

Камкорчу (көзөмөлчү) баланын пикирин жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын сунуштамаларын эске алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Үйбүлө Кодексинин 70-статьясынын 1-бөлүгүндө каралган талаптарды сактоо менен камкорчулугу (көзөмөлчүлүгү) алдында турган баланы тарбиялоонун ыкмаларын өз алдынча аныктоого укуктуу.

Камкорчу (көзөмөлчү) баланын пикирин эске алуу менен, ал негизги жалпы билим алганга чейин билим берүү мекемесин жана баланы окутуунун формасын тандоо укугуна ээ жана баланын негизги жалпы билим алуусун камсыз кылууга милдеттүү.

2. Камкорчу (көзөмөлчү) мыйзамдуу негиздерсиз баланы өзүндө кармап турган кандай болбосун адамдардан, анын ичинде баланын жакын туугандарынан сот боюнча камкорчулугунда (көзөмөлчүлүгүндө) турган баланы кайтарып алууну талап кылууга укуктуу.

3. Камкорчу (көзөмөлчү) мындай карым-катнаш баланын таламдарына жооп бербеген учурларды кошпогондо, баланын анын ата-энелери жана башка жакын туугандары менен карам-катнашына тоскоолдук кылууга укуксуз.

4. Камкорчунун (көзөмөлчүнүн) жарандык укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 71-73-статьяларында аныкталат.

5. Камкорчулугунда (көзөмөлчүлүгүндө) турган балага карата камкорчулук (көзөмөлчүлүк) боюнча милдеттер камкорчу (көзөмөлчү) тарабынан акысыз аткарылат.

Камкорчуга (көзөмөлчүгө) ай сайын баланы багууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте жана өлчөмдө акчалай каражаттар төлөнөт.

73-берене. Камкорчу же көзөмөлчү болууга укуктуу адамдарды аныктоонун тартиби

1. Болжолдонгон камкорчунун же көзөмөлчүнүн инсандыгы жөнүндө маалыматтарды алуу максаттарында балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган камкорчу же көзөмөлчү кылып дайындоо жөнүндө арыз берген жарандан өзү жөнүндө маалыматтарды берүүнү талап кылууга, ошондой ички иштер органдарындагы, жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы, медициналык жана башка уюмдардагы ал жөнүндө маалыматтарды сурап алууга укуктуу. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жаран жөнүндө камкорчунун же көзөмөлчүнүн милдеттерин аткарууга анын жөндөмдүүлүгүн белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү маалыматтарды гана талап кылууга укуктуу. Аны камкорчу (көзөмөлчү) кылып дайындоо жөнүндө арыз берген жаран тарабынан көрсөтүлүүчү документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Камкорчулукту же көзөмөлчүлүктү белгилөө үчүн зарыл болгон документтер жана документтердин көчүрмөлөрү жана башка маалыматтар балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча акысыз берилет.

3. Камкорчулукка алынгандын чоң апа жана чоң аталары, ата-энелери, жубайлар, эрезеге жеткен балдар, эрезеге жеткен неберелер, ага-инилери жана эже-сиңдилери, ошондой эле жашы жетелек камкорчулукка алынгандын чоң апа жана чоң аталары, эрезеге жеткен ага-инилери жана эже-сиңдилери алардын жарандыгына карабастан, анын камкорчусу же көзөмөлчүсү болууга башка бардык адамдардын алдында артыкчылыктуу укукка ээ.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген адамдарды кошпогондо, эл аралык келишимдерде каралган тартипте жана учурларда башка мамлекеттин жараны Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган адамдын камкорчусу же көзөмөлчүсү болуп дайындалышы мүмкүн.

5. Ушул Кодексте белгиленген учурларды кошпогондо, алардын үстүнөн камкорчулукту же көзөмөлчүлүктү белгилөөгө муктаж ар бир жаранда бир камкорчу же көзөмөлчү болушу мүмкүн. Эреже катары, бир эле адам, бир гана жарандын камкорчусу же көзөмөлчүсү болушу мүмкүн. Эгерде мындай берүү бул балдардын таламдарына жооп берген учурларды кошпогондо, жашы жетпеген ага-инилерди жана эже-сиңдилерди ар башка адамдарга камкорчулукка же көзөмөлчүлүккө берүүгө жол берилбейт.

6. Сот балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын корутундусу боюнча алардын үстүнөн камкорчулукту же көзөмөлчүлүктү белгилөөгө муктаж адамдын таламдарынан улам, анын ичинде ата-энелеринин көзөмөлчүлүүгүсүз калган балдарды тарбиялоого үй-бүлөгө жайлаштырууда ага бир нече камкорчуларды же көзөмөлчүлөрдү дайындай алат.

7. Бир нече камкорчуларды же көзөмөлчүлөрдү дайындоодо камкорчулукка алынгандын өкүлчүлүгү жана укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо бардык камкорчулар же көзөмөлчүлөр тарабынан бир убакта жүзөгө ашырылат. Эгерде камкорчулукка алынгандан ишин жүргүзүү камкорчулар же көзөмөлчүлөр тарабынан алардын бирөөнө жүктөлсө, бул адам калган камкорчулардан же көзөмөлчүлөрдөн ишеним кат алуусу тийиш.

8. Бир нече камкорчуларды же көзөмөлчүлөрдү дайындоодо камкорчулукка алынганды кароону жана мамлекеттик кепилдиктердин программаларына ылайык медициналык-санитардык жардамдарды өз убагында алышын камсыз кылуу боюнча милдеттер, ал эми жашы жетпеген камкорчулукка алынганга карага аны окутуу жана тарбиялоо боюнча милдеттер да аларды дайындоо жөнүндө соттун чечимине ылайык камкорчулардын же көзөмөлчүлөрдүн ортосунда бөлүштүрүлөт. Эгерде көрсөтүлгөн милдеттер бөлүштүрүлбөгөн учурда камкорчулар же көзөмөлчүлөр аларды аткарылбаганы же талаптагыдай аткарбаган үчүн бирдей жоопкерчилик тартышат.

9. Сот зарыл болгондо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын корутундусу боюнча камкорчулукка алынгандын кызыкчылыктарынан улам бир эле адамды бир нече камкорчулукка алынгандардын камкорчусу же көзөмөлчүсү кылып дайындай алат. Экинчи жана кийинки камкорчулукка алынгандардын камкорчусу же көзөмөлчүсү кылып адамды дайындоо жөнүндө актыда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган башка адамдын камкорчу же көзөмөлчү болуп дайындала албаганынын себептерин көрсөтүүгө милдеттүү. Бир эле камкорчунун же көзөмөлчүнүн камкорчулугуна алынгандардын кызыкчылыктарынын ортосунда карама-каршылыктар пайда болгон учурда, алардын мыйзамдуу өкүлчүлүгүн жүзөгө ашырууда пайда болгон карама-каршылыктарды чечүү үчүн сот камкорчулукка алынгандардын ар бирине убактылуу өкүлдү дайындоого милдеттүү.

74-берене. Камкорчуларды жана көзөмөлчүлөрдү дайындоо

1. Камкорчу жана көзөмөлчү балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын корутундусу боюнча сот тарабынан дайындалат, ал жөнүндө маалыматтар жарандын үстүнөн камкорчулукту же көзөмөлчүлүктү белгилөөнүн зарылчылыгы жөнүндө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга белгилүү болгон учурдан тартып бир айдын ичинде камкорчулукка же көзөмөлчүлүккө муктаж адамдарды жашаган жери боюнча өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого балдарды кабыл алууну каалаган жаран катары балдар жөнүндө мамлекеттик банкта камтылат. Көңүл буруучу жагдайлар болгондо камкорчу же көзөмөлчү камкорчунун же көзөмөлчүнүн жашаган жери боюнча дайындалышы мүмкүн. Эгерде камкорчулукка же көзөмөлчүлүккө муктаж адамга бир айдын ичинде камкорчу же көзөмөлчү дайындалбаса, камкорчунун же көзөмөлчүнүн милдеттерин аткаруу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга убактылуу жүктөлөт.

Камкорчуну же көзөмөлчүнү дайындоо кызыкдар адамдар тарабынан сотто даттанылышы мүмкүн.

2. Камкорчу же көзөмөлчү менен камкорчулукка алынгандын ортосундагы мамилелердин пайда болушуна камкорчуну же көзөмөлчүнү дайындоо жөнүндо соттун чечими негиз болуп саналат. Соттун чечиминде мезгил менен аныкталган же белгилүү окуялардын келиши көрсөтүлгөн камкорчунун же көзөмөлчүнүн ыйгарым укуктарынын колдонулушунун мөөнөтү көрсөтүлүшү мүмкүн.

3. Камкорчуну же көзөмөлчүнү дайындоо жөнүндө чечимде сот камкорчулукка алынгандын таламдарында камкорчу же көзөмөлчү жасоого укуксуз айрым аракеттерди көрсөтө алат, анын ичинде камкорчулукка алынгандын жашаган жерин өзгөртүүгө камкорчуга же көзөмөлчүгө тыюу сала алат, ошондой эле камкордукка алынган инсандын жеке өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу максатында камкорчунун же көзөмөлчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткарууну жүзөгө ашырууга карата милдеттүү талаптарды, анын ичинде жашы жетпеген камкорчулукка алынганды тарбиялоонун айкын шарттарын аныктаган ушундай талаптарды белгилейт.

4. Камкорчулар же көзөмөлчүлөр камкорчулукка алынгандын мурдагы жашаган ордунан чыгып кеткен күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, камкорчулукка алынгандын жашаган жерин которгондугу жөнүндө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө укуктуу.

75-берене. Алдын ала камкорчулук жана көзөмөлчүлүк

1. Эгерде баланын таламдарында камкорчуну же көзөмөлчүнү токтоосуз дайындоо зарыл болсо, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү баладан төрөт үйүндө баш тартылган, бала багуучу үй-бүлөгө өткөрүп берилген, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 82-статьясынын негизинде ата-энелеринен же аларды алмаштырган адамдардан алып койгон жана баланы жетим балдар жана ата-энелеринин көзөмөлчүлдүгүсүз калган балдар үчүн уюмга жайгаштыруу максатка ылайыксыз болгон учурларда, кийин сотко жана прокурорго бир күндүк мөөнөттө маалымдоо менен анын туруктуу турмуштук жайлаштыруусу аныкталганга чейин 6 айга чейинки мөөнөт менен камкорчуну же көзөмөлчүнүн убактылуу дайындоо жөнүндө акт (алдын ала камкорчулук же көзөмөлчүлүк жөнүндө акт) кабыл алууга укуктуу.

2. Алдын ала камкорчулук же көзөмөлчүлүк жөнүндө актыны кабыл алуу көрсөтүлгөн адам өзүнүн инсандыгын ырастаган документти көрсөткөн, ошондой эле балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган анын жашоо шарттарын изилдеген шарттарда жол берилет.

3. Алдын ала камкорчулукту же көзөмөлчүлүктү өз убагында белгилөө максатында балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган камкорчулар же көзөмөлчүлөр болууга каалоосун билдиришкен жарандарга карата алдын ала камкорчулукту же көзөмөлчүлүктү белгилөө жөнүндө сунуштары менен кайрылат.

4. Убактылуу дайындалган камкорчулар же көзөмөлчүлөр, камкорчулукка алынгандын атынан анын мүлкүн тескөө укугун кошпогондо, (камкордукка алынгандын өз мүлкүн тескөө боюнча бүтүм жасоого макулдук берүү) камкорчунун же көзөмөлчүнүн бардык укуктарына жана милдеттерине ээ.

5. Эгерде камкорчуну же көзөмөлчүнү убактылуу дайындоо жөнүндө актыны кабыл алган күндөн тартып 6 ай аяктаганга чейин убактылуу дайындалган камкорчу же көзөмөлчү жалпы тартипте камкорчу же көзөмөлчү болуп дайындалбаса, алдын ала камкорчулук же көзөмөлчүлүк токтотулат. Өзгөчө жагдайлар болгондо көрсөтүлгөн мөөнөт 2 айга чейин узартылышы мүмкүн. Эгерде сот көрсөтүлгөн мөөнөттө жалпы тартипте камкорчу же көзөмөлчү кылып дайындабаса, алдын ала камкорчунун же көзөмөлчүнүн милдеттерин аткарган адам, камкорчунун же көзөмөлчүнүн укуктары жана милдеттери камкорчуну же көзөмөлчүнү убактылуу дайындоо жөнүндө акты кабыл алынган учурдан тартып пайда болду деп эсептелет.

76-берене. Жашы жетпеген жарандардын ата-энелеринин арыздары боюнча, ошондой эле жашы жетпеген жарандардын өздөрүнүн арыздары боюнча аларга камкорчуларды жана көзөмөлчүлөрдү дайындоо

1. Ата-энелер жүйөлүү себептер боюнча өзүлөрүнүн ата-энелик милдеттерин аткара албаган мезгилге, тийиштүү адамды көрсөтүү менен алардын баласына камкорчуну же көзөмөлчүнү дайындоо жөнүндө биргелешкен арызды балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга бере алышат. Ата-энелердин арызы боюнча камкорчуну же көзөмөлчүнү дайындоо жөнүндө соттун актысында камкорчунун же көзөмөлчүнүн ыйгарым укуктарынын колдонуу мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.

2. Жашы жетпеген баланын жалгыз бой ата-энеси кокусунан каза болгон учурунда балага камкорчуну же көзөмөлчүнү аныктоого укуктуу. Тиешелүү керезин ата-эне баланын жашаган жери боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга берген арызында жасай алат. Кокусунан каза болгон учурунда балага камкорчуну же көзөмөлчүнү аныктоо жөнүндө ата-эненин арызы бул, арызды түзүүнүн датасын көрсөтүү менен ата-эне тарабынан өзүнүн колтамгасы коюлууга тийиш. Ата-эненин колтамгасы балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси же болбосо ата-эне аймактык бөлүмгө келе албаган учурларда, нотариалдык тартипте же болбосо ата-эне иштеген же окуган уюм, турак жайдын менчик ээлеринин шериктештиги, ата-эне жашаган жер боюнча уюмдун башкаруучусу, ата-эне турган калкты социалдык коргоо мекемесинин администрациясы, ата-эне амбулатордук же стационардык дарыланууда турган саламаттык сактоо уюму, ошондой эле эгерде бул аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин, аскердик-окуу жайлардын аскер кызматкерлери, кызматчылары арыз берсе, тиешелүү аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин, аскердик-окуу жайларынын командири (начальниги) тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Эркиндигинен ажыратылган жайларда турган ата-эненин колтамгасы тиешелүү эркиндигинен ажыратылган жайлардын начальниги тарабынан күбөлөндүрүлөт. Ата-эне баланын жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө жаңы арыз берүү жолу менен кокусунан каза болгон учуруна балага камкорчуну же көзөмөлчүнү аныктоо жөнүндө берген арызын жокко чыгарууга же өзгөртүүгө укуктуу.

3. 14 жаш куракка чыккан, жашы жетпеген жаранга карата камкорчу, ушундай жашы жетпеген жарандын тийиштүү адамды көрсөткөн арызы боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын корутундусу боюнча сот тарабынан дайындалышы мүмкүн.

4. Эгерде мындай дайындоо ушул Кодекске, жарандык мыйзамдарга, үй-бүлө мыйзамдарына же болбосо баланын таламдарына карама-каршы келген учурларда гана сот жашы жетпеген жарандын ата-энеси же ата-энелери же болбосо 14 жаш куракка чыккан, жашы жетпеген жарандын өзү тарабынан көрсөтүлгөн адамды камкорчу же көзөмөлчү кылып дайындоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

77-берене. Камкорчулукка алынгандардын мүлкүн башкаруу

1. Камкорчулукка алынгандардын мүлкүн башкаруунун тартиби:

1) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган ата-энелеринин камкорчулугусуз калган жашы жетпегендердин мүлкүн тизмектеп чыгууга милдеттүү. Мүлктү тизмектеп чыгуу үч нускада, сот, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жана ал дайындалганда камкорчу же көзөмөлчү үчүн бирден түзүлөт;

2) камкорчу камкорчулукка алынгандын атынан жана алардын таламдарында камкорчулукка алынгандын мүлкүн жама баалуулуктарын башкарат. Камкорчулукка таандык акча каражаттарын жана башка баалуулуктарды ээликтен ажыратышат, башкарышат жана тескешет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте алардын атынан жана алардын таламдарында бардык бүтүмдөрдү жасашат;

3) камкорчулар 14төн 18 жашка чейинки курактагы жашы жетпегендердин үстүнөн жашы жетпегендер мыйзам боюнча өз алдынча жасоого укуксуз бүтүмдөрдү камкорчулукка алынгандар тарабынан жасалышына макулдук беришет.

2. Камкорчу же көзөмөлчү төмөнкүлөргө укуксуз:

1) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын алдын ала уруксатысыз турмуш-тиричилик бүтүмдөрүнүн чегинен чыккан бүтүмдөрдү көзөмөлчүлүккө алуучунун атынан жасоого, ал эми камкорчу макулдук берүүгө;

2) камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө алынгандар менен бүтүмдөрдү жасоого;

3) бүтүмдөрдү жасоодо же камкорчулукка алынган жана камкорчунун же көзөмөлчүнүн жубайынын ортосунда соттук иштерди жүргүзүүдө аларда камкорчулук жама көзөмөлчүлүк алдында турган адамдардын атынан чыгууга;

4) камкорчулукка алынгандын атынам белекке берүү келишимдерин жасоого.

3. Камкорчулукка алынгандын каражаттарын бөлүштүрүү:

1) камкорчулукка алынган тарабынан пенсиялар, жөлөкпулдар, алименттер катары алынган суммалар жана башка учурдагы түшүүлөр камкорчунун же көзөмөлчүнүн карамагына келип түшөт жана алар тарабынан камкорчулукка алынганды багууга жумшалат;

2) 14төн 18 жашка чейинки курактагы жашы жетпегендер өзүлөрүнүн автордук жана ойлоп табуучулук укуктарынын жүзөгө ашыруунун натыйжасында алынган эмгек акыларды, стипендияларды, сыйлыктарды өз алдынча тескейт;

3) камкорчулар жана көзөмөлчүлөр камкорчулукка алынгандардын мүлкүн башкарууга, камкорчулукка алынгандар үчүн алынган бардык каражаттарды эсепке алууга, ошондой эле мүлктү башкаруу жана сактоо менен байланышкан башка аракеттерди жасоого милдеттүү.

4. Камкорчулар жана көзөмөлчүлөр камкорчулукка алынгандардын мүлкүн башкаруу жана сактоо боюнча өткөн жыл үчүн жазуу жүзүндө отчетту 15-февралдан кечиктирбестен, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жыл сайын берет.

Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган камкорчулардан жана көзөмөлчүлөрдөн көрсөтүлгөн отчетту жылдык мөөнөт аяктагандан мурда да талап кыла алат. Отчеттор маңызына карата текшерилет жана бекитилет, отчетко кирбеген фактылар же болбосо тактыгы күмөн туудурган фактылар табылган учурда, камкорчулардан жана көзөмөлчүлөрдөн түшүндүрмөлөрдү жана ырастоочу документтерди берүү суралат.

Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган камкорчудан же көзөмөлчүдөн ага жүктөлгөн милдеттерди ак ниет эмес же шалаакылык менен аткаруудан камкорчулукка алынганга келтирилген мүлктүк зыяндын ордуна толтурууну талап кылууга милдеттүү.

Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк токтотулган, ошондой эле камкорчуларды жана көзөмөлчүлөрдү өздөрүнүн милдеттерин аткаруудан бошоткон жана четтеткен учурда, камкорчулар жана көзөмөлчүлөр өз иштери жөнүндө отчет беришет, ал балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат, ал эми камкорчулукка алынгандардын болгон мүлкү өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүлөт.

5. Камкорчулар жана көзөмөлчүлөр тарабынан ушул берененин нормаларынын бузулушу сот тарабынан бул милдеттерди аткаруудан аларды четтетүү үчүн негиз болуп саналат.

78-берене. Камкорчулукка алынгандардын мүлктүк укуктарын жүзөгө ашырууга тиешелүү балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын алдын ала уруксаты

1. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын алдын ала уруксатысыз камкорчу камкорчулукка алынгандын мүлкүн жалдоого, ижарага, акысыз пайдаланууга же күрөөгө берүү боюнча бүтүмдөрдү, камкорчулукка алынгандын мүлкүн ээликтен ажыратуу боюнча (анын ичинде айырбаштоо же белекке берүү боюнча) бүтүмдөрдү жасоого, камкорчулукка алынганга тиешелүү укуктардан баш тартууга, анын мүлкүн бөлүштүрүүгө же андан үлүштөрдү бөлүп чыгарууга алып келген бүтүмдөрдү жасоого жана камкорчулукка алынгандын мүлкүнүн наркынын азайышына алып келген ар кандай башка бүтүмдөрдү жасоого укуксуз, ал эми көзөмөлчү мындайларга макулдук берүүгө укуксуз. Эгерде камкорчунун же көзөмөлчүнүн аракеттери камкорчулукка алынгандын мүлкүнүн азайышына алып келиши мүмкүн болгон, анын ичинде камкорчулукка алынгандын таламдарында берилген доодон баш тартканда; соттук териштирүүдө камкорчулукка алынгандын атынан жарашуу макулдашуусун түзгөндө; анда камкорчулукка алынган өндүрүп алуучу болуп саналган аткаруу өндүрүшү боюнча карызкор менен жарашуу келишими түзүлгөндө камкорчунун мүлкүнүн наркынын азайышына алып келиши мүмкүн болгон бардык башка учурларда да алдын ала уруксат талап кылынат.

2. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын алдын ала уруксаты камкорчулукка алынгандын атынан ишеним кат берилген учурларда талап кылынат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын алдын ала уруксаты же ушундай уруксатты берүүдөн баш тартуу мындай уруксатты берүү жөнүндө арыз берилген датадан тартып 15 күндөн кечиктирилбестен камкорчуга же көзөмөлчүгө жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш. Мындай уруксатты берүүдөн баш тартуу жүйөөлөштүрүлүүгө тийиш. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген алдын ала уруксат же мындай уруксатты берүүдөн баш тартуу камкорчу же көзөмөлчү, башка кызыкдар адамдар, ошондой эле прокурор тарабынан соттук тартипте талашылышы мүмкүн.

4. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын алдын ала уруксатысыз камкорчулукка алынгандын атынан келишим түзүү фактысы табылганда, эгерде мындай келишим камкорчулукка алынгандын пайдасына түзүлгөн учурларды кошпогондо, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган камкорчулукка алынгандын атынан жарандык мыйзамдарга ылайык мындай келишимди бузуу жөнүндө талам менен сотко токтоосуз кайрылууга милдеттүү. Мындай мүлк келишими бузулган учурда, камкорчулукка алынганга таандык мүлк кайтарылууга жатат, ал эми келишимдин тараптарына келтирилген чыгымдар жарандык мыйзамдарда белгиленген өлчөмдө жана тартипте камкорчу же көзөмөлчү тарабынан ордун толтурууга жатат.

79-берене. Өздөрүнүн милдеттерин аткаруудан камкорчуларды жана көзөмөлчүлөрдү бошотуу жана четтетүү, камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү токтотуу

1. Камкорчуларды жана көзөмөлчүлөрдү, өздөрүнүн милдеттерин аткаруудан бошотуу жана четтетүү сот тарабынан, ал эми убактылуу дайындалган камкорчуну же көзөмөлчүнү өз милдетин аткаруудан бошотуу Кыргыз Республикасынын ушул Кодексинде жана Граждандык кодекстин 74-статьясында каралган учурларда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

Камкорчулуктан жана көзөмөлчүлүктөн бошотуу жана четтетүү жөнүндө иш балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын катышуусу менен каралат.

2. Камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү токтотуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 75-статьясында каралган учурларда жүргүзүлөт.

10-глава
 Багуучу үй-бүлө

80-берене. Багуучу үй-бүлөнү түзүү

1. Багуучу үй-бүлө жарандардын (жубайлардын же айрым адамдын) каалоосу боюнча түзүлөт. Алар жетим балдарды жана ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдарды, анын ичинде келишимдин негизинде тарбиялануучу мекемелерде, дарылануучу мекемелерде, калкты социалдык коргоо мекемелеринде же ошолорго окшош башка мекемелердеги балдарды үй-бүлөдө тарбиялоо жана чогуу жашап туруу үчүн өз ыктыяры менен алышат.

2. Багуучу үй-бүлөдө балдарды жайгаштыруу багуучу ата-энелердин жана Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк мыйзамдарынан келип чыгуучу алименттик, мураскорлук жана башка балдардын ортосунда укуктук мамилелердин пайда болушун алып келбейт.

Багуучу үй-бүлөгө өткөрүлүп берилген бала ага тиешелүү алиментке, пенсияга, жөлөкпулга жана социалдык төлөмдөргө укугун, ошондой эле турак-жай менчигине укугун же турак-жайды пайдалануу укугун сактап калат; турак-жайы жок болгондо турак-жай мыйзамдарына ылайык ага турак-жай берүү укугуна ээ болот.

Багуучу үй-бүлөгө өткөрүлүп берилген бала Кыргыз Республикасынын Үйбүлө Кодексинин 60-62-статьяларында каралган укуктарга да ээ.

3. Кабыл алган ата-эне төмөнкүлөрдү кошпогондо, ата-эненин укуктарына жана милдеттерине ээ болот;

1) жашы жетпегендин мүлктүк укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктар (жашы жетпегенди учурда багууга тийиш болгон акча каражаттарынын тескөө укугун кошпогондо);

2) ата-энелерин ата-энелик укуктан ажыратуу (чектөө) жөнүндө ишти сот караган учурда сотто баланын таламдарын көздөө боюнча ыйгарым укуктар;

3) Кыргыз Республикасынан тышкары жерлерге баланын чыгуусу жөнүндөгү маселени чечүү боюнча ыйгарым укуктар.

4. Баланы багуучу үй-бүлөгө аныктаганда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган, барынан мурда, баланын таламдарын жетекчиликке алат. 10 жашка чыккан бала үй-бүлөгө анын макулдугу менен гана жөнөтүлөт.

5. Багуучу үй-бүлөгө жетим балдар жана ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар, башкача айтканда төмөндөгү балдар жөнөтүлөт:

1) ата-энелери ата-энелик укуктан ажырагандар;

2) ата-энелери белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же белгисиз жок деп таанылгандар;

3) ата-энелери соттолгондор;

4) алардын жашап турушуна, психикасына жана дене-бой саламаттыгына коркунуч келгенде үй-бүлөдөн шашылыш алынгандар (дене-бой, сексуалдык жана психикалык күч колдонууга тушуккандар);

5) ата-энелери ден соолугунун абалына байланыштуу өздөрү аларды тарбиялоону жана багууну ишке ашыра албагандар, ошондой эле ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган, тарбиялануучу, дарылоо-профилактикалык мекемелерде, калкты социалдык коргоо мекемелеринде же менчигинин формасына карабастан башка ушуга окшош мекемелерде турган балдар;

6) 18 жашка чыга элек, апасы менен чогуу турган 3 жаш курактагылар.

Багуучу үй-бүлөнүн каалоосу боюнча аларга ден соолугу начарлаган, оорукчан балдар, акыл ою жана дене түзүлүшү жагынан өнүгүүсүндө кемчилиги бар балдар тарбияланууга берилиши мүмкүн.

6. Багуучу үй-бүлөгө балдарды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

81-берене. Баланы (балдарды) үй-бүлөгө тарбиялоого берүү жөнүндө келишим

1. Баланы (балдарды) берүү жөнүндө келишим балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен багуучу ата-энелердин (балдарды үй-бүлөдө тарбиялоого алууну каалаган жубайлардын же айрым жарандардын) ортосунда балдар боюнча комиссиянын макулдугу боюнча түзүлөт.

Багуучу үй-бүлөгө тарбиялоо үчүн жашы жетпеген бала (балдар) ошол келишимде каралган мөөнөттө берилет.

2. Баланы (балдарды) үй-бүлөгө тарбиялоого берүү жөнүндө келишим баланы (балдарды) багуунун, тарбиялоонун жана билим берүүнүн шарттарын, багуучу ата-энелердин укуктарын жана милдеттерин, багуучу үй-бүлөгө карата балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын милдеттерин, ошондой эле мындай келишимди токтотуунун негиздерин жана кесепеттерин кароого тийиш.

Багуучу ата-энелердин эмгек акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

3. Баланы (балдарды) үй-бүлөгө тарбиялоого берүү жөнүндө келишим жүйөлүү себептер (ооруганда, үй-бүлөлүк же мүлктүк абалы өзгөрүлгөндө), бала (балдар) менен өз ара түшүнүшүү болбогондо, балдар жана башкалардын ортосунда чыр-чатактуу мамилелерде болгон учурда багып алган ата-энелердин демилгеси боюнча, ошондой эле баланы (балдарды) багуу, тарбиялоо жана билим берүү үчүн багуучу үй-бүлөдө ыңгайсыз шарттар пайда болгон учурда же баланы (балдарды) ата-энелерине кайтарып берген учурда же баланы (балдарды) асырап алган учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн.

4. Багуучу үй-бүлөдөгү балдардын жалпы саны өздөрүнүн жана багып алгандарды кошкондо, 5 адамдан ашпоого тийиш.

Бир багуучу ата-эненин тарбиясында турган балдардын жалпы саны 3 адамдан ашпоого тийиш.

5. Багуучу үй-бүлөнү баалоо, окутуу, бекитүү, коштоп жүрүү жана колдоо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт. Өз ишин жүзөгө ашырууда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган келишимдик негизде көз карандысыз эксперттерди, коммерциялык эмес уюмдарды тарта алат.

82-берене. Багуучу үй-бүлөдө балдарды тарбиялоого жайлаштыруунун түрлөрү

Багуучу үй-бүлөгө тарбиялоого балдарды жайлаштыруунун түрлөрү:

шашылыш жайлаштыруу - эгерде бала коркунучта турса же ата-энеси тарабынан ташталган (калтырылган) учурларда бир нече сааттан бир суткага чейинки мөөнөткө;

кыска мөөнөттүү жайлаштыруу - бир айга чейинки мөөнөткө;

орто мөөнөттүү жайлаштыруу - 6 айга чейинки мөөнөткө;

узак мөөнөттүү жайлаштыруу - 6 айдан ашык мөөнөткө;

мезгилдүү жайлаштыруу - дем алыш күндөрүндө, каникул учурунда бир нече күнгө.

83-берене. Багуучу ата-энелер

1. 30 жашка чыккан, бирок 65 жаштан жогору эмес, баалоодон, окуудан, тандоодон өтүшкөн жана балдардын иштери боюнча комиссия тарабынан жактырылган, багуучу ата-эне болууга мүмкүнчүлүгү бар экендиги жөнүндө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын корутундусун алышкан, төмөндөгүлөрдү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жараны багуучу ата-энелер (ата-эне) боло алышат:

1) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылган адамдар;

2) сот тарабынан ата-энелик укуктарынан ажыраган же сот тарабынан ата-энелик укуктары чектелген адамдар;

3) мыйзам тарабынан ага жүктөлгөн милдеттерди тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн камкорчунун (көзөмөлчүнүн) милдеттеринен четтетилген адамдар;

4) эгерде сот тарабынан анын күнөөсү боюнча асырап алуучулук четке кагылса, мурдагы асырап алуучулар;

5) ден соолугунун абалы боюнча (ушул Кодекстин 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пункту) баланы тарбиялоо боюнча милдеттерин жүзөгө ашыра албаган адамдар;

6) биологиялык ата-энелер;

7) жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна каршы атайылап кылмыш жасаганы үчүн соттолгондугу бар адамдар;

8) белгиленген санитардык-техникалык талаптарга жооп берген туруктуу жашаган жери, ошондой эле турак жайы жок адамдар;

9) багуучу үй-бүлөнүн тарбиялоосуна баланы берүү жөнүндө келишимдин бузулушуна күнөөлүү адамдар;

10) майып балдардын туугандарын кошпогондо, багуучу үй-бүлөнүн тарбиялоосуна берилүүчү балага туугандыкта турган адамдар;

11) жарандыгы жок адамдар жана чет өлкөлүк жарандар.

2. Багуучу үй-бүлөлөрдү тандоо ушул Кодекстин 68-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган талаптарды сактоо менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Багуучу үй-бүлө жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

3. Тарбияланууга берилген баланы (балдарды) багып алган ата-энелер ушул главанын нормаларына карама-каршы келбеген камкорчунун (көзөмөлчүнүн) укуктарына жана милдеттерине ээ болушат.

84-берене. Багуучу үй-бүлөгө берилген баланы (балдарды) багуу

1. Ар бир баланы багуу үчүн багуучу үй-бүлөгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө ай сайын акча каражаттары төлөнүп берилет.

2. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган багуучу үй-бүлөгө зарыл керектүү жардамды берүүгө, баланын (балдардын) нормалдуу жашоо шартын түзүүгө жана тарбиялоого көмөктөшүүгө милдеттүү, ошондой эле баланы (балдарды) багуу, тарбиялоо жана билим берүү боюнча багуучу ата-энелерге жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн контролду жүзөгө ашырууга укуктуу.

85-берене. Багуучу ата-эненин талапкерлигинин статусун алуунун тартиби

1. Баланы (балдарды) тарбиялоого алынуу каалаган жарандар (мындан ары - билдирүүчүлөр) багуучу ата-эне мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу жөнүндө корутунду алуу үчүн өзү жөнүндө маалыматты балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга берет; багуучу ата-эненин талапкери катары аларды балдар жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик банкына кошуу үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте алардын турмуш-тиричилик шарттарын текшерүү жүргүзүлөт.

2. Багуучу ата-эне болууну каалаган жарандан ал арыз келип түшкөн учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкери аны менен аңгемелешүү өткөрөт. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган бардык чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү менен аңгемелешүү жүргүзүү максатында билдирүүчүнүн (билдирүүчүлөрдүн) үйүнө үч жолудан кем эмес барып көрүүнү уюштурат, баланы (балдарды) тарбиялоого алуунун жүйөсүн жана ошол ниеттин себебин аныктайт. Билдирүүчүнүн (билдирүүчүлөрдүн) үй-бүлөсүнө мындай барып көрүүнүн бирден кем эмес жолкусу билдирүүчүгө кабарлоосуз, пландаштырылбоого тийиш, андан кийин күбөлөрдүн катышуусунда акты түзүлөт.

Билдирүүчүгө ар бир барган учуру жөнүндө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкери отчет даярдоого тийиш.

3. Билдирүүчүлөр багуучу ата-энелерди даярдоо боюнча окуу курсунан өтүүгө тийиш. Окуу курсу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган же келишимдик негизде балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан тартылган көз карандысыз адистер, коммерциялык эмес уюмдар тарабынан уюштурулат жана жүргүзүлөт.

4. Мыйзамдарда аныкталган арыздардын жана документтердин, билдирүүчүнүн турмуш-тиричилик шарттарын текшерүү актысынын негизинде, ошондой эле окуудан өткөндүгүнүн натыйжаларын эске алуу менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган багуучу ата-эне болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундуну даярдайт.

Багуучу ата-эне болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду арыз түшкөн учурдан тартып 30 күндөн кеч эмес даярдалууга тийиш. Корутунду даярдалган учурдан баштап 3 күндүк мөөнөттүн ичинде балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкери билдирүүчүгө жазуу жүзүндөгү жоопту жиберет.

5. Багуучу ата-эне (ата-энелер) болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду багуучу ата-эненин талапкеринин статусун алуу жана аны багуучу үй-бүлөгө берүү максатында баланы (балдарды) тандоо үчүн негиз болуп саналат.

Корутундуда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

бир эле учурда билдирүүчүнүн үй-бүлөсүнө тарбиялоого берүүгө мүмкүн болгон балдардын саны;

билдирүүчүнүн үй-бүлөсүндө тарбиялоого баланы (балдарды) жайлаштыруунун мөөнөтү;

берилип жаткан баланын (балдардын) курагы, анын ден соолугунун жана өнүгүүсүнүн абалы;

психологиялык, соматикалык жана дене-бой проблемалары бар баланын (балдардын) керектөөсүн канааттандыруу боюнча билдирүүчүнүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтар.

Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аталган корутундусу корутунду чыгарылган учурдан тартып бир жылдын аралыгында жарактуу болот.

IV БӨЛҮМ
 БАЛДАР ҮЧҮН ЮСТИЦИЯ

11-глава
 Мыйзам менен чатагы бар балдарды коргоонун өзгөчөлүктөрү

86-берене. Ювеналдык юстиция түшүнүгү

Өзүнө укук бузуулардын алдын алуу, сот адилеттигин жүргүзүү, алардын өнүгүшүнүн жыныстык-курактык, акыл-эстик, дене-бой жана психикалык өзгөчөлүктөрүн эске алып, мыйзам менен чатагы бар балдарга карата социалдык реабилитациялоо жана реинтеграциялоо маселелерин өзүнө камтыган иш-чаралардын тутуму ювеналдык юстиция деп түшүнүлөт.

87-берене. Мыйзам менен чатагы бар, ошондой эле жабырлануучу же күбө болуп саналган балдардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын кепилдиктери

1. Мыйзам менен чатагы бар, ошондой эле жазык иши боюнча жабырлануучу же күбө болуп саналган ар бир балага анын купуялыктын шарттарын жана анын адамдык беделин кандайдыр бир түрдө кемсинтүүнү болтурбаган ага карата сыйлап мамиле жасоону кошуп алганда, ага укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын ишке ашырылышына кепилдик берилет.

2. Мыйзам менен чатагы бар балага карата балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан баланы реабилитациялоо боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыгылат.

3. Бөгөт коюу чарасы түрүндө камакка алууну, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны тандап алуу балдарга карата акыркы чара катары гана колдонулат.

4. Укук бузуу жасаган балага карата жазык-процесстик мыйзамдар менен каралган тарбиялоо мүнөзүндөгү сотко чейинки чаралар мыйзам менен чатагы бар баланы реабилитациялоо боюнча иш-чаралардын планынын негизинде кабыл алынууга тийиш.

Көрсөтүлгөн план адвокат (коргоочу) менен макулдашуу боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

Эгерде тарбиялоо мүнөзүндөгү сотко чейинки чараларды колдонуунун жүрүшүндө бала оңолгондугу жана коомдук коркунучтуулугунан арылгандыгы белгиленсе, ага карата жазык же администрациялык өндүрүш жазык-процесстик мыйзамдар менен белгиленген тартипте токтотулушу мүмкүн.

88-берене. Ювеналдык юстиция тутуму

1. Ювеналдык юстиция тутуму төмөнкү органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнөн турат:

1) ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңештин;

2) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын;

3) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин);

4) прокуратура органынын;

5) жашы жетпегендердин иштери боюнча адистештирилген соттун;

6) ички иштер органдарынын;

7) адвокаттык мекемелердин;

8) саламаттык сактоо органынын;

9) билим берүү органынын;

10) социалдык камсыздандыруунун мамлекеттик органынын;

11) жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумдун ишинин маселелери боюнча мамлекеттик органдын;

12) эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын;

13) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын;

14) мыйзам менен чатагы бар жашы жетпегендер үчүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес борборлордун.

2. Мыйзам менен чатагы бар балдар менен иштөөчү бардык кызматкерлер ювеналдык юстиция жаатындагы маселелер боюнча атайын даярдыктан өтүүгө тийиш.

89-берене. Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш

1. Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында түзүлөт. Кеңеш жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

2. Кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты тарабынан камсыз кылынат.

90-берене. Ювеналдык юстиция тутумунун иштөө принциптери

Ювеналдык юстиция тутумунун иштеши төмөнкү принциптерге негизденет:

жашы жетпегендердин арасында укук бузуулардын алдын алуунун;

анын мыкты өнүгүшү үчүн жашы жетпегенди ар тараптуу социалдаштыруу жана реинтеграциялоо үчүн шарттарды түзүүнүн;

жашы жетпегенди тарбиялоонун жагымдуу жана табигый чөйрөсүн түзүү үчүн үй-бүлөгө мамлекеттик көмөк көрсөтүүнүн;

ювеналдык юстиция тутумун түзүүчү институттардын өз ара аракеттенүү жол-жоболорунун бүдөмүксүздүгүнүн;

ювеналдык юстиция тутумунун аракеттерин координациялоонун;

ювеналдык юстиция тутумунда маалыматтын ачыктыгынын жана жеткиликтүүлүгүнүн;

мыйзам менен чатагы бар жашы жетпегендерге карата сот адилеттигин жүргүзүүдө зомбулуктун бардык түрлөрүнө тыюу салуунун жана аларды болтурбоонун;

мөөнөтүн чектөөнү эске алуу менен эркиндигинен ажыратууну акыркы чара катары колдонуунун;

эркиндигинен ажыратылган (камакка алынганды кошуп алганда) жашы жетпегенге андан ары реабилитациялануу жана социалдык реинтеграциялануу үчүн тарбиялык, психологиялык, медициналык жардам көрсөтүүнүн;

жашы жетпегендин эң мыкты таламдарын сактоонун;

жашы жетпегенге мыйзамсыз жана негизсиз эркиндигинен ажыратууну колдонууга тыюу салуунун;

укук бузуу жасаган жашы жетпегенге карата таасир көрсөтүүнүн альтернативдүү чараларын колдонууга тыюу салуунун;

жашы жетпегенге карата кыйноолорду, катаал, адамкерчиликсиз же кемсинткен мамилелерди же жаза колдонууга тыюу салуунун;

ювеналдык юстиция тутумунун ишиндеги купуялыктын шарттарын сактоонун.

91-берене. Ювеналдык юстиция тутумун материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу

1. Ювеналдык юстиция тутумуна кирген мамлекеттик органдарды материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу республикалык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ювеналдык юстиция тутумуна кирген органдарын материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ювеналдык юстиция органдарын жана уюмдарын уюштуруучулук, каржылык жана маалыматтык ресурстар, ошондой эле тиешелүү усулдук база менен камсыз кылат.

4. Ювеналдык юстиция тутумунун ишинде бюджеттен тышкаркы каржылоо каражаттарын тартуу үчүн социалдык тапшырыктын, мамлекеттик гранттар менен эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын гранттары пайдаланылышы мүмкүн.

92-берене. Ювеналдык юстициянын тутумунда кадрларды даярдоо

1. Ювеналдык юстиция тутумун кадрдык камсыз кылуу билим берүүнүн мамлекеттик тутумунда, ошондой эле мамлекеттик аккредитациясы бар мамлекеттик эмес окуу жайларында зарыл адистерди даярдоонун негизинде жүзөгө ашырылат.

Иштери ювеналдык юстиция тутуму менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары жана адистери аларды кызмат орундарына дайындоодо, ошондой эле аттестациядан жана кайра аттестациялоодон өтүүдө эске алына турган ювеналдык юстиция жаатында зарыл атайын же кесиптик даярдыктарынын болушу милдеттүү.

Зарыл даярдыгы болбогон же болбосо ювеналдык юстиция боюнча иш менен байланышкан кызматтар боюнча аттестациялоодон жана кайра аттестациялоодон (өтпөгөн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары жана адистери тиешелүү билимди, квалификацияны жана иш жүзүндөгү тажрыйбаны талап кылган иштерди аткарууга киргизилбейт.

2. Окутуунун багытына ылайык мамлекеттик аттестациялоодон (аккредитациялоодон) өтүшкөн орто, жогорку кесиптик билим берүү уюмдары ювеналдык юстиция маселелерин тиешелүү окуу сабактарына киргизе алышат.

93-берене. Жашы жетпегендердин арасында укук бузуулардын алдын алуу

Ювеналдык юстиция тутуму жашы жетпегендердин арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында жашы жетпегендердин арасында укук бузууларды болтурбоо жана алдын алуу боюнча иштерди жүзөгө ашырат.

Жашы жетпегендердин арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча органдардын иштеринин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

94-берене. Жазык жоопкерчилиги курагына жете элек жашы жетпеген укук бузуучуну коргоо

1. Жазык жоопкерчилигине тартуу курагына жете элек жашы жетпеген тарабынан жазык укук бузуу жасоонун фактысы аныкталганда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй жагдайларды белгилейт:

1) ушул жосунду жасоого өбөлгө түзгөн себептерин жана шарттарын;

2) жасалган жосундун социалдык кооптуулугунун деңгээлин;

3) жашы жетпегенди тарбиялоонун шартын;

4) жашы жетпеген тарабынан кылмыш жаза мыйзамдарында каралган кайталап жазык укук бузуу тобокелдигинин болушун.

2. Ички иштер органдары балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен бирдикте жазыктык укук бузган жашы жетпегенди көзөмөлдөө боюнча чараларды кабыл алат, мындай учурда ал төмөнкүдөй аныкталган милдеттерди сактоонун шартында өз үй-бүлөсүндө калат:

1) мектепке дайыма баруу;

2) медициналык кароодон өтүү;

3) аныкталган жерлерде болууга же айрым адамдар менен байланышууга тыюу салуу.

Жашы жетпегендердин көрсөтүлгөн милдеттеринин тизмеги толук болуп саналбайт.

Эгерде жашы жетпеген үй-бүлөдө жашай албаган же болбосо ал көзөмөл алкагында белгиленген милдеттерди аткарбаган учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жашы жетпегенге таасир көрсөтүүнүн альтернативдүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим кабыл ала алат.

3. Эгерде жазык жоопкерчилигине тартуу курагына чыкпаган, жашы жетпеген, социалдык кооптуулуктун жогорку деңгээлиндеги жосунду жасаган, ошондой эле эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган чаралар колдонулган жашы жетпеген кайталап укук бузган учурда, анда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган баланы атайын окуу-тарбиялоо мекемесине аныктоо жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко материалдарды жиберет.

4. Жашы жетпегендин жеке маалыматтарын кошуп алганда, жазык жоопкерчилигинин курагына чыкпаган жашы жетпеген тарабынан жасалган укук бузууга байланыштуу кандай болбосун маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салынат.

5. Жазык укук бузууну жасаган, бирок жазык жоопкерчилигинин курагына чыкпаган жашы жетпегенге карата колдонулуучу чаралардын бардык мөөнөтүнүн ичинде ага коомго социалдык реинтеграциялоо процессинде көмөк көрсөтүүгө багытталган кызмат көрсөтүүлөр берилиши мүмкүн.

95-берене. Жашы жетпегенге карата таасир көрсөтүүнүн альтернативдүү чараларын колдонуу

1. Оор эмес, анча оор эмес кылмыш жасаган 18 жашка чейинки курактагы адамдарга таасир көрсөтүүнүн төмөнкүдөй альтернативдүү чаралары колдонулушу мүмкүн:

1) жабыр тарткандан кечирим суроо;

2) жашы жетпеген тарабынан келтирилген материалдык зыяндын акчалай сыяктуу эле, суммасын иштеп берип ордун толтуруу;

3) коомдук иштерди аткаруу;

4) кайрымдуулук төгүмүн төлөө;

5) адистешкен дарылоо мекемесине текшерүүгө жана дарылоого жөнөтүү;

6) балдар жана жеткинчектер үчүн атайын окуу-тарбиялоо мекемесине жөнөтүү жана жайгаштыруу.

2. Таасир көрсөтүүнүн альтернативдүү чараларын колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

3. Жашы жетпегенге карата бир эле мезгилде жогоруда көрсөтүлгөн чаралардын бир нече түрлөрү колдонулушу мүмкүн.

4. Жашы жетпеген тарабынан таасир көрсөтүүнүн альтернативдүү чаралары аткарылбаган учурда, прокурор балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн сунуштоосу боюнча жазык ишин жалпы тартипте кароону жаңыртуу үчүн иштин материалдарын сотко киргизет.

96-берене. Сот адилеттилигинен ажыратуу боюнча программалар

1. Чоң коркунуч келтирбеген, анча оор эмес кылмыш жасаган 18 жашка жетпеген курактагы адамдарга прокурор же сот тарабынан балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмчөсүнүн сунушу боюнча сот адилеттигинен ажыратуу боюнча программалар колдонушу мүмкүн. Сот адилеттигинен ажыратуу программалары балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

2. Сот адилеттигинен ажыратуу боюнча программаларды колдонуунун шарты:

1) жашы жетпеген тарабынан күнөөнү мойнуна алышы;

2) сот адилеттигинен ажыратуу боюнча программалардан өтүүгө жашы жетпегендин же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу.

3. Сот адилеттигинен ажыратуу боюнча программалардын шарттары жана талаптары, жашы жетпеген тарабынан аткарылбаган учурда, прокурор балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмчөсүнүн сунушу боюнча кылмыш ишин жалпы тартипте кароону козгоо жөнүндө чечим чыгарат.

97-берене. Тарбия берүүчү колонияда жаза өтөгөн жашы жетпегендер үчүн реабилитациялоо жана социалдык реинтеграциялоо программалары

1. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмчөсүнүн кайталап укук бузууларды болтурбоого багытталган, тарбия берүүчү колонияда жаза өтөгөн жашы жетпегендер үчүн реабилитациялоо жана социалдык реинтеграциялоо программаларын иштеп чыгат.

2. Тарбия берүүчү колонияда жаза өтөгөн жашы жетпегендер үчүн реабилитациялоо жана социалдык реинтеграциялоо программаларын колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

12-глава
 Зомбулуктун же кылмыштын курмандыгы болгон балдарды коргоонун өзгөчөлүктөрү

98-берене. Жашы жетпеген жабырлануучуларды жана күбөлөрдү коргоо боюнча сот тарабынан кабыл алынуучу чаралар

1. Зарыл болгон учурларда сот өз демилгеси боюнча жабырлануучу же күбө катары жашы жетпегендердин, же жашы жетпегендердин, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн же тиешелүү окуу же тарбиялоо мекемесинин өтүнүчү боюнча жашы жетпегендердин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо боюнча мыйзамдарда каралган чараларды колдонууга, анын ичинде жашы жетпегендин өмүрүн, ден соолугун, ар-намысын жана мүлкүн коргоону камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды кабыл алуу үчүн ички иштер органдарына жазуу жүзүндө тапшырма берүүгө, жашы жетпегенди кароо үчүн тиешелүү мекемеге же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга берүүгө же жашы жетпегенди башка үй-бүлөгө которууга укуктуу. Сот балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмчөсүнө жана ички иштер органдарына жашы жетпегендерди коргоо боюнча дайындалган бардык чаралар жөнүндө билдирет.

2. Жашы жетпегенге дайындалган чарага байланыштуу чыгашалар республикалык бюджеттен төлөнүүгө жана жазык иши боюнча соттук чыгашаларга кошулууга жана өзүнүн аракеттери менен жашы жетпегендин ден соолугуна зыян келтирген же анын өмүрүн коркунучта калтырган адамдардан өндүрүлүүгө тийиш.

99-берене. Зомбулукка кабылган балдарды табуу

1. Балдарды тарбиялоо боюнча функциялар жүктөлгөн ата-энелер, аларды алмаштырган адамдар, органдар жана билим берүү мекемелери, алардын кызматчылары, медициналык жана башка мекемелердин кызматчылары балада зомбулук көрсөтүүнүн белгилери болгон (байкалган) учурда тиешелүү чараларды кабыл алуу үчүн бул жөнүндө укук коргоо органдарына жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмчөсүнө билдирүүгө милдеттүү.

2. Зомбулук келтирүүнүн фактыларын жаап-жашырган адамдар мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартышат.

100-берене. Зомбулукка кабылган балдарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик жардам

1. Зомбулуктан жана (же) ырайымсыз мамиледен жапа чеккен балага анын дене-бой саламаттыгын жана психологиялык абалын калыбына келтирүү үчүн зарыл медициналык, укуктук, психологиялык жардам милдеттүү түрдө берилиши, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык андан кийинки аны реабилитациялоо керек.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жардамды алууга тоскоолдук кылган адамдар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликти тартышат.

101-берене. Балдарды зомбулуктан жана (же) ырайымсыз мамиледен коргоого жооптуу ата-энелердин, аларды алмаштыруучу адамдардын жана кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

1. Ата-энелер, аларды алмаштыруучу адамдар жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, медициналык мекемелер, укук коргоо жана башка ыйгарым укуктуу органдар зомбулукка же ырайымсыз мамилеге кабылгандардын дене-бой саламаттыгын жана психологиялык абалын калыбына келтирүү жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык зарыл чараларды кабыл алууга милдеттүү.

2. Өздөрүнүн кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгынан улам баланын укуктарынын андан ары бузулушуна алып келген адамдар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликти тартышат.

102-берене. Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жапа чеккен баланы коргоо

1. Зомбулуктун же кылмыштын курмандыгы болгон баланын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч болгон учурда, мындай жагдайды ачкан адам балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган коопсуз жерге жашы жетпегенди жайгаштырууга милдеттүү.

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бала зомбулуктун же кылмыштын курмандыгы болуп калган жагдайларды ачуу жана белгилөө боюнча ыкмалары, усулдары жана башка иштери баланын эң мыкты таламдарына жооп бериши керек.

2. Бала зомбулуктун же кылмыштын курмандыгы болуп калган жагдайларды ачууга жана белгилөөгө багытталган тиешелүү органдардын экспертизасы жана башка аракеттери жашы жетпегенге карата зомбулуктун же кылмыштын фактысы боюнча кайрылуу түшкөн учурдан тартып 10 суткадан кечиктирилбестен жүргүзүлүүгө тийиш. Өзгөчө жагдайлар болгондо бул мөөнөт прокурор же сот тарабынан узартылышы мүмкүн.

V БӨЛҮМ
 КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

103-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши жөнүндө

1. Ушул Кодекс расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын ушул Кодекске ылайык келтиргенге чейин, мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылар ушул Кодекске карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

104-берене. Ченемдик укуктук актыларды ушул Кодекске ылайык келтирүү

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

2006-жылдын 7-августундагы N 151 Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси ("Эркин Тоо" газетасы, 2006-ж., 15-август, N 60);

2009-жылдын 27-апрелиндеги N 132 "Балдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасы, 2009-ж., 1-май, N 31-32);

2011-жылдын 29-декабрындагы N 255 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси ("Эркин Тоо" газетасы, 2012-ж., 10-январь, N 1).

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

алты айлык мөөнөттөн кечиктирбестен өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Кодекске ылайык келтирсин;

мыйзам актыларын ушул Кодекстин жоболоруна ылайык келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштарды киргизсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Атамбаев

 

2012-жылдын 31-майында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

 

 






Баардык укутар корголон, Copyright 2017
"Кыргыз Республикасынын
Нотариалдык палатасы"

E-mail

Web site

Коомдук бирикме

Not-palata@yandex.com

http://www.Not-palata.kg
"Кыргыз Республикасынын
Нотариалдык палатасы"

Байланыш үчүн
телефон номерлери:


Дарегибиз:

+996 312 654621
+996 312 343527
+996 555 024823

720010, Кыргыз Республикасы, 
Бишкек шаары, Токтогул көч., 230