Мы в соцсетях

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ҮЙБҮЛӨ КОДЕКСИ

Бишкек шаары, 2003-жылдын 30-августу N 201

(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 26-июлундагы N 96, 2005-жылдын 25-февралындагы N 38, 2005-жылдын 20-июнундагы N 80, 2008-жылдын 12-июнундагы N 117, 2009-жылдын 17-июлундагы N 223, 2009-жылдын 17-июлундагы N 233, 2011-жылдын 4-майындагы N 20, 2011-жылдын 26-июлундагы N 147, 2012-жылдын 15-мартындагы N 14, 2012-жылдын 17-майындагы N 54, 2012-жылдын 16-июлундагы N 114, 2014-жылдын 16-январындагы N 12, 2014-жылдын 30-июнундагы N 100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Ушул Кодекс Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык никеге туруунун, никени токтотуунун жана аны жараксыз деп табуунун шарттары менен тартибин белгилейт, үйбүлө мүчөлөрүнүн: жубайлардын, ата-энелер менен балдардын (асырап алуучулардын жана асырап алынгандардын) ортосунда, ал эми үйбүлө мыйзамдарында каралган учурларда жана чектеринде башка туугандар менен бөлөк адамдардын ортосундагы жеке мүлктүк эмес жана мүлктүк мамилелерди жөнгө салат.

(КР 2014-жылдын 16-январындагы N 12 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

I БӨЛҮМ
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-глава
Үйбүлө мыйзамдары

1-статья. Үй-бүлө мыйзамдарынын негизги милдеттери

1. Үй-бүлө - коомдун негизи.

Үй-бүлө, аталык, энелик, балалык - бүткүл коомдун камкордугунун жана айрыкча мыйзамдык коргоонун жүйөсү.

Мамлекет жарандарды үй-бүлөлүк турмушка, жубайлыкка, аталыкка жана энеликке даярдоону камсыз кылат.

Мамлекет жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды багууну, тарбиялоону, окутууну камсыз кылат.

Үй-бүлө мыйзамдары үй-бүлөнү чыңдоо, үй-бүлө мамилелерин өз ара сыйлашуу, өз ара жардамдашуу сезимдеринде куруу жана үй-бүлөнүн алдындагы анын бардык мүчөлөрүнүн жооптуулугунун, кимдир-бирөөнүн үй-бүлөнүн ишине оюна келгендей кийлигишүүсүнө жол бербөөнүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз укуктарын тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруусун камсыз кылуунун, бул укуктарда сот аркылуу коргоо мүмкүнчүлүгүнүн үй-бүлө мамилелериндеги гендердик теңдиктин зарылдыгынан улам келип чыгат.

2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында катталган нике таанылат.

Нике жана үй-бүлө маселелерине тиешелүү диний ырым-жырымдар укуктук мааниге ээ эмес.

3. Үй-бүлө мамилелерин жөнгө салуу ыктыярдуу негизде жана никелешкен адамдардын өз ара макулдугунун, жубайлардын үй-бүлөдөгү укуктарынын теңдигине, үй-бүлөнүн ички маселелерин өз ара макулдашып чечишине, баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылууга, балдарды үй-бүлөдө тарбиялоого артыкчылык берүүгө, алардын бейпилдигине жана өсүп-жетилишине камкордук кылууга, үй-бүлөнүн жашы жетпеген жана эмгекке жарамсыз мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциптерине ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Никеге турганда жана үй-бүлө мамилелеринде социалдык, расалык, этностук, тилдик белгилери же дин тутуусу, ден соолугун чектөөлөрү боюнча жарандардын укуктарын чектөөнүн кандай гана түрүнө болбосун тыюу салынат.

Үй-бүлөдөгү жарандардын укуктарына мыйзамдын негизинде гана жана калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн жана башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында зарыл болгон деңгээлде гана чектөө коюлушу мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 17-майындагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Кодексте төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

нике - үйбүлө күтүү максатында түзүлгөн, жубайлардын ортосундагы мүлктүк жана мүлктүк эмес мамилелерин жарата турган, мыйзамда белгиленген тартипте тараптардын эркин жана толук макулдугу менен эркек жана аялдын ортосундагы тең укуктуу баш кошуусу;

жалган нике - үйбүлө күтөм деп ниеттенбестен, никенин катталышынан улам келип чыга турган кандайдыр бир пайда табууну көздөп түзүлгөн нике;

үйбүлө - никеден, туугандыктан, бала асырап алуу же балдарды тарбияга алуунун дагы башка түрлөрүнөн улам келип чыгуучу үйбүлөлүк мамилелердин чыңдалышына жана өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө кызмат кылуучу мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктар жана милдеттер менен байланышкан адамдардын чөйрөсү;

нике курагы - адамдын никеге турушуна укук берген курак;

балалык - бойго жетпегендердин укуктук абалы;

мүлктүн келишимдик тартиби - жубайлардын жана алардын нике келишими аркылуу белгиленген менчигинин тартиби;

карын энелик келишим - балалуу болууну каалаган адамдар менен жасалма уруктандыруу же башка эмбрионду салуу усулун колдонууга макулдук берген аялдын ортосундагы макулдашуу;

алименттер - бир адам тарабынан аны алууга укугу бар экинчи адамга берүүгө милдеттүү болгон каражат;

үйбүлөлүк абал - никеде тургандагы же ажырашкандагы абал, балдардын же үйбүлөнүн башка мүчөлөрүнүн болушу же болбошу;

материалдык абал - эмгек акынын, пенсиянын, дагы башка кирешелердин болушу же болбошу, алардын өлчөмү, мүлктүн болушу, эмгекке жөндөмдүүлүгүн (абалын) жоготуу даражасы, үйбүлөнүн башка мүчөлөрүнөн материалдык жардамдын алынышы же алынбашы;

жарандык абалдын актылары - юридикалык жактан жол-жоболоштурулган жагдайлар, ал адамды жекелештирет жана анын укуктары менен милдеттеринин жаралышы, өзгөрүшү жана токтотулушу да ушуга байланыштуу болот;

жакын туугандар - ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандар, чоң ата, чоң эне, таята, таяне, неберелери;

(Он төртүнчү абзац КР 2012-жылдын 17-майындагы N 54 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

камкорчу (көзөмөлчү) - камкорчулук жана көзөмөлчүлүк кылуу иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн мыйзамда белгиленген тартипте дайындалган адам;

камкорчулук (көзөмөлчүлүк) - жашы жетпегендердин жана сот тарабынан аракетке жөндөмсүз (аракетке чектелүү жөндөмдүү) деп табылгандардын укуктары менен кызыкчылыктарын укук жагынан коргоонун түрү;

балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөр - райондук мамлекеттик администрациялардын же болбосо аткаруучу-тескөөчү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын алдында түзүлгөн балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча адистештирилген түзүмдүк бөлүмдөр;

үй-бүлөнүн эмгекке жарамсыз мүчөлөрү - он алты жашка чейинки балдар (анын ичинде, асырап алынган уулдар же асырап алынган кыздар), же болбосо пенсиялык мыйзамдарга ылайык пенсиялык куракка жеткен же медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) тарабынан эмгекке жарамсыз деп табылган ата-эне (анын ичинде, асырап алуучулар), жубайлар, ата-энеси бир же ата-энеси башка ага-инилер жана эже-сиңдилер (он алты жашка чейин);

репродуктивдүү ден соолук - дени сак перзент жаратууга жөндөмдүүлүгүн көрсөтө турган адамдын ден соолугу;

карын энелик - карын эне менен кудуреттүү ата-эненин ортосунда түзүлгөн келишим боюнча баланы бойго бүтүрүү, боюнда көтөрүү жана төрөө;

гендердик теңчилик - коомдогу ар башка жыныстагы адамдардын социалдык жактан бирдей абалда болушу;

үй эмгеги - үйбүлөнүн муктаждыгын канааттандырууга багытталган өзалдынча эмгектенүүнүн бир түрү;

балдар эмгегинин эң жаман формасы - кулчулуктун бардык формалары, ошондой эле мажбурланган же милдеттендирилген эмгек, анын ичинде мүнөзү жана аткаруунун шарттары боюнча балдардын ден соолугуна же адеп-ахлагына зыян келтириши мүмкүн болгон жумуштар.

(КР 2008-жылдын 12-июнундагы N 117, 2012-жылдын 17-майындагы N 54 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

3-статья. Үйбүлө мамилелериндеги гендердик теңчилик

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген Кыргыз Республикасында аялдардын жана эркектердин укуктарынын теңдигине, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ылайык, аялдар жана эркектер үй-бүлө мамилелеринде жеке жана бирдей мүлктүк укуктарга жана милдеттерге ээ болушат.

2. Үйбүлө мамилелериндеги гендердик теңчилик коом жана мамлекет тарабынан коргоого алынат.

3. Үйбүлө мүчөлөрү жана алар менен бирге жашап жаткан адамдардын ортосундагы мамилелер гендердик теңчиликке, ошондой эле инсандын ар-намысы менен аброюн сыйлоо принциптерине негизделет.

4. Үйбүлө мамилелеринде гендердик укукту кемсинтүүгө тыюу салынат.

(КР 2008-жылдын 12-июнундагы N 117, 2012-жылдын 17-майындагы N 54 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

4-статья. Үйбүлө мыйзамдары жана үйбүлө укуктарынын ченемдерин камтыган дагы башка актылар

1. Үй-бүлө мыйзамдары ушул Кодекстен, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинен жана аларга ылайык кабыл алынуучу башка мыйзамдардан (мындан ары - мыйзамдар) турат.

2. Ушул Кодекстин негизинде жана аны, Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түздөн-түз ушул Кодексте, дагы башка мыйзамдарда, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарында каралган учурларда ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга укуктуу.

(КР 2008-жылдын 12-июнундагы N 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-статья. Жарандык мыйзамдарды үйбүлө мамилелерине колдонуу

Үйбүлө мыйзамдары менен жөнгө салынбаган (ушул Кодекстин 4-статьясы) ушул Кодекстин преамбуласында айтылган үйбүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке мамилелерге жарандык мыйзамдар колдонулат, анткени ал үйбүлө мамилелеринин маани-мазмунуна карама-каршы келбейт.

6-статья. Окшоштугуна жараша үйбүлө мыйзамдарын жана жарандык мыйзамдарды үйбүлө мамилелерине колдонуу

Эгерде үйбүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы мамилелер үйбүлө мыйзамдары же тараптардын макулдашуусу менен жөнгө салынбаса жана аталган мамилелерди түздөн-түз жөнгө салуучу жарандык укуктук ченемдер жок болгон учурда, эгерде ушул мамилелердин маани-мазмунуна карама-каршы келбесе, аларга окшош мамилелерди жөнгө салуучу (окшош мыйзам) үйбүлөлүк жана (же) жарандык укук ченемдери колдонулат. Мындай ченемдер жок болгондо үйбүлө мүчөлөрүнүн укуктары менен милдеттери үйбүлөлүк жана жарандык укуктун негиздери менен принциптеринин (окшош укукка) жалпы башатынан, ошондой эле гумандуулуктун, акыл-эстүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн принциптеринин негизинде аныкталат.

7-статья. Үйбүлө мыйзамдары жана эларалык укуктун ченемдери

Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдерде үйбүлө мыйзамдарында каралгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эларалык келишимдин эрежелери колдонулат.

(КР 2008-жылдын 12-июнундагы N 117, 2012-жылдын 17-майындагы N 54 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-глава
Үйбүлө укуктарын жүзөгө ашыруу жана коргоо

8-статья. Үйбүлө укуктарын жүзөгө ашыруу жана үйбүлөлүк милдеттерди аткаруу

1. Эгерде ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, жарандар үйбүлө мамилелеринен (үйбүлө укуктарынан), анын ичинде ушул укуктарды коргоо укуктарынан келип чыгуучу өздөрүнө таандык болгон укуктардан өздөрү каалагандай пайдалана алышат.

Үйбүлө мүчөлөрүнүн өз укуктарын жүзөгө ашырышы жана өз милдеттерин аткарышы үйбүлөнүн башка мүчөлөрү менен башка жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын бузбашы керек.

2. Үйбүлө укуктары мыйзам тарабынан коргоого алынат, эгерде алар бул укуктардын милдеттерине карама-каршы жүзөгө ашырылгандан тышкаркы учурларда болсо.

9-статья. Үйбүлө укуктарын коргоо

1. Үйбүлө укуктарын коргоо жарандык сот өндүрүшүнүн эрежелери боюнча, ал эми ушул Кодексте каралган учурларда - мамлекеттик органдар, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөр тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Үйбүлө укуктарын коргоо ушул Кодекстин тиешелүү статьяларында каралган ыкмалар жана Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси менен жүзөгө ашырылат.

(КР 2008-жылдын 12-июнундагы N 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. Үйбүлө мамилелеринде доонун эскиришин колдонуу

1. Эгерде бузулган укукту коргоо мөөнөтү ушул Кодексте белгиленген учурларды кошпогондо, үйбүлө мамилелеринен келип чыгуучу талаптарга доонун эскириши жайылтылбайт.

2. Доонун эскиришин белгилөөчү ченемдерди колдонгон учурда сот Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 214-219-статьяларынын эрежелерин жетекчиликке алат.

II БӨЛҮМ
НИКЕГЕ ТУРУУ ЖАНА ТОКТОТУУ

3-глава
Никеге туруунун шарттары жана тартиби 

11-статья. Никеге туруу

1. Никеге туруу жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында, ал эми мыйзамда каралган учурларда, - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттин аймагында жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде жүргүзүлөт.

2. Жубайлардын укуктары менен милдеттери түзүлгөн нике мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып пайда болот.

(КР 2012-жылдын 17-майындагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Никеге туруунун тартиби

1. Никеге туруу никеге туруп жаткан адамдардын өздөрүнүн катышуусу менен алардын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына арыз берген күнүнөн тартып бир ай өткөндөн кийин жүргүзүлөт.

Жүйөлүү себептер болгон учурда никеге турууну мамлекеттик каттоо жүргүзүлүүчү жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу органы бир ай өткөнгө чейин уруксат бере алат, ошондой эле бул мөөнөттү узарта алат, бирок ал бир айдан ашпоого тийиш.

Өзгөчө жагдайлар (боюна бүткөндө, бала төрөлгөндө, тараптардын биринин өмүрүнө түздөн-түз коркунуч туулганда) болгон учурда нике арыз берилген күнү түзүлүшү мүмкүн.

2. Никеге турууну мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

3. Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын никени каттоодон баш тартуусуна никеге турууну каалагандар (экөөнүн бирөөсү) тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн.

(КР 2005-жылдын 20-июнундагы N 80 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-статья. Никеге туруунун шарттары

1. Никеге туруу үчүн никеге туруп жаткан эркек менен аялдын ыктыярдуу өзара макулдугу жана алардын нике курагына жетилиши зарыл.

2. Ушул Кодекстин 15-статьясында көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо никеге турууга жол берилбейт.

14-статья. Нике курагы

1. Нике курагы он сегиз жаш деп белгиленет.

2. Жүйөлүү себептер болгондо никеге турууну каалаган адамдардын жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары бул адамдардын өтүнүчү боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн комиссиялык корутундусунун негизинде эркектер жана аялдар үчүн нике курагын бир жылдан ашырбастан төмөндөтүүгө укуктуу.

(КР 2005-жылдын 20-июнундагы N 80, 2011-жылдын 26-июлундагы N 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

15-статья. Никеге турууга тоскоолдук болуучу жагдайлар

Төмөндөгүлөрдүн ортосунда никеге турууга жол берилбейт:

адамдардын бирөөсү эле башка адам менен катталган никеде турса;

жакын туугандарга (улуулата жана кичүүлөтө түз тараган туугандарга (ата-энелери менен балдары, чоң атасы, чоң энеси, таята, таянеси жана неберелери), бир ата-энеден төрөлгөн жана атасы же энеси бир эркек-кыз бир туугандарга;

асырап алуучулар менен асырап алынгандарга;

психикалык бузулуулардан бир эле адам сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса.

16-статья. Никеге туруучу адамдарды медициналык жактан текшерүү

1. Никеге туруучу адамдарды медициналык жактан текшерүү, ошондой эле медициналык-генетикалык маселелер, үйбүлөнү пландаштыруу маселелери боюнча консультацияларды берүү никеге туруучулардын макулдугу менен гана алардын жашаган жериндеги саламаттык сактоо мекемелери тарабынан акысыз жүргүзүлөт.

2. Никеге туруучу адамды текшерүүнүн натыйжалары медициналык жашыруун сырды түзөт жана ал никеге турууга ниеттенген адамга медициналык текшерүүдөн өткөн адамдын макулдугу менен гана айтылышы мүмкүн.

3. Эгерде никеге туруп жаткан адамдардын бири экинчисинен венерикалык оорусу же ВИЧ-инфекциясы менен ооруй турганын жашырса, кийинкиси никени жараксыз деп табуу талабы менен сотко кайрылууга укуктуу (ушул Кодекстин 28-31-статьялары).

4-глава
Никенин токтотулушу

17-статья. Никени токтотуу үчүн негиздер

1. Жубайлардын бири каза табуунун айынан, же сот тарабынан өлгөндүгүн жарыялоодон улам нике токтотулат.

2. Нике жубайлардын биринин же экөөсүнүн арызы боюнча никени бузуу жолу менен, ошондой эле сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган жубайлардын көзөмөлчүсүнүн арызы боюнча токтотулушу мүмкүн.

18-статья. Никени бузуу жөнүндө талап койгон күйөөсүнүн укугун чектөө

Аялы кош бойлуу кезинде жана ортодогу баласы төрөлгөндөн кийин бир жыл ичинде аялынын макулдугусуз күйөөсү ажырашуу жөнүндө иш козгоого укугу жок.

(КР 2012-жылдын 17-майындагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-статья. Никени бузуунун тартиби

Никени бузуу жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында, ал эми ушул Кодекстин 22-24-статьяларында каралган учурларда - сот тартибинде жүргүзүлөт.

20-статья. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында никени бузуу

1. Ортодо жашы жетпеген балдары болбосо жана мүлк жагынан жана башкалар боюнча бири-бирине доосу болбогон жубайлардын ортосунда ажырашуу жөнүндө макулдашуу болгондо, никени бузуу жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында жүргүзүлөт.

2. Жубайлардын биринин арызы боюнча жубайлардын ортосунда жашы жетпеген балдары болгонуна карабастан, никени бузуу жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында жүргүзүлөт, эгерде башка жубайы:

сот тарабынан дайынсыз жок болду деп табылса;

сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса;

кылмыш жасагандыгы үчүн сот тарабынан үч жылдан ашуун мөөнөткө эркинен ажыратылса.

3. Никени бузуу жана никенин бузулгандыгы тууралу күбөлүк берүү жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан никени бузуу жөнүндө жубайлардын чогуу берген арызынан бир ай өткөндөн кийин жүргүзүлөт.

4. Никени бузууну мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

21-статья. Никени бузуу учурунда жубайлардын ортосунда келип чыгуучу талаш-тартышты жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында кароо

Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү, багууга муктаж эмгекке жөндөмсүз жубайын кароого кетүүчү каражатты төлөп берүү жөнүндөгү талаш-тартыш, ошондой эле бир жубайы сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же кылмыш жасагандыгы үчүн үч жылдан ашуун мөөнөткө эркинен ажыратылган (ушул Кодекстин 20-статьясынын 2-пункту) жубайлардын ортосунда келип чыгуучу балдар тууралу талаш-тартыштар жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында никенин бузулгандыгына карабастан, сот тартибинде каралат.

22-статья. Никени сот тартибинде бузуу

1. Ушул Кодекстин 20-статьясынын 2-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, жубайлардын ортосунда жашы жетпеген балдары болсо, же никени бузууга жубайлардын бири макул болбосо, мүлк жагынан бири-бирине доосу болсо, никени бузуу сот тартибинде жүргүзүлөт.

2. Эгерде жубайлардын бири никени бузууга каршы болбосо да, жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында никени бузуудан баш тартса (арыз берүүдөн баш тартат, никени бузууну мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө баргысы келбейт жана башка), никени бузуу сот тартибинде жүргүзүлөт.

23-статья. Никени бузууга жубайлардын биринин макулдугу болбогон учурда сот тартибинде никени бузуу

1. Эгерде жубайлардын мындан ары чогуу жашоо жана үйбүлөнү сактап калуу мүмкүн эместиги сот тарабынан аныкталса, никени бузуу сот тартибинде жүргүзүлөт.

2. Жубайлардын бири никени бузууга макул болбосо, никени бузуу жөнүндө иш каралган учурда, сот жубайларды жараштыруунун чараларын көрүүгө, жубайлардын жарашуусу үчүн үч айдын аралыгындагы мөөнөт дайындап, ишти кароону кийинкиге калтырууга укуктуу.

Эгерде жубайларды жараштыруу боюнча чаралар натыйжа бербесе жана жубайлар (алардын бири) никени бузууга талап коюп туруп алса, никени бузуу жүргүзүлөт.

24-статья. Жубайлар никени бузууга өзара макул болушканда никени сот тартибинде бузуу

1. Ортодо жашы жетпеген балдары бар жубайлар никени бузууга өзара макул болушса, ошондой эле ушул Кодекстин 22-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн жубайларды сот ажырашуунун жүйөсүн териштирбестен эле никени бузат. Жубайлар соттун кароосуна ушул Кодекстин 25-статьясынын 1-пунктунда каралган балдар жөнүндө макулдашууну берүүгө укуктуу. Мындай макулдашуу жок болсо, же эгерде макулдашуу балдардын кызыкчылыгын бузуп жатса, сот ушул Кодекстин 25-статьясынын 2-пунктунда каралган балдардын кызыкчылыгын коргоочу чараларды көрөт.

2. Сот тартибинде никени бузуу никени бузуу жөнүндө жубайлар арыз берген күндөн тартып кеминде бир ай өткөндөн кийин сот тарабынан жүргүзүлөт.

25-статья. Никени бузуу жөнүндө чечим чыгарылганда сот тарабынан чечилүүчү маселелер

1. Сот тартибинде нике бузулганда жубайлар жашы жетпеген балдары алардын кимиси менен жашай турганы жөнүндө, балдарын багууга жана(же) эмгекке жөндөмсүз жубайына каражат төлөп берүүнүн тартиби, бул каражаттардын өлчөмдөрү, болбосо жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү тууралу макулдашууну соттун кароосуна бере алышат.

2. Эгерде ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча жубайлардын ортосунда макулдашуу жок болгон учурда, ошондой эле эгерде бул макулдашуу балдардын же жубайлардын биринин кызыкчылыгын бузат деп табылган учурда, сот төмөндөгүлөргө милдеттүү:

ата-энеси ажырашкандан кийин жашы жетпеген балдар алардын кимиси менен жашай турганын аныктоого;

балдарына ата-энесинин кимисинен жана кандай өлчөмдө алимент чегерилип алынарын аныктоого;

алардын ортосундагы менчикте болгон мүлктү жубайлардын (алардын биринин) талабы боюнча бөлүштүрүүгө;

башка жубайынан тиричилик өткөргүдөй каражат алууга укугу бар жубайынын талабы боюнча, ал каражаттын өлчөмүн аныктап берүүгө.

3. Эгерде мүлктү бөлүштүрүү үчүнчү жактын кызыкчылыктарын козгой турган болсо, сот мүлктү бөлүштүрүп берүү жөнүндө талапты өзүнчө иш өндүрүшү катары бөлүүгө укуктуу.

Үйбүлөдө жашы жетпеген балдар болсо мүлктү жубайлардын ортосунда бөлүштүрүү доогердин арызы боюнча анын колунда калган балдардын үлүшүн эсепке алуу менен жүзөгө ашырылат.

26-статья. Никени бузууда анын токтотулган учуру

1. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында никенин бузулушу жарандык абалдын актыларын жазуу китебинде мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып токтотулат, ал эми нике сотто бузулганда - соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.

2. Сотто никени бузуу жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген тартипте милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

Сот никени бузуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүн ичинде соттун бул чечиминин көчүрмөсүн никеге турууну мамлекеттик каттоодон өткөргөн жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органына жиберүүгө милдеттүү.

Никени бузуу жөнүндө күбөлүктү кимисинин болбосун жашаган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органынан алганга чейин жубайлардын жаңы никеге турууга укуксуз.

27-статья. Өлдү деп жарыяланган же дайынсыз жоголду деп табылган жубайы келген учурда никени калыбына келтирүү

1. Сот тарабынан өлдү деп жарыяланган же сот тарабынан дайынсыз жоголду деп табылган жубайы келген учурда жана тиешелүү сот чечимдери жокко чыгарылганда нике жубайлардын биргелешип жазган арызынын негизинде жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.

2. Эгерде жубайынын бири жаңы никеге турган болсо, нике калыбына келтирилбейт.

5-глава
Никенин жараксыздыгы

28-статья. Никени жараксыз деп табуу

1. Ушул Кодекстин 13-15-статьяларында жана 16-статьясынын 3-пунктунда белгиленген шарттар бузулса, ошондой эле жалган нике түзүлгөн учурда, башкача айтканда жубайлар же алардын бири үйбүлө түзүү ниети болбой туруп никеге катталганда, нике жараксыз деп табылат.

2. Никени жараксыз деп табуу сот тарабынан жүргүзүлөт.

3. Никени жараксыз деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып сот үч күндүн ичинде соттун ушул чечиминин көчүрмөсүн никеге турууну мамлекеттик каттоодон өткөргөн жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу органына жиберүүгө милдеттүү.

4. Никенин корутундусу чыккан күндөн тартып ал жараксыз деп табылат (ушул Кодекстин 11-статьясы).

29-статья. Никени жараксыз деп табууну талап кылууга укугу бар адамдар

1. Никени жараксыз деп табууну талап кылууга төмөндөгүлөр укуктуу:

а) жашы жетпеген жубайы, анын ата-энеси (аларды алмаштыруучу адамдар) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүм же прокурор, эгерде нике нике курагына жетпеген адам менен түзүлсө, бул адам нике курагына жеткенге чейин никеге турууга уруксаты болбогондо (ушул Кодекстин 14-статьясы). Жашы жетпеген жубайы он сегиз жашка чыккандан кийин никени жараксыз деп табууну талап кылууга жубайы гана укуктуу;

б) никеге туруу менен укугу бузулган жубайы, ошондой эле прокурор, эгерде нике жубайлардын биринин ыктыярдуу макулдугусуз түзүлсө: мажбурлоонун, алдоонун, адаштыруунун же никени мамлекеттик каттоодон өткөрүү учурунда өзүнүн абалы менен өзүнүн жасап жаткан аракетинин маанисин түшүнбөй жана аны башкарууга мүмкүнчүлүгү келбей турган абалда түзүлсө;

в) никеге турууга жолтоо болгон жагдайлардын бар экенин билбеген жубайы, аракетке жөндөмсүз деп табылган жубайынын камкорчусу бузула элек никеде турган мурдагы жубайы, ушул Кодекстин 15-статьясынын талаптарын бузуу менен түзүлгөн никеден улам укуктары бузулган дагы башка адамдар, ошондой эле балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөр жана прокурор;

г) прокурор, ошондой эле жалган нике түзүлгөн учурда анын жалган түзүлгөнүн билбеген жубайы;

д) ушул Кодекстин 16-статьясынын 3-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо укугу бузулган жубайы.

2. Нике курагына жете элек адам ошондой эле сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган адам менен түзүлгөн никени жараксыз деп табуу жөнүндө иш каралганда бул ишке катышууга балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөр тартылат.

30-статья. Никенин жараксыздыгын четтетүүчү жагдайлар

1. Эгерде никени жараксыз деп табуу жөнүндө иш каралган учурга карата мыйзам күчүнөн улам никенин түзүлүшүнө жолтоо болгон баштагы жагдайлар жараксыз болуп калса, сот никени жарактуу деп таба алат.

2. Эгерде муну жашы жетпеген жубайынын кызыкчылыгы талап кылса, ошондой эле никени жараксыз деп таанууга макулдугу жок болсо, сот нике курагына жете элек адам тарабынан түзүлгөн никени жараксыз деп табуу жөнүндө коюлган доодон баш тарта алат.

3. Эгерде никеде катталгандар иши сот тарабынан каралганга чейин эле үйбүлө түзүп алган болсо, сот никени жалган нике деп таба албайт.

4. Эгерде ишти сот караганга чейин никеси катталган адамдардын ортосунда бала төрөлүп калса, мындай никени сот жалган нике деп таба албайт.

5. Жубайлардын ортосунда мыйзам тарабынан тыюу салынган туугандык жакындыгы болгон же никени каттоо учурунда жубайлардын бири бузула элек, башка никеде турган (ушул Кодекстин 15-статьясы) учурларды кошпогондо, нике бузулгандан кийин анын жараксыз деп табылышы мүмкүн эмес.

31-статья. Никени жараксыз деп табуунун натыйжалары

1. Ушул статьянын 4 жана 5-пункттарында белгиленгенден башка учурларды кошпогондо, сот тарабынан жараксыз деп табылган нике ушул Кодексте каралган жубайлардын укуктары менен милдеттерин жаратпайт.

2. Никеси жараксыз деп табылган адамдар биргелешип сатып алган мүлккө карата Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин үлүштүк менчик жөнүндө жоболору колдонулат. Жубайлар тарабынан түзүлгөн нике келишими (ушул Кодекстин 43-45-статьялары) жараксыз деп табылат.

3. Никенин жараксыз деп табылышы ушундай никеде же нике жараксыз деп табылган күндөн тартып үч жүз күндүн ичинде төрөлгөн балдардын укугуна таасирин тийгизбейт (ушул Кодекстин 51-статьясынын 2-пункту).

4. Никени жараксыз деп табуу жөнүндө чечим чыгарылганда сот ушундай никеге туруу менен жубайынын бузулган укугун (ак ниеттүү жубайынын), ушул Кодекстин 95 жана 96-статьяларына ылайык башка жубайынан каражат алып туруу укугун, ал эми нике жараксыз деп табылган учурга чейин биргелешип алынган мүлктү бөлүштүрүүгө карата ушул Кодекстин 35, 39 жана 40-статьяларында белгиленген жоболорун колдонуу укугуна, ошондой эле нике келишимин толук же жарым-жартылай жарактуу деп таанууга укуктуу.

Ак ниеттүү жубай жарандык мыйзамдарда каралган эрежелер боюнча өзүнө келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

5. Ак ниеттүү жубай нике жараксыз деп табылганда никеге туруу мамлекеттик каттоодон өткөндө тандап алган фамилиясын сактап калууга укуктуу.

III БӨЛҮМ
ЖУБАЙЛАРДЫН УКУКТАРЫ МЕНЕН МИЛДЕТТЕРИ

6-глава
Жубайлардын жеке укуктары менен милдеттери

32-статья. Жубайлардын үйбүлөдөгү теңдиги

1. Жубайлардын ар бири иштин, кесиптин түрүн, бара турган жана жашай турган жерин эркин тандай алат.

2. Энелик, аталык, балдарга билим, тарбия берүү жана үйбүлөнүн башка маселелери жубайлардын теңдигинин принцибине таянып, жубайлар тарабынан чогуу чечилет.

3. Жубайлар үйбүлөдөгү мамилелерин өзара сыйлашуу менен жардамдашуунун негизинде түзүүгө, үйбүлөнүн бейпилдигине жана чыңдалышына көмөктөшүү, өздөрүнүн балдарынын бакыбаттыгына жана өсүп жетилишине кам көрүү негизинде курууга милдеттүү.

4. Жубайларга үйдөгү эмгекке карата бирдей милдет жүктөлөт.

5. Жубайлардын бири-бирине карата гендердик басмырлоо жасашына жол берилбейт.

33-статья. Жубайлардын фамилия тандап алуу укугу

1. Жубайлар никеге турганда өз каалоосу боюнча биринин фамилиясын жалпы фамилия катары тандап алышат, болбосо жубайлардын ар бири никеге чейинки өздөрүнүн фамилияларын сактап калышат, же өзүнүн фамилиясына жубайынын фамилиясын кошуп алат.

Эгерде жубайлардын биринин никеге чейинки фамилиясы кош фамилия болсо, фамилияларды бириктирүүгө жол берилбейт.

2. Бир жубайынын фамилиясынын өзгөрүлүшү экинчи жубайынын фамилиясынын өзгөрүлүшүнө алып келбейт.

3. Нике бузулган учурда жубайлар жалпы фамилиясын сактап калууга же өзүнүн никеге чейинки фамилиясын калыбына келтирүүгө укуктуу.

7-глава
Жубайлардын мүлкүнүн мыйзамдуу режими

34-статья. Жубайлардын мүлкүнүн мыйзамдуу режим түшүнүгү

Жубайлардын мүлкүнүн мыйзамдуу режими алардын ортосундагы менчик режими болуп саналат.

Эгерде нике келишиминде башкасы белгиленбесе, жубайлардын мүлкүнүн мыйзамдуу режими колдонулат.

35-статья. Жубайлардын ортодогу менчиги

1. Никенин учурунда жубайлардын арттырган мүлкү алардын ортосундагы менчиги болуп саналат.

2. Никенин учурунда жубайлардын арттырган мүлкүнө (жубайлардын жалпы мүлкүнө) жубайлардын ар биринин иштеген ишинен, ишкердик жумушунан жана интеллектуалдык ишинин натыйжаларынан түшкөн кирешелер, алар алган пенсиялар, жөлөкпулдар, ошондой эле атайын максаттуу багыттамасы болбогон дагы башка акчалай төлөмдөр (материалдык жардамдын суммалары, оор жаракат алгандан же ден соолугуна дагы башкача залал келтирилгендин кесепетинен эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкондугуна байланыштуу төлөнгөн суммалар) кирет. Жубайлардын жалпы мүлкү катары, ошондой эле жубайлардын жалпы кирешелеринин эсебинен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр, баалуу кагаздар, пайлар, салымдар, кредит мекемелерине же дагы башка коммерциялык уюмдарга салынган капиталдагы үлүштөр жана кайсы жубайынын атына салынганына же акча каражаты жубайлардын кимиси тарабынан салынганына карабастан, никеде турган мезгилде жубайлар тарабынан арттырылган мүлк болуп саналат.

3. Жубайлардын жалпы мүлкүнө тиешелүү укук нике мезгилинде үй чарбасын жүргүзгөн, балдарын багып-тарбиялаган же башка жүйөлүү себептер менен өз алдынча киреше албаган жубайына да таандык болот.

36-статья. Жубайлардын жалпы мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө

1. Жубайлардын жалпы мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө жубайлардын өзара макулдугу менен жүзөгө ашырылат.

2. Жубайлардын жалпы мүлкүн тескөө боюнча жубайлардын бирөөсү тарабынан жасалган бүтүм экинчи жубайынын макулдук берген жүйөсү болбогону боюнча жана анын талабы боюнча гана жана эгерде бүтүм жасаган башка тарап экинчи жубайынын бүтүмдү жасоого макул эмес экендигин алдынала билгендиги, же макул эмес экендигин алдынала билип туруп жасагандыгы далилденген учурларда сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн.

3. Жубайлардын бири нотариалдык жактан ырастоону жана (же) мыйзамда белгиленген тартипте каттоону талап кылган кыймылсыз мүлктү тескөө боюнча бүтүм жасаш үчүн анын бүтүм жасоого жана каттоого катышуусун кошпогондо жубайынын нотариалдык жактан ырасталган макулдугун алышы керек.

Аталган бүтүмдү жасоого нотариалдык жактан ырасталган макулдугу алынбаган жубайы, бүтүмдүн жасалгандыгын билген же билүүгө тийиш болгон күндөн тартып үч жыл ичинде сот тартибинде бүтүмдү жараксыз деп табылышына талап коюуга укуктуу.

(КР 2005-жылдын 20-июнундагы N 80, 2009-жылдын 17-июлундагы N 223 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

37-статья. Жубайлардын ар биринин менчиги

1. Никеге турганга чейин жубайлардын ар бирине таандык болгон мүлк, ошондой эле никеде турган учурда жубайлардын бири мурас катары же дагы башка бекер бүтүмдөр боюнча алган белек (жубайлардын ар биринин мүлкү) анын менчиги болуп саналат.

2. Кымбат баалуу жана башка байлыктарга байланыштуу буюмзаттардан тышкаркы башка жеке пайдалануудагы (кийим-кечек, бут кийим жана башкалар) никеде турган мезгилде жубайлардын жалпы каражаттарынын эсебинен алынганына карабастан, аларды кайсы жубайы пайдаланып жүрсө, ошол жубайынын менчиги деп табылат.

38-статья. Жубайлардын ар биринин мүлкүнүн алардын ортосундагы менчик деп таанылышы

Эгерде никенин мезгилинде жубайлардын ортосундагы мүлктүн же жубайлардын ар биринин мүлкүнүн эсебинен болбосо жубайлардын бирөөсүнүн эмгегинен ушул мүлктүн наркынан кыйла жогору турган салымдар жасалса (капиталдык ремонт, реконструкция, кайра жабдуу ж.б.), жубайлардын ар биринин мүлкү алардын ортосундагы мүлк деп таанылышы мүмкүн.

39-статья. Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү

1. Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү нике мезгилинде да, нике бузулгандан кийин да жубайлардын ар биринин талабы боюнча, ошондой эле жаза чараны жубайлардын жалпы мүлкүндөгү жубайлардын биринин үлүшүнө айландыруу үчүн жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү жөнүндө кредитор тарабынан билдирүү жасалган учурда жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Жубайлардын жалпы мүлкү алардын макулдугу боюнча жубайлардын ортосунда бөлүштүрүлүшү мүмкүн. Жалпы мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө жубайлардын макулдашуусу алардын каалоосу боюнча нотариаддык жактан ырасталышы мүмкүн.

3. Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүүдө, ошондой эле бул мүлктөгү жубайлардын үлүштөрүн аныктоодо талаш-тартыш келип чыкса, ал сот тартибинде чечилет.

Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүүдө сот жубайлардын талабы боюнча кайсы мүлк жубайлардын кимисине бериле тургандыгын аныктайт. Эгерде жубайлардын бирине берилип жаткан мүлктүн наркы ага тиешелүү үлүштүн наркынан ашып кеткен учурда, экинчи жубайына тиешелүү өлчөмдөгү акчалай же дагы башка компенсация ыйгарылышы мүмкүн.

4. Сот үйбүлө мамилелери токтотулган учурда жубайлардын ар бири өз алдынча жашаган мезгилде арттырган мүлкүн алардын ар биринин жеке мүлкү катары тааный алат.

5. Жашы жетпеген балдардын муктаждыгын канааттандыруу үчүн гана сатып алынган буюмдар (кийим-кече, бут кийим, мектеп жана спорт шаймандары, музыкалык аспаптар, балдар китепканасы жана башкалар) бөлүштүрүлбөйт жана балдар жубайлардын кимиси менен жашаса, ошого компенсациясыз берилет.

Жубайлардын жалпы мүлкүнүн эсебинен алардын ортосундагы жашы жетпеген балдардын атына салынган аманаттар, ушул балдарга таандык деп эсептелинет жана жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүргөндө эсепке алынбайт.

6. Никенин мезгилиндеги жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүүдө жубайлардын бөлүштүрүлө элек жалпы мүлкүнүн бир бөлүгү, ошондой эле никенин мезгилиндеги жубайлар арттырган мүлк андан ары алардын ортосундагы мүлктү түзөт.

7. Никеси бузулган жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү жөнүндө жубайлардын талаптарына карата никени токтотуу катталган учурдан тартып доонун эскиришинин үч жылдык мөөнөтү колдонулат.

(КР 2012-жылдын 17-майындагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

40-статья. Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүргөндө үлүштөрүн аныктоо

1. Эгерде жубайлардын ортосундагы келишимде башкасы каралбаса, жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүргөндө жана бул мүлктөгү үлүштөрүн аныктаганда жубайлардын үлүшү тең деп таанылат.

2. Сот жашы жетпеген балдардын кызыкчылыгынан жана (же) жубайлардын биринин көңүл бурууга арзый турган кызыкчылыгынан, атап айтканда, эгерде экинчи жубайы жүйөлүү себепсиз киреше албаса, же жубайлардын жалпы мүлкүн үйбүлөнүн кызыкчылыгына залал келтирүү менен чыгымдаса, жубайлардын үлүштөрүнүн теңчилигинен таюуга укуктуу.

3. Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүргөндө жубайлардын жалпы карызы пропорционалдуу чегерилген алардын үлүштөрүнө жараша жубайлардын ортосунда бөлүштүрүлөт.

8-глава
Үй эмгеги

41-статья. Үй эмгегине бирдей мамиле

1. Жубайлар үй эмгегине карата бирдей милдетти аркалашат.

2. Үй эмгеги гендердик басмырлоонун амалы катары кызмат кыла албайт жана жубайлардын экөө тарабынан бирдей даражада жүзөгө ашырыла алат.

3. Эмгектенүүдөгү теңдик саясатынын принциптери үй эмгегине да жайылтылат.

42-статья. Эмгекти тандоо укугу

(КР 2012-жылдын 17-майындагы N 54 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9-глава
Жубайлардын мүлкүнүн келишимдик режими

43-статья. Нике келишими

Жубайлардын никеге тургандагы жана (же) аны бузган учурдагы мүлктүк укуктарын жана милдеттерин аныктоочу жубайлардын же никеге туруп жаткан адамдардын макулдашуусу нике келишими катары таанылат.

(КР 2012-жылдын 17-майындагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

44-статья. Нике келишимин түзүү

1. Нике келишими никени мамлекеттик каттоодон өткөргөнгө чейин жана никеде турган мезгилдин кайсы учурунда болбосун түзүлүшү мүмкүн.

Никеге турууну мамлекеттик каттоодон өткөргөнгө чейин түзүлгөн нике келишими никеге туруу мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Нике келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана нотариалдык жактан ырасталат. Эгерде нике келишиминин шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келсе, анда нотариус мындай келишимди же макулдашууну ырастоодон баш тартат.

3. Нотариустун нотариалдык ишти аткаруудан баш тартышына сот тартибинде даттанса болот.

(КР 2012-жылдын 17-майындагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

45-статья. Нике келишиминин мазмуну

1. Жубайлардын нике келишими менен мыйзам аркылуу белгиленген ортодогу менчик режимин (ушул Кодекстин 35-статьясын) өзгөртүүгө, жубайлардын ортосундагы бардык мүлкүнө орток, үлүштүк же өз-өзүнчө менчигине, анын айрым түрлөрүнө же жубайлардын ар биринин мүлкүнө менчик режимин белгилөөгө укуктуу.

Нике келишими жубайлардын колундагы жана ошондой эле алардын алдыда боло турган мүлкүнө да түзүлүшү мүмкүн.

Жубайлар нике келишиминде бири-бирине каралашуу жагынан өз укуктары менен милдеттерин, бири-биринин кирешелерине катышуу ыкмаларын, ар бири үйбүлө чыгымдарын чыгаруу тартибин аныктап алууга; нике бузулган учурда ар бирине бериле турган мүлктү чектеп алууга, ошондой эле жубайлардын мүлктүк мамилелерине тиешелүү болгон дагы башка ар кандай жоболорду аныктап алууга укуктуу.

2. Нике келишиминде каралган укуктар менен милдеттер белгилүү мөөнөттөр аркылуу чектелиши, болбосо белгилүү шарттардын болушуна же болбошуна көз каранды болушу мүмкүн.

3. Нике келишими жубайлардын укук жарамдуулугун же аракетке жөндөмдүүлүгүн, алардын өз укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылуу укугун; жубайлардын ортосундагы мүлктүк эмес жеке мамилелерин, жубайлардын өз балдарына карата укуктары менен милдеттерин жөнгө салууну; эмгекке жөндөмсүз, жардамга муктаж болуп турган жубайынын каражат жагынан жардам алуу укугун чектөөчү жоболорду караштырууну; жубайлардын бирин өтө ыңгайсыз абалга коюучу дагы башка шарттардын болушун же Кыргыз Республикасынын үйбүлө мыйзамдарынын негизги башталыштарына карама-каршы келүүчү чектөөлөргө жол бербейт.

46-статья. Нике келишимин өзгөртүү жана бузуу

1. Нике келишими жубайлардын макулдугу менен кандай учурда болбосун, өзгөртүлүшү же бузулушу мүмкүн. Нике келишимин өзгөртүү же бузуу жөнүндө макулдашуу нике келишиминин өзүндөй эле жол менен жасалат.

Нике келишимин аткаруудан бир жактуу баш тартууга жол берилбейт.

2. Жубайлардын биринин талабы боюнча Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген негиздер жана тартип боюнча соттун чечиминин негизинде нике келишими өзгөртүлүшү же бузулушу мүмкүн.

3. Нике токтотулгандан кийинки мезгилге карата нике келишиминде каралган милдеттенмелерди кошпогондо, нике токтотулган учурдан тартып (ушул Кодекстин 26-статьясы) нике келишими күчүн жоготот.

47-статья. Нике келишимин жараксыз деп табуу

1. Нике келишими сот тарабынан Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин бүтүмдөрдүн жараксыздыгы үчүн каралган негиздери боюнча толук же жарым-жартылай жараксыз деп табылышы мүмкүн.

2. Эгерде келишимдин шарттары жубайлардын бирин өтө ыңгайсыз абалда калтырса, сот жубайынын талабы боюнча нике келишимин толук же жарым-жартылай жараксыз деп табышы мүмкүн. Ушул Кодекстин 45-статьясынын 3-пунктунун башка талаптарын бузуучу нике келишиминин шарттары өтө эле аз.

10-глава
Жубайлардын милдеттенмелер боюнча жоопкерчилиги

48-статья. Жаза чараны жубайлардын мүлкүнө айландыруу

1. Милдеттенмелер боюнча жубайлардын биринин жаза чарасы ошол жубайынын гана мүлкүнө айландырылышы мүмкүн. Бул мүлк жетишсиз болгондо кредитор жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүргөндө карыз болгон жубайга чегерилген карызды жубайынын үлүшүнөн бөлүп берүүнү талап кылууга укуктуу.

2. Эгерде жубайлардын биринин милдеттенмелери боюнча алынган бардык нерселер үйбүлөнүн муктаждыгына жумшалганы сот тарабынан аныкталса, жаза чара жубайлардын жалпы милдеттенмелери боюнча, ошондой эле жубайлардын биринин милдеттенмеси боюнча, жубайлардын жалпы мүлкүнө айландырылат. Бул мүлк жетишсиз болгондо аталган милдеттенмелер боюнча жубайлардын ар бири өз мүлкү боюнча бирдей жоопкерчилик тартышат.

Эгерде жубайлардын жалпы мүлкү жубайлардын биринин кылмыш жолу менен табылган каражаттарынын эсебинен сатып алынганы, же көбөйтүлгөнү соттун өкүмү менен аныкталса, жаза чара тиешелүү түрдө жубайлардын жалпы мүлкүнө же анын бир бөлүгүнө айландырылышы мүмкүн.

3. Жубайлардын жашы жетпеген балдары келтирген зыян үчүн жоопкерчилик жарандык мыйзамдар аркылуу аныкталат. Жубайлардын жашы жетпеген балдары келтирген зыяндын ордун толтурууда жаза чаранын жубайлардын мүлкүнө айландырылышы ушул статьянын 2-пунктуна ылайык жүргүзүлөт.

49-статья. Нике келишимин түзгөндө, өзгөрткөндө жана бузганда кредиторлордун укуктарынын кепилдиктери

1. Жубай өз кредиторун (кредиторлорун) нике келишимин түзгөндүгү, өзгөрткөндүгү же бузгандыгы жөнүндө кабардар кылууга милдеттүү. Бул милдетти аткарбаганда жубай нике келишиминин мазмунуна карабастан өз милдеттенмелери боюнча жооп берет.

2. Карыз болгон жубайдын кредитору (кредиторлору) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген тартипте олуттуу өзгөрүлгөн жагдайларга байланыштуу экөөнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин шарттарына өзгөртүү киргизүүнү же бузууну талап кылууга укуктуу.

IV БӨЛҮМ
АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БАЛДАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

11-Глава
Балдардын тегин аныктоо

50-статья. Ата-энелер менен балдардын укуктарынын жана милдеттеринин келип чыгышына негиздер

Ата-энелер менен балдардын укуктары жана милдеттери мыйзам тартибинде белгиленип ырасталган балдардын тегине негизделет.

51-статья. Баланын тегин аныктоо

1. Баланын энеден төрөлгөндүгү (энеси) баланын медициналык мекемеде энеден төрөлгөндүгүн тастыктоочу туулгандыгы тууралуу маалымдаманын негизинде, ал эми бала медициналык мекемеден тышкары жерде төрөлгөн учурда - тийиштүү саламаттык сактоо органы тарабынан ыйгарым укук берилген врач же медицина кызматкери берген же соттун чечими менен берилген баланын туулгандыгын ырастоочу маалымдаманын негизинде жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан аныкталат.

2. Эгерде бала өзара никеде турган адамдардан, ошондой эле нике бузулган, аны жараксыз деп тапкан же баланын энесинин жубайы өлгөн учурдан тартып үч жүз күндүн ичинде төрөлсө, эгерде башка жагдай далидденбесе, эненин жубайы (мурдагы күйөөсү) баланын атасы деп (ушул Кодекстин 55-статьясы) таанылат. Баланын энесинин жубайынын аталыгы алардын никеси жөнүндө жазуу менен ырасталат.

3. Эгерде баланын энеси баланын атасы өзүмдүн жубайым (мурдагы күйөөм) эмес деп билдирсе, балага карата аталык ушул статьянын 4-пунктунда же ушул Кодекстин 52-статьясында каралган эрежелер боюнча аныкталат.

4. Баланын энеси менен никеде турбаган адамдын аталыгын жарандык абалдын актыларын жазуу органына баланын атасы менен энесинин биргелешип жазган арызын берүү менен; энеси өлгөн, аракетке жөндөмсүз деп табылган, энесинин турган жерин билүүгө мүмкүн болбогон учурда же аны ата-энелик укуктардан ажыратканда - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн макулдугу менен баланын атасынын арызы боюнча, мындай макулдук болбогон учурда - соттун чечими боюнча аныкталат.

Аталыкты аныктоо тууралу биргелешкен арыз берүү бала төрөлгөндөн кийин мүмкүн эмес же кыйынчылык туудурушу мүмкүн болгон болжолдоого негиз болуучу жагдайлар болгон учурда өз ара никеде турбаган болочок баланын ата-энеси мындай арызды эне кош бойлуу кезинде жарандык абалдын актыларын жазуу органына берүүгө укуктуу. Баланын ата-энеси жөнүндө жазуу бала төрөлгөндөн кийин жүргүзүлөт.

5. Он сегиз жашка толгон (бойго жеткен) адамга карата аталыкты аныктоого - анын өзүнүн макулдугу менен гана, эгерде ал аракетке жөндөмсүз деп табылса, анын камкорчусунун же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн макулдугу менен гана жол берилет.

(КР 2005-жылдын 20-июнундагы N 80 Мыйзамынын, 2008-жылдын 12-июнундагы N 117 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

52-статья. Баланын атасын сот тартибинде аныктоо

1. Никеге турбаган ата-эненин ортосунда бала төрөлгөндө жана ата-эненин биргелешкен арызы же баланын атасынын арызы жок болгон учурда (ушул Кодекстин 51-статьясынын 4-пункту) баланын белгилүү бир адамдан (атадан) төрөлгөндүгү ата-эненин биринин, камкорчунун (көзөмөлчүнүн) арызы боюнча же ошол бала багуусунда турган адамдын арызы боюнча, ошондой эле бала өзү бойго жеткенде жазган арызы боюнча сот тартибинде аныкталат. Бул учурда сот баланын белгилүү бир адамдан жаралган деген тастыктоону тактоо менен социалдык, ошондой эле биологиялык далилдерди эске алат.

2. Никеге турбаган жана жасалма уруктандырууга макулдук берген аял, ошондой эле карын эне көмөкчү репродуктивдик технологияларды пайдаланууда колдонулган жыныс клеткаларынын донору болуп эсептелген эркекке карата аталыгын белгилөө жөнүндө талап менен сотко кайрылууга укуксуз.

(КР 2012-жылдын 17-майындагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

53-статья. Аталыкты таануу фактысынын сот тарабынан аныкталышы

Өзүн баланын атасымын деп эсептеген, бирок баланын энеси менен никеде турбай жүргөн адам өлүп калса, анын атасы экенин таануу жарандык процесстик мыйзамдар белгилеген эрежелер боюнча сот тартибинде аныкталышы мүмкүн.

54-статья. Баланын ата-энесин туулгандыгын жазуу китебине жазып коюу

1. Өзара никеде турган ата-эне алардын биринин берген арызы боюнча туулгандыгын жазуу китебине баланын ата-энеси катары жазылышат.

2. Эгерде ата-эне өзара никеде турбаса, баланын энеси тууралу жазуу эненин берген арызы боюнча жүргүзүлөт, ал эми баланын атасы тууралу жазуу - баланын ата-энесинин биргелешип жазган арызы боюнча, же баланын атасынын арызы боюнча (ушул Кодекстин 51-статьясынын 4-пункту) жүргүзүлөт, же атасы соттун чечимине ылайык жазылат.

3. Бала никеде турбаган энеден төрөлсө, ата-энесинин биргелешип жазган арызы болбосо, же атасынын ким экендиги тууралу соттун чечими жок болсо, баланын атасынын фамилиясы туулгандыгын жазуу китебине энесинин фамилиясы боюнча жазылат, баланын аты жана атасынын аты жана улуту энесинин көрсөтмөсү боюнча жазылат.

4. Никеде турган жана жасалма жол менен уруктандыруу же эмбрион салуу усулун (анын ичинде башка аялга) колдонууга жазуу жүзүндө макулдук берген адамдар ушул усулду колдонуунун натыйжасында бала төрөлгөн учурда, жарандык абалдын актыларын жазуу китебине анын ата-энеси деп жазылат.

(КР 2012-жылдын 17-майындагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

55-статья. Аталыкты (энеликти) талашуу

1. Ушул Кодекстин 54-статьясынын 1 жана 2-пункттарына ылайык, туулгандыгын жазуу китебине ата-энени жазуу баланын атасы же энеси катары жазылган адамдын, болбосо баланын чыныгы атасы же энеси болгон адамдын, ошондой эле бойго жеткенден кийин баланын өзү, баланын камкорчусунун (көзөмөлчүсүнүн) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган ата-эненин камкорчусунун талабы боюнча сот тартибинде гана талашышы мүмкүн.

2. Ушул Кодекстин 54-статьясынын 2-пунктунун негизинде баланын атасымын деп жазылган адамдын аталыгын талашуу тууралу талабы, эгерде жазылып жатканда ал баланын чыныгы атасы эмес экени белгилүү болсо, анын талабы канааттандырылбайт.

3. Мыйзамда белгиленген тартипте жасалма жол менен уруктандырууга же эмбрионду салуу усулун колдонууга жазуу жүзүндө макулдук берген жубайы аталыкты талашканда ушул жагдайларга таянууга укуксуз.

Эмбрионду башка аялга салууга макулдук берген жубайлар, ошондой эле карын эне (ушул Кодекстин 54-статьясынын 4-пунктунун экинчи абзацы) туулгандыгын жазуу китебине ата-энесин жазып бүткөндөн кийин аталыкты жана энеликти талашкан учурда ушул жагдайларга таянууга укугу жок.

56-статья. Аталыкты аныктоону жокко чыгаруу

(КР 2012-жылдын 17-майындагы N 54 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

57-статья. Аталыкты аныктоону жокко чыгарууга негиздер

(КР 2012-жылдын 17-майындагы N 54 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

58-статья. Өзара никеде турбаган адамдардан төрөлгөн балдардын укуктары менен милдеттери

Ушул Кодекстин 51-53-статьяларында каралган тартипте аталыкты аныктаганда, өзара никеде турган ата-энеден туулган балдар кандай укуктар менен милдеттерге ээ болсо, бул балдар да ата-энесине жана алардын туугандарына карата ушундай эле укуктарга жана милдеттерге ээ болушат.

12-глава
Жашы жетпеген балдардын укуктары

59-статья. Баланын үйбүлөдө жашоо жана тарбиялануу укугу

1. Он сегиз жашка жетпеген (бойго жете элек) адам бала деп таанылат.

2. Ар бир бала, үй-бүлөдө жашоого, атасын да, энесин да билүүгө, алардан камкордук көрүүгө, алар менен чогуу жашоого укуктуу, баланын кызыкчылыгы үчүн ата-энесинин биринен же экөөсүнөн тең ажыратылышы зарыл болгон учурларды кошпогондо.

Бала өз ата-энесинин колунда тарбияланууга, кызыкчылыктарынын камсыз болушуна, ар тараптуу өсүп-жетилишине, анын адамдык аброюнун урматталышына укуктуу.

Ата-энеси болбогондо, алар ата-энелик укуктан ажыратылганда жана ата-эненин камкорчулугунан ажыраган дагы башка учурларда баланын үйбүлөдө тарбиялануу укугу белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөр тарабынан камсыз кылынат.

(КР 2008-жылдын 12-июнундагы N 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

60-статья. Баланын ата-энеси, дагы башка туугандары менен катташууга болгон укугу

1. Бала ата-энесинин экөөсү менен тең, жакын туугандары жана баш-

ка туугандары менен катышууга укуктуу.

Баланын ата-энеси эки башка жашаган, алардын никеден ажырашкан же бала үй-бүлөдөн тышкары жашаган учурларда баланын кызыкчылыгы үчүн ата-энесинин биринен же экөөсүнөн тең ажыратылышы зарыл болгон учурларды кошпогондо, бала ата-энеси менен катышуу укугуна ээ.

2. Кыйчалыш кырдаалга кабылганда (кармоодо, камакта, кайтарууда, дарылоо мекемесинде турган жана башка) бала мыйзамда белгиленген тартипте өз ата-энеси, дагы башка бир туугандары менен катташууга укугу бар.

(КР 2008-жылдын 12-июнундагы N 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

61-статья. Баланын корголууга болгон укугу

1. Бала өз укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого укуктуу.

Баланын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо ата-энеси (аларды алмаштырган адамдар), ал эми ушул Кодексте каралган учурларда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөр, прокурор жана сот тарабынан жүзөгө ашырылат.

Мыйзам тарабынан толук бойдон аракетке жөндөмдүү деп табылган жашы жетпеген бала бойго жеткенге чейин өз укуктары менен милдеттерин, анын ичинде коргонуу укугун өз алдынча жүзөгө ашырууга укуктуу.

2. Бала ата-энесинин (аларды алмаштырган адамдардын) кыянатчылыгынан коргонууга укуктуу.

Баланын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктары, анын ичинде ата-энеси (аларды алмаштырган адамдар) тарабынан баланы тарбиялоо, билим берүү боюнча өз милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбаганда, болбосо ата-энелик укуктардан кыянаттык менен пайдаланганда бала өзүн коргоо үчүн балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөргө кайрылууга, ал эми он төрткө толгондо сотко кайрылууга укуктуу.

3. Баланын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч туулгандыгы жөнүндө, анын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулгандыгы тууралу билген уюмдардын кызмат адамдары менен дагы башка жарандар бала турган жердеги балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө бул жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Мындай маалыматтарды алганда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү баланын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого зарыл болгон чараларды көрүүгө милдеттүү.

(КР 2008-жылдын 12-июнундагы N 117, 2012-жылдын 16-июлундагы N 114 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

62-статья. Баланын өз пикирин билдирүүгө болгон укугу

Бала өзүнүн пикирин эркин билдирүүгө укуктуу. Баланын өз пикирин билдирүүгө болгон укугу, башка адамдардын укугун жана кадыр-баркын сыйлоо, ошондой эле мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти, ден соолукту жана Кыргыз Республикасынын калкынын ыймандуулугун сактоо максатында мыйзамдарда каралган учурларда гана чектөөлөргө дуушар болушу мүмкүн. Ушул Кодексте (64 жана 77-статьялар) жана Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде (42, 52, 56, 63, 64, 65 жана 79-статьялар) каралган учурларда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү же сот он жашка чыккан баланын макулдугу менен гана чечим кабыл алышы мүмкүн.

(КР 2008-жылдын 12-июнундагы N 117, 2012-жылдын 16-июлундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

63-статья. Баланын өз ысымын, атасынын атын жана фамилиясын алып жүрүүгө болгон укугу

1. Бала өз ысымын, атасынын атын жана фамилиясын алып жүрүүгө укуктуу.

2. Балага ысым ата-эненин (аларды алмаштырган адамдардын) макулдугу менен берилет, атасынын ысымы атасынын аты болот, же улуттук каада-салтты эске алып ыйгарылат.

Атасы атын өзгөрткөндө анын жашы жетпеген балдарынын атасынын аты да, ал эми бойго жеткен балдарынын аты - бул тууралу алар арыз бергенде өзгөртүлөт.

3. Баланын фамилиясы ата-энесинин фамилиясы менен аныкталат. Ата-энеси ар башка фамилияда болгондо ата-энесинин макулдугу боюнча атасынын же энесинин фамилиясы берилет.

Ата-энелердин каалоосу боюнча балдардын фамилиясы атасынын же чоң атасынын атына, же кыргыздын улуттук салтын сактоо менен коюлушу мүмкүн.

Башка улуттагы адамдардын аттары менен фамилиялары алардын каалоолору боюнча алардын салтына жараша жазылат.

4. Баланын ысымына жана (же) фамилиясына карата ата-эненин ортосунда келип чыккан пикир келишпөөчүлүктөр сот тартибинде чечилет.

5. Эгерде аталыгы аныкталбаса, балага ысым энесинин айтуусу боюнча, атасынын аты баланын атасы катары жазылган адамдын атынан (ушул Кодекстин 54-статьясынын 3-пункту), фамилиясы - энесинин фамилиясына жазылат.

6. Эгерде баланын ата-энеси экөө тең белгисиз болсо, баланын фамилиясын, аты менен атасынын атын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөр коет.

64-статья. Баланын ысымын жана фамилиясын өзгөртүү

1. Ата-энесинин экөөнүн тең же алардын биринин фамилиясы өзгөртүлгөндө жашы жетпеген балдардын фамилиясы өзгөртүлөт.

Ата-эненин биргелешкен өтүнүчү боюнча бала он алты жашка толгонго чейин жарандык абалдын актыларын жазуу органы баланын кызыкчылыктарын эске алып, баланын фамилиясын, ысымын жана атасынын атын өзгөртүүнү жүргүзөт.

2. Нике токтотулган учурда же нике жараксыз деп табылганда балдар төрөлгөндө алган фамилияларын сактап калышат.

3. Эгерде ата-эне эки бөлөк жашаса, бала менен бирге турган ата-эненин бирөөсү ага өз фамилиясын бергиси келсе, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөр бул маселени баланын кызыкчылыгына жана ата-эненин пикирин эсепке алуу менен чечет. Эгерде ата-эненин турган жерин аныктоо мүмкүн болбосо, ал ата-энелик укуктарынан ажыратылса, аракетке жөндөмсүз деп табылса, ошондой эле жүйөлүү себепсиз баланы тарбиялоодон жана багуудан баш тартса, анын пикири милдеттүү болбойт.

4. Эгерде бала өзара никеде турбаган адамдардан төрөлсө, аталыгы мыйзам түрүндө аныкталбаса, жарандык абалдын актыларын жазуу органы баланын кызыкчылыгын көздөп, фамилиясын берүү өтүнүчү менен кайрылган энесинин фамилиясына өзгөртүп алышына уруксат берүүгө укуктуу.

5. Он жашка толгон баланын ысымы жана (же) фамилиясы анын өзүнүн макулдугу менен гана өзгөртүлүшү мүмкүн.

(КР 2005-жылдын 20-июнундагы N 80, 2011-жылдын 4-майындагы N 20 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

65-статья. Баланын мүлктүк укуктары

1. Бала өз ата-энесинен, дагы башка үйбүлө мүчөлөрүнөн ушул Кодекстин V бөлүгүндө белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө каражат алууга укугу бар.

2. Алимент, пенсия, жөлөкпул түрүндө балага чегерилген суммалар ата-эненин (аларды алмаштырган адамдардын) колуна тиет жана алар аны баланы багууга, тарбиялоого жана билим берүүгө чыгымдашат.

Жашы жетпеген балдарына алимент төлөөгө милдеттүү болгон ата-эненин бирөөсүнүн талабы боюнча сот төлөнүүгө тийиш болгон алименттин суммаларынын элүү пайыздан ашпаганын жашы жетпеген балдардын атына банктарда ачылган эсепке которууга чечим чыгарууга укуктуу.

3. Бала турак жай аянтын, өзү алган кирешени белек катары же мурас катары алган мүлктү, ошондой эле өзүнүн каражатына алынган кайсынысы болбосун мүлктү менчиктөө укугуна ээ.

Баланын менчик укугундагы өзүнө таандык болгон мүлккө тескөө укугу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 61, 63-статьялары менен аныкталат.

Баланын мүлкүн башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды ата-эне жүзөгө ашырганда камкордукка алынгандын мүлкүн тескөөгө карата аларга жарандык мыйзамдар аркылуу чектелген эрежелер (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 72-статьясы) жайылтылат.

4. Ата-энесинин мүлкүн менчиктегенге баланын укугу жок, ата-эне баланын мүлкүн менчиктегенге укуктуу эмес. Бирге жашап турган балдар менен ата-энелери өзара макулдашуу боюнча бири-биринин мүлкүнөн пайдаланалышат.

5. Ата-эне менен балдардын жалпы менчикке укугу пайда болгон учурда жалпы мүлктү ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө жарандык мыйзамдар аркылуу аныкталат.

13-глава
Ата-энелердин (аларды алмаштырган адамдардын) укуктары менен милдеттери

66-статья. Ата-энелердин укуктары менен милдеттеринин теңдиги

1. Өздөрүнүн балдарына карата ата-энелер бирдей укукка ээ жана бирдей милдетти (ата-энелердин укуктарын) аркалашат.

2. Ушул главада каралган ата-энелердин укуктары балдар он сегиз жашка толгондо (бойго жеткенде), ошондой эле жашы жетпеген балдар никеге турганда жана мыйзамда белгиленген дагы башка учурларда - бойго жеткенге чейин, бала толук аракетке жөндөмдүү болгондо токтотулат.

67-статья. Жашы жетпеген ата-энелердин укуктары

1. Жашы жетпеген ата-эне баласы менен чогуу жашоого жана аны тарбиялоого катышууга укуктуу.

2. Никеде турбаган жашы жетпеген ата-эненин ортосунда бала төрөлгөн учурда, алардын энелиги жана(же) аталыгы аныкталганда, он алтыга толгондо ата-энелик укуктарын өз алдынча жүзөгө ашырганга укуктуу. Жашы жетпеген ата-эне он алтыга толгонго чейин балага камкорчу дайындаса болот, ал аны жашы жетпеген ата-эне менен бирге тарбиялоону жүзөгө ашырат. Жашы жетпеген ата-эне менен баланын камкорчусунун ортосундагы пикир келишпөөчүлүктөр балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөр тарабынан чечилет.

3. Жашы жетпеген ата-эне өздөрүнүн аталыгын жана энелигин жалпы негиздерде тааныганга жана талашканга укугу бар, ошондой эле алар он алты жашка чыкканда өз балдарына карата аталыгын аныктоону сот тартибинде талап кылууга укуктуу.

(КР 2005-жылдын 20-июнундагы N 80 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

68-статья. Балдарга карата ата-эненин (аларды алмаштырган адамдардын) укуктары жана милдеттери

1. Ата-энелер (аларды алмаштырган адамдар) баланы тарбиялоого, алардын билим алышына камкордук көрүүгө, жашына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша анын иш-аракетин жетектөөгө укуктуу жана милдеттүү.

Ата-энелер (аларды алмаштырган адамдар) баланын толук өсүшү, билим алышы, ден соолугунун чыңдалышы жана аны үй-бүлөдө жана коомдо өз алдынча турмушка даярдоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө милдеттүү. Ата-энесинин экөө тең (аларды алмаштырган адамдар) бирдей деңгээлде баланы тарбиялоо жөнүндө кам көрүүгө, тиешелүү түрдө багууга, аны материалдык жактан кармоого, турак жай менен камсыз кылууга милдеттүү.

2. Баланын толук өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө тийиштүү бардык маселелер балдардын пикирин эске алуу менен жана балдардын кызыкчылыгынан улам өз ара макулдашуу боюнча ата-энелер (аларды алмаштырган адамдар) тарабынан чечилет. Ата-энелер (аларды алмаштырган адамдар) ортодо пикир келишпестиктер болсо ал пикир келишпестиктерди чечүү үчүн балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмгө же сотко кайрылууга укуктуу.

(КР 2008-жылдын 12-июнундагы N 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

69-статья. Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ата-энелердин (аларды алмаштырган адамдар) укуктары менен милдеттери

1. Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо алардын ата-энелерине жүктөлөт.

Ата-эне (аларды алмаштырган адамдар) өз балдарынын мыйзамдуу өкүлдөрү болуп саналышат жана кандай болбосун жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде соттор менен болгон мамилелеринде атайын ыйгарым укуксуз эле алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп чыгышат.

2. Эгерде балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан ата-эне менен балдардын кызыкчылыгынын ортосунда карама-каршылык бар экени аныкталса, ата-эне (аларды алмаштырган адамдар) өз балдарынын кызыкчылыгынын атынан чыгууга укуксуз. Ата-эне (аларды алмаштырган адамдар) менен балдардын ортосунда пикир келишпөөчүлүк болсо, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашырууга милдеттүү.

(КР 2008-жылдын 12-июнундагы N 117, 2012-жылдын 17-майындагы N 54, 2012-жылдын 16-июлундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

70-статья. Ата-энелик укуктарды жүзөгө ашыруу

1. Ата-энелик укуктардын жүзөгө ашырылышы балдардын кызыкчылыктарына карама-каршы келбеши керек. Балдардын кызыкчылыктарын камсыз кылуу ата-энениин камкордугунун негизги жүйөсү болууга тийиш.

Ата-эне укуктарын жүзөгө ашырганда ата-эне балдарынын тулку-боюна жана психикалык жагынан дени сак, ыймандуу жетилишине залал келтирүүгө укугу жок. Балдарга тарбия берүүдө кайдыгерлик, зөөкүрдүк, оройлук, адамдык аброюн кемсинтүү, мазактоо же балдарды эзүү усулу болбоого тийиш.

Балдардын укуктары менен кызыкчылыктарына залал келтирип, ата-энелик укуктарын жүзөгө ашырган ата-эне мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.

2. Ата-энеси эки башка турган учурда балдардын жашай турган жери ата-энелердин макулдашуусу менен белгиленет.

Макулдашуу жок болгон учурда ата-энелердин ортосундагы талаш-тартыш балдардын кызыкчылыгын көздөө жана балдардын ой-пикирин эсепке алуу менен сот аркылуу чечилет. Мында сот баланын ата-энесинин, эркек менен кыз бир туугандарынын ар бирине жакындыгы, баланын жашын, ата-энесинин ыймандуулук, дагы башка жекече сапаттарын, ата-эненин ар бири менен баланын ортосундагы башынан келаткан мамилелерди, баланы тарбиялап өстүрүү шарттарын түзүү мүмкүнчүлүгүн (иштин түрү, ата-эненин иш тартиби, ата-эненин материалдык жана үйбүлөлүк ал-абалы ж.б.) эске алат.

71-статья. Баладан бөлөк жашаган ата-эненин (бири) ата-энелик укуктарын жүзөгө ашырышы

1. Баладан бөлөк жашаган ата-эненин бири аны менен катташууга, тарбиялоого жана багууга катышууга, баланын билим алуу маселесин чечүүгө укугу бар.

Бала менен чогуу турган ата-эненин бири баланын башка ата-энесинин бири менен катташуусуна тоскоолдук кылбашы керек, эгерде мындай катташуу тулку-боюна жана психикалык жагынан дени сак, ыймандуу өсүп-жетилишине залал келтирбесе.

2. Баладан бөлөк жашаган ата-эненин укуктарын жүзөгө ашыруусунун тартиби тууралу ата-энелер жазуу жүзүндө макулдашуу түзүүгө укуктуу.

Эгерде ата-энелер макулдашууга келе алышпаса, ата-эненин (экөөнүн бири) койгон талабы боюнча талаш-тартыш балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн катышуусу менен сот аркылуу чечилет.

3. Соттун чечими аткарылбаганда күнөөлүү ата-эненин бирине жарандык процесстик мыйзамдарда каралган чаралар колдонулат. Соттун чечими кара ниеттик менен аткарылбай калганда баладан бөлөк жашаган ата-эненин биринин талабы боюнча баланын кызыкчылыгын көздөө, анын пикирин эсепке алуу менен сот баланы ага өткөрүп берүү жөнүндө чечим чыгара алат.

4. Баладан бөлөк жашаган ата-эненин бири өз баласы жөнүндө тарбия берүүчү мекемелеринен, дарылоо мекемелеринен, калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринен, дагы башка ушуга окшош мекемелерден маалымат алууга укугу бар. Ата-эненин бири тарабынан баланын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулган кезде гана маалымат берүүдөн баш тартылышы мүмкүн. Маалымат берүүдөн баш тартуу сот тартибинде гана талаштан кийин чечилиши мүмкүн.

72-статья. Баланын чоң атасы, чоң энеси, таятасы, таянеси, ага-иниси, карындашы, эже-сиңдиси, жана башка туугандары менен катташууга болгон укугу

1. Бала менен чоң атасы, чоң энеси, таята, таянеси, ага-иниси, карындашы, эже-сиңдиси, жана дагы башка туугандары катташууга укуктуу.

2. Эгерде ата-энеси (алардын бири) баланын жакын туугандары менен катташуусуна мүмкүнчүлүк берүүдөн баш тартса, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү ата-энени мындай катташууга тоскоолдук кылбоого милдеттендирет.

3. Эгерде ата-эне (алардын бири) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн чечимине баш ийбесе, баланын жакын туугандары, болбосо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү бала менен катташууга тоскоолдуктарды четтетүү тууралу доо менен сотко кайрылууга укуктуу. Сот талаш-тартышты баланын кызыкчылыгын көздөө жана баланын ой-пикирин эске алуу менен чечет. Эгерде соттун чечими аткарылбаса, күнөөлүү ата-эненин бирине жарандык процесстин мыйзамдарында каралган чаралар колдонулат.

73-статья. Ата-энелик укуктарды коргоо

1. Ата-эне (аларды алмаштырган адамдар) баланы өзүндө мыйзамдын негизине же соттун чечиминин негизине таянбастан кармап турган кандай адам болбосун кайтарып алуу талабын коюуга укуктуу. Талаш-тартыш туулган учурда ата-эне өз укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу.

Эгерде сот баланын ата-энесине кайтарылып берилиши баланын кызыкчылыктарына жооп бербейт деген тыянакка келсе, ушул талаптарды караган учурда баланын ой-пикирин эске алуу менен, ата-энесинин (аларды алмаштырган адамдардын) доосун канааттандыруудан баш тартууга укуктуу.

2. Эгерде ата-энеси да, бала колунда турган адам да аны ойдогудай тарбиялай жана өстүрө албай турганы сот тарабынан аныкталса, сот баланы балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн көзөмөлчүлүгүнө өткөрүп берет.

(КР 2008-жылдын 12-июнундагы N 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

74-статья. Ата-энелик укуктардан ажыратуу

Ата-эне (алардын бири) төмөндөгүдөй учурда ата-энелик укуктардан ажыратылышы мүмкүн, эгерде алар:

ата-энелик милдеттерин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн кыянаттык менен качса;

жүйөлүү себептерсиз өз баласын төрөт үйүнөн (бөлүмүнөн), болбосо дагы башка дарылоо мекемесинен, тарбия берүү мекемесинен, калкты социалдык жактан коргоо мекемесинен же башка ушуга окшош мекемелерден алуудан баш тартса;

ата-энелик укуктардан кыянаттык менен пайдаланса;

балдарга зөөкүрдүк жасаса, анын ичинде анын тулкубоюна жана психикасына зомбулук көрсөтсө, жыныстык кол тийгистигине кол салса;

аракечтик же баңгилик өнөкөт илдети болсо;

өз балдарынын өмүрүнө же денсоолугуна, болбосо жубайынын же баланын ата-энесинин өмүрүнө же ден соолугуна каршы атайылап кылмыш жасаса;

жашы жетпеген өз балдарынын селсаяктыгына жол беришсе;

бала эмгегинин эң жаман формаларына балдарды тартса.

(КР 2012-жылдын 17-майындагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

75-статья. Ата-энелик укуктардан ажыратуунун тартиби

1. Ата-энелик укуктардан ажыратуу сот тартибинде жүргүзүлөт.

Ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө иштер ата-эненин биринин (аларды алмаштыруучу адамдардын), прокурордун арызы, ошондой эле жашы жетпеген балдардын укуктарын коргоо милдети жүктөлгөн органдардын же мекемелердин (балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн, балдардын иштери боюнча комиссиялардын, жетим балдар жана ата-энеси карабай кеткен балдар мекемелеринин ж.б.) арызы боюнча каралат.

2. Ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндөгү иштер милдеттүү түрдө прокурордун жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн катышуусу менен каралат.

3. Ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө иштерди караганда сот ата-энелик укуктарынан ажыраган ата-энеден (экөөнүн биринен) алиментти өндүрүү тууралу маселени чечет.

4. Эгерде сот ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө иштерди караганда ата-эненин (экөөнүн биринин) иш-аракетинен жазалана турган жазык жосунунун белгилерин байкаса, бул тууралу прокурорго кабарлоого милдеттүү.

5. Соттун ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүн ичинде соттун ушул чечиминин көчүрмөсүн баланын туулганы мамлекеттик каттоодон өткөн жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу орган менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөргө жиберүүгө милдеттүү.

(КР 2008-жылдын 12-июнундагы N 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

76-статья. Ата-энелик укуктардан ажыратуунун кесепеттери

1. Ата-энелик укуктарынан ажыраган ата-эне баласына карата тууганчылык фактыга негизделген бардык ата-энелик укуктарын, анын ичинде андан каражат алуу укугун (ушул Кодекстин 92-статьясы), ошондой эле балдары бар жарандар үчүн белгиленген жеңилдиктерди жана мамлекеттик жөлөкпулдарды алуу укуктарын да жоготот.

2. Ата-энелик укуктардан ажыратуу ата-энени өз баласына каралашуу милдетинен бошотпойт.

3. Ата-энелик укуктарынан ажыраган баланын ата-энеси (экөөнүн бири) менен андан ары чогуу жашоо маселеси турак жай мыйзамдарында белгиленген тартипте сот тарабынан чечилет.

4. Ата-энелик укуктарынан ажыраган ата-эненин (экөөнүн биринин) баласы турак жайга менчик укугун же турак жайды пайдалануу укугун сактайт, ошондой эле ата-энеге жана башка туугандарына тууган болууга негизделген мүлк укугун, анын ичинде мураскорлук укугун сактап калат.

5. Баланы башка ата-энеге берүү мүмкүн болбогондо же ата-энесинин экөө тең ата-энелик укуктарынан ажыратылган учурда анын мүлкү менен турак жай аянты балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн көзөмөлчүлүгүнө өткөрүп берилет.

6. Ата-энеси (экөөнүн бири) ата-энелик укуктарынан ажыратылган учурда баланы асырап алууга ата-энени (экөөнүн бирин) ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө соттун чечими чыккан күндөн тартып кеминде алты ай өткөндөн кийин жол берилет.

77-статья. Ата-энелик укуктарды калыбына келтирүү

1. Эгерде ата-энеси жүрүм-турумун, жашоо ыңгайын жана (же) балага тарбия берүү мамилесин өзгөртүшсө, алардын (экөөнүн биринин) ата-энелик укуктары калыбына келтирилиши мүмкүн.

2. Ата-энелик укуктарды калыбына келтирүү ата-энелик укуктарынан ажыраган ата-эненин берген арызы боюнча сот тартибинде жүзөгө ашырылат. Ата-энелик укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө иштер балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн, ошондой эле прокурордун катышуусу менен каралат.

3. Ата-эненин (экөөнүн биринин) ата-энелик укуктарын калыбына келтирүү жөнүндө арызы менен бирге баланы ата-энесине (экөөнүн бирине) кайтарып берүү тууралу талап каралышы мүмкүн.

4. Эгерде ата-энелик укуктарды калыбына келтирүү баланын кызыкчылыктарына карама-каршы келсе, сот баланын ой-пикирин эсепке алуу менен, ата-эненин (экөөнүн биринин) ата-энелик укуктарын калыбына келтирүү жөнүндө доосун канааттандыруудан баш тартууга укуктуу.

Он жашка чыккан балага карата ата-энелик укуктарды калыбына келтирүү, анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана болушу мүмкүн.

Эгерде бала асырап алынган болсо жана асырап алуу жокко чыгарылбаса, ата-энелик укуктарды калыбына келтирүүгө жол берилбейт.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

78-статья. Ата-энелик укуктарга чек коюу

1. Баланын кызыкчылыктарын эсепке алуу менен, сот ата-энени ата-энелик укуктарын чектөө жөнүндө чечим чыгара алат.

2. Эгерде баланы ата-энесине (экөөнүн бирине) калтыруу ата-эненин (экөөнүн биринин) өзүнө көз каранды болбогон жагдайлардан (психикасынын бузулушу же дагы башка өнөкөт оорулар, оор жагдайларга туш келиши ж.б.) улам балага коркунучтуу болсо, ата-энелик укуктарга чек коюуга жол берилет.

Эгерде баланы ата-энесине (экөөнүн бирине) калтыруу алардын жүрүм-турумунан улам балага коркунучтуу болсо, бирок ата-энелерин (экөөнүн бирин) ата-энелик укуктарынан ажыратууга жетишээрлик негиздер аныкталбаган учурларда ата-энелик укуктарга чек коюуга жол берилет. Эгерде ата-энеси (экөөнүн бири) өзүнүн жүрүм-турумун өзгөртпөсө, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү ата-энелик укуктарына чек коюлсун деген сот чечим чыгаргандан кийин алты ай өткөрүп ата-энелик укуктарынан ажыратуу тууралу доо коюуга милдеттүү. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү баланын кызыкчылыгын көздөө менен, ушул мөөнөт аяктаганга чейин ата-энесин (экөөнүн бирин) ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө доо коюуга укуктуу.

3. Ата-энелик укуктарын чектөө жөнүндө доо баланын жакын туугандары, мыйзам менен жашы жетпеген балдардын укуктарын коргоо милдеттери жүктөлгөн органдар менен мекемелер (ушул Кодекстин 75-статьясынын 1-пункту), билим берүүчү дагы башка мекемелер, ошондой эле прокурор тарабынан коюлушу мүмкүн.

4. Ата-энелик укуктарды чектөө жөнүндө иштер прокурордун жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн катышуусу менен каралат.

5. Ата-энелик укуктарды чектөө жөнүндөгү иштерди караганда сот ата-энесинен (экөөнүн биринен) балага алимент өндүрүп берүү тууралу маселени чечет.

6. Сот ата-энелик укуктарды чектөө жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүн ичинде соттун ушундай чечиминин көчүрмөсүн баланын туулганын мамлекеттик каттоодон өткөргөн жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу органына, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмгө жиберет.

(КР 2012-жылдын 17-майындагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

79-статья. Ата-энелик укуктарга чек коюунун натыйжалары

1. Ата-энелик укуктарына сот тарабынан чек коюлган ата-эне баланы жеке тарбиялоого болгон укугун, балалуу жарандар үчүн белгиленген жеңилдиктерге жана мамлекеттик жөлөкпулдарды алууга болгон укугун жоготот.

2. Ата-энелик укуктарга чек коюу ата-эненин балага каралашуу милдетинен бошотпойт.

3. Ата-энелик укуктары чектелген ата-эненин (экөөнүн биринин) баласы турак жайга менчик укугун же турак жайды пайдалануу укугун сактап калат, ошондой эле ата-энесине жана башка туугандарына тууган болууга негизделген мүлк укугун, анын ичинде мураскорлук укугун сактайт.

4. Ата-энесинин экөөсүнүн тең ата-энелик укуктары чектелген учурда бала, анын мүлкү менен турак жай аянты балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн көзөмөлчүлүгүнө өткөрүп берилет.

80-статья. Ата-энелик укуктарына сот тарабынан чектөө коюлган ата-энелери менен баланын байланышы

Эгерде бул балага тетири таасир тийгизбесе, ата-энелик укуктарына сот тарабынан чектөө коюлган ата-энеге бала менен катташууга уруксат берилет. Ата-энелердин бала менен байланышына балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн макулдугу менен же камкорчунун (көзөмөлчүнүн), баланы асырап алган ата-эненин, болбосо бала турган мекеменин администрациясынын макулдугу менен жол берилет.

81-статья. Ата-энелик укуктарга чек коюуну жокко чыгаруу

1. Эгерде ата-энени (экөөнүн бирин) ата-энелик укуктарынан чектеген негиздер жоюлса, сот ата-энесинин (экөөнүн биринин) койгон доосу боюнча баланы ата-энесине (экөөнүн бирине) кайтарып берүү жана ушул Кодекстин 79-статьясында каралган чектөөнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгара алат.

2. Эгерде баланы ата-энесине (экөөнүн бирине) кайтарып берүү анын кызыкчылыктарына карама-каршы келсе, сот баланын ой-пикирин эске алуу менен доону канааттандыруудан баш тартууга укуктуу.

82-статья. Баланын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч туулганда баланын укугун коргоо боюнча чаралар

Баланын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч туулган өзгөчө учурларда (күч колдонуп же психологиялык зордук, орой мамиле же эксплуатациялоо жана башка учурларда) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүм балдардын укугун коргоо жана аны үй-бүлөдөн сырткары жайгаштыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу боюнча шашылыш чараларды көрөт. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүм шашылыш көрүлгөн чаралар жөнүндө бир сутканын аралыгында прокурорго жана балдар иштери боюнча комиссияга маалымат берет жана үч күндөн кечиктирбестен балдарга коргоо көрсөтүүнүн планын иштеп чыгат, материалдарды балдар иштери боюнча комиссияга жана андан ары сотко жөнөтөт.

(КР 2008-жылдын 12-июнундагы N 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

83-статья. Балдарды тарбиялоо менен байланышкан талаш-тартыштар сот тарабынан каралганда үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрдүн катышуусу

1. Балдарды тарбиялоо менен байланышкан талаш-тартыштар сот тарабынан каралганда баланы коргоого ким тарабынан доо коюлганына карабастан, бул ишке катышууга балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тартылууга тийиш.

(КР 2008-жылдын 12-июнундагы N 117, 2012-жылдын 16-июлундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

84-статья. Балдарды тарбиялоо менен байланышкан иштер боюнча соттун чечимдерин аткаруу

1. Балдарды тарбиялоо менен байланышкан иштер боюнча соттун чечимдерин аткаруу жарандык процесстик мыйзамдарда белгиленген тартипте соттук аткаруучу тарабынан жүргүзүлөт.

Эгерде ата-эненин бири (баланы көзөмөлдөп турган башка адам) соттун чечимин аткарууга тоскоолдук көрсөтсө, ага карата жарандык процесстик мыйзамдарда каралган чаралар колдонулат.

2. Баланы алып коюу жана аны башка адамга (адамдарга) берүү менен байланышкан чечимдерди зордоп аткартуу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн милдеттүү түрдө катышуусу жана бала берилип жаткан адамдын (адамдардын) катышуусу менен, ал эми зарыл болгон учурларда ички иштер органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт.

Баланын кызыкчылыктарына залака келтирбестен баланы алып коюу жөнүндө соттун чечимин аткарууга мүмкүнчүлүк болбогондо соттун аныктамасы боюнча бала тарбиялоо мекемесине, дарылоо мекемесине, калкты социалдык жактан коргоо мекемесине же ушуга окшогон башка мекемелерге убактылуу жайгаштырылышы мүмкүн.

V БӨЛҮМ
ҮЙБҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮНҮН АЛИМЕНТТИК МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ

14-Глава
Ата-эне менен балдардын алименттик милдеттенмелери

85-статья. Жашы жетпеген балдарды багуу боюнча ата-эненин милдеттери

1. Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Жашы жетпеген балдарды багуунун тартиби менен түрү ата-эне тарабынан өз алдынча аныкталат.

Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багуу тууралу ушул Кодекстин 17-главасына ылайык макулдашуу (алимент төлөө тууралу макулдашуу) түзүүгө укуктуу.

2. Эгерде ата-энеси өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга каражат бербесе, аларды баккан каражат (алимент) жашы жетпеген балдарына алимент өндүрүп алуу тууралу алардын ата-энесинен (экөөнүн биринен) доо коюу укугу берилген балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн сотко берген доосунун негизинде ата-энеден сот тартибинде өндүрүп алынат.

86-статья. Жашы жетпеген балдарга сот тартибинде өндүрүп алынуучу алименттердин өлчөмү

1. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу болбогондо жашы жетпеген балдарга алименттер алардын ата-энесинен ай сайын төмөндөгүдөй өлчөмдө өндүрүп алынат: бир балага - ата-эненин иштеп тапканынын жана (же) дагы башка кирешесинин төрттөн бири, эки балага - үчтөн бири, үч же андан көп балага - жарымы.

2. Бул үлүштөрдүн өлчөмү сот аркылуу тараптардын материалдык же үйбүлөлүк абалын жана көңүлгө алынуучу дагы башка жагдайларын эске алуу менен азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.

3. Фермердик чарба жүргүзүүдө жүгүртүүдөгү накталай акча каражаттары жок болсо, алименттин орду натуралай азык-түлүк менен толтурулушу мүмкүн.

4. Эмгек акынын жана (же) колдо кирешенин жоктугу балдарды багуу боюнча милдеттерден ата-энени бошотпойт жана ал белгиленген өлчөмдө алимент төлөө үчүн каражатты өзалдынча издеп табууга, эң аз эмгек акынын өлчөмүнө жараша же алиментти кыймылдуу, болбосо кыймылсыз мүлк же балага же балдарга барабар үлүштөрдө менчигине берүү жолу менен анын бөлүгү менен жаап берүүгө милдеттүү.

(КР 2012-жылдын 17-майындагы N 54, 2014-жылдын 30-июнундагы N 100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

87-статья. Жашы жетпеген балдарга алимент кармалып калуучу эмгек акынын жана(же) дагы башка кирешенин түрлөрү

Ата-эне улуттук жана (же) чет өлкөлүк валютада алуучу эмгек акынын жана (же) дагы башка кирешенин түрлөрү жана алардан ушул Кодекстин 86-статьясына ылайык жашы жетпеген балдарга өндүрүлүүчү алименттерди кармап калуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

88-статья. Жашы жетпеген балдарга туруктуу акчалай суммада алимент өндүрүү

1. Ата-эненин жашы жетпеген балдарына алимент төлөө жөнүндө макулдашуусу болбосо жана эгерде алимент төлөөгө милдеттүү болгон ата-энеси туруктуу эмес, өзгөрүлмө эмгек акы алып турса жана (же) дагы башка кирешеси болсо, же эгерде бул ата-эне эмгек акысын жана (же) дагы башка кирешесин толук же жарым-жартылай натуралай же чет өлкөлүк валютада алса, же эгерде анын иштеп тапканы жана (же) дагы башка кирешеси жок болсо, ошондой эле башка учурларда, эгерде ата-энесинин иштеп тапканынан жана (же) дагы башка кирешесинен алимент үлүшүн өндүрүүгө мүмкүн болбосо, кыйынчылык туулса, же тараптардын бирөөсүнүн таламдары кыйла бузулса, сот ай сайын өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмүн туруктуу акчалай суммада же ошол эле учурда үлүш түрүндө (ушул Кодекстин 86-статьясына ылайык) жана туруктуу акчалай суммада өндүрүп берүүгө укуктуу.

2. Туруктуу акчалай сумманын өлчөмү тараптардын материалдык жана үйбүлөлүк абалын жана көңүлгө алуучу дагы башка жагдайларын эске алуу менен, баланын мурдагы камсыз кылынуучу мүмкүн болушунча жогорку деңгээлин сактоо мүдөөсүнө жараша сот тарабынан аныкталат.

3. Эгерде ата-эненин ар биринде балдар кала турган болсо, ата-эненин биринен экинчисине - азыраак камсыз болгондун пайдасына ай сайын өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмү ушул статьянын 2-пунктуна ылайык сот тарабынан аныкталуучу туруктуу акчалай сумма менен аныкталат.

89-статья. Ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз балдарга алименттерди өндүрүү жана пайдалануу

Ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарга алимент ушул Кодекстин 86-88-статьяларына ылайык өндүрүлөт жана балдардын камкорчусуна (көзөмөлчүсүнө) же алардын асыраган ата-энесине же мамлекеттик же үйбүлөлүк балдар үйүндөгү балдардын башка (билим берүү, дарылоо, социалдык жактан коргоо, убактылуу туруу) мекемелериндеги балдардын өздөрүнө ачылган эсебине төлөнөт.

Балдар мындай мекемени таштап кеткенде ага алынган алименттердин суммасы ал жашап турган жерде ачылган мамлекеттик банктагы анын өздүк эсебине которулат.

Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүм менен макулдашуу боюнча балдар мекемесинин жетекчилиги салымдан баланын муктаждыгына (дарылануу, тиш салдыруу, тиешелүү медициналык мекемелердин корутундусу боюнча кулагын жана көзүн коррекциялоого керектелүүчү жеке аппараттар менен камсыз кылуу үчүн гана) керек болгон сумманы мөөнөтүнөн мурда алууга укуктуу.

90-статья. Эмгекке жөндөмсүз жашы жетпеген балдардын алимент алуу укугу

1. Ата-эне өздөрүнүн эмгекке жөндөмсүз, жардамга муктаж болгон эрезеге жеткен балдарына каралашууга милдеттүү.

2. Алимент төлөп берүү тууралу макулдашуу болбогондо эмгекке жөндөмсүз эрезеге жеткен балдарга ай сайын төлөнүүчү алименттердин өлчөмү тараптардын таламдарынан келип чыккан материалдык жана үйбүлөлүк абалын жана көңүлгө алынуучу дагы башка жүйөлүү жагдайларын эске алуу менен сот тарабынан туруктуу акчалай суммада аныкталат.

(КР 2012-жылдын 17-майындагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

91-статья. Балдарга жумшалуучу кошумча чыгымдарга ата-эненин катышуусу

1. Макулдашуу болбогондо жана өзгөчө жагдайлар түзүлгөндө (катуу оору, жашы жетпеген балдардын майып болушу же эмгекке жөндөмсүз бойго жеткен балдардын жардамга муктаждыгы, аларды башка адамдарга бактырууга жардамдашуу зарылдыгы жана башка жагдайлар) ата-эненин ар бири ушул жагдайларга байланыштуу кошумча чыгымдарга катышууга сот тарабынан тартылышы мүмкүн.

Кошумча чыгымдарга ата-эненин катышуу тартиби жана бул чыгымдардын өлчөмү ата-эненин жана балдардын материалдык жана үйбүлөлүк абалына, тараптардын көңүлгө алынуучу дагы башка жагдайларына жараша ай сайын төлөнүүчү туруктуу акчалай суммада аныкталат.

2. Сот ата-энени накта жумшалган кошумча чыгымдарга жана алдыда боло турган кошумча чыгымдарды тартууга катышып турушуна милдеттендирүүгө укуктуу.

92-статья. Ата-энесине каралашуу боюнча бойго жеткен балдардын милдеттери

1. Эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен балдар өздөрүнүн эмгекке жөндөмсүз жардамга муктаж болгон ата-энесин багууга жана аларга кам көрүүгө милдеттүү.

2. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу жок болгондо жардамга муктаж болгон эмгекке жөндөмсүз ата-энеге бойго жеткен эмгекке жөндөмдүү балдарынан алимент сот тартибинде өндүрүлүп берилет.

3. Ар бир баладан өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмү ата-энесинин жана балдарынын материалдык жана үйбүлөлүк абалына жана тараптардын көңүлгө алынуучу таламдарынан келип чыккан ай сайын төлөнүп турууга тийиш болгон туруктуу акчанын суммасы сот тарабынан аныкталат.

4. Алименттердин өлчөмүн аныктаганда сот ошол ата-эненин эмгекке жөндөмдүү, бойго жеткен балдарынын баарын, бардык балдарына, алардын ичинен бирөөнө же алардын бир нечесине карата коюлган талапка карабастан, эске алууга укуктуу.

5. Эгерде ата-энесинин ата-энелик милдеттеринен баш тарткандыгы сот тарабынан аныкталса, жардамга муктаж болгон эмгекке жөндөмсүз өз ата-энесин багуу милдетинен балдары бошотулушу мүмкүн.

Ата-энелик укуктарынан ажыратылган ата-энелерге балдары алимент төлөөдөн бошотулат.

93-статья. Ата-эненин кошумча чыгымдарына бойго жеткен балдарынын катышуусу

1. Бойго жеткен балдары эмгекке жөндөмсүз ата-энесине камкордук көрбөсө жана өзгөчө жагдайлар болгондо (ата-энеси катуу ооруга чалдыкканда, жаракат алганда, аны караганы үчүн бирөөгө акы төлөгөндө жана башка учурларда) бойго жеткен балдар ушундай жагдайлардын чыгышынан улам пайда болгон кошумча чыгымдарды төлөөгө катышууга соттун кийлигишүүсү менен тартылышы мүмкүн.

2. Бойго жеткен ар бир баладан кошумча чыгымдарды көтөрүү тартиби жана ал чыгымдардын өлчөмү ушул Кодекстин 92-статьясынын 3, 4 жана 5-пункттарынын жоболорун сактоо менен ата-эненин, балдардын жана башка тараптардын материалдык жана үйбүлөлүк абалын, көңүл бурууга арзыган башка кызыкчылыктарын эске алуу менен сот тарабынан аныкталат.

3. Кошумча чыгымдарды төлөөнүн тартиби жана ошол чыгымдардын өлчөмү тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

15-Глава
 Жубайлардын жана мурдагы жубайлардын алименттик милдеттенмелери

94-статья. Жубайлардын өз ара каралашуусу боюнча милдеттенмелери

1. Жубайлар бири-бирин материалдык жактан колдоого милдеттүү.

2. Мындай колдоо көрсөтүүдөн баш тарткан жана алимент төлөө жөнүндө жубайлардын ортосунда макулдашуу жок болгон учурда бул үчүн тиешелүү каражаты бар башка жубайынан сот тартибинде алимент талап кылуу укугуна төмөндөгүлөр ээ:

эмгекке жөндөмсүз жардамга муктаж болгон жубайы;

кош бойлуу кезинде аялы;

ортодогу бала төрөлгөн күндөн тартып үч жыл бою аны багууну жүзөгө ашырган жубайы;

ортодогу бала он сегиз жашка чыкканга чейин майып же бала кезинен I топтогу ортодогу майып баланы баккан жардамга муктаж жубайы.

(КР 2012-жылдын 17-майындагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

95-статья. Нике бузулгандан кийин мурдагы жубайынын алимент алуу укугу

1. Бул үчүн тиешелүү каражаты бар мурдагы жубайынан сот тартибинде алимент талап кылуу укугуна төмөндөгүлөр ээ:

кош бойлуу кезинде мурдагы аялы;

ортодогу бала төрөлгөн күндөн тартып үч жыл бою аны багууну жүзөгө ашырган мурдагы жубайы;

ортодогу бала он сегиз жашка чыкканга чейин майып же бала кезинен I топтогу ортодогу майып баланы баккан жардамга муктаж болгон мурдагы жубайы;

нике бузулганга чейин эле же нике бузулгандан кийин бир жылдын ичинде эмгекке жөндөмсүз жардамга муктаж болгон мурдагы жубайы;

эгерде жубайлар узак мезгил бою никеде турушса, нике бузулган учурдан тартып беш жылга чейин пенсиялык куракка жеткен жардамга муктаж жубайы.

2. Нике бузулгандан кийин мурдагы жубайына алимент берүүнүн өлчөмү жана тартиби мурдагы жубайлардын ортосундагы макулдашуу менен аныкталышы мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 17-майындагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

96-статья. Жубайларына жана мурдагы жубайларына сот тартибинде өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмү

Алимент төлөө жөнүндө жубайлардын (мурдагы жубайлардын) ортосунда макулдашуу жок болгондо, жубайына сот тартибинде (мурдагы жубайына) өндүрүлүүчү алименттин өлчөмүн жубайлардын (мурдагы жубайлардын) материалдык жана үйбүлөдөгү абалына жараша жана башка таламдаш тараптардын көңүл буруусуна арзыган ай сайын төлөп турууга тийиш болгон накталай акчанын суммасы сот тарабынан аныкталат.

97-статья. Жубайды бөлөк жубайына каралашуу милдетинен бошотуу же бул милдетти мөөнөт менен чектөө

Жардамга муктаж болгон эмгекке жөндөмсүз башка жубайына каралашуу милдетинен жубайын бошотуу же никеде турган мезгилде да, нике бузулгандан кийин да бул милдетти жубайлардын биринин арызы боюнча беш жылдан ашпаган мөөнөткө сот төмөндөгүдөй учурларда чектей алат:

эгерде жубайынын жардамына муктаж болгондун эмгекке жөндөмсүздүгү спирт ичимдиктерине, баңги заттарына берилгендигинин натыйжасында же атайылап кылмыш жасоо кесепетинен келип чыкса;

жубайлардын никеси узакка созулбаган учурда;

алимент төлөөнү талап кылган жубайынын үйбүлөдөгү жүрүм-туруму татыксыз болсо.

16-глава
Үйбүлөнүн башка мүчөлөрүнүн алименттик милдеттенмелери

98-статья. Өзүнүн жашы жетпеген жана эмгекке жөндөмсүз бойго жеткен ага-инилерине, карындаштарына жана эже-сиңдилерине каралашуу боюнча ага-инилеринин, карындаштарынын жана эже-сиңдилеринин милдеттери

Жардамга муктаж болгон жашы жетпеген ага-инилер, карындаштар жана эже-сиңдилер өзүнүн ата-энесинен жардам алууга мүмкүн болбой калган учурда сот тартибинде бул үчүн жетиштүү каражаты бар өзүнүн эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен ага-инилеринен, карындаштарынан жана эже-сиңдилеринен алимент алууга укуктуу. Эгерде алар өзүлөрүнүн эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен балдарынан, жубайынан (мурдагы жубайынан) же ата-энесинен жардам алалбаса, ушундай эле укук бойго жеткен жардамга муктаж болгон эмгекке жөндөмсүз ага-инилерине, карындаштарына жана эже-сиңдилерине да берилет.

99-статья. Неберелерине каралашуу боюнча чоң ата, чоң эне, таята, таяненин милдеттери

Жардамга муктаж болгон жашы жетпеген неберелер өздөрүнүн ата-энесинен жардам алууга мүмкүн болбой калган учурда сот тартибинде бул үчүн жетиштүү каражаттары бар өздөрүнүн чоң ата, чоң эне, таята, таянесинен алимент алууга укуктуу. Эгерде алар өзүнүн жубайынан (мурдагы жубайынан) же ата-энесинен жардам алалбаса, ушундай эле укук, бойго жеткен эмгекке жөндөмсүз жардамга муктаж болгон неберелерге да берилет.

100-статья. Неберелердин чоң ата, чоң эне, таята, таянесин багуу милдеттери

Жардамга муктаж болгон эмгекке жөндөмсүз чоң ата, чоң эне, таята, таяненин өзүнүн бойго жеткен жана эмгекке жөндөмдүү балдарынан же жубайынан (мурдагы жубайынан) жардам алууга мүмкүн болбой калган учурда, сот тартибинде бул үчүн жетиштүү каражаттары бар эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен өзүнүн неберелеринен алимент талап кылууга укуктуу.

101-статья. Тарбиялануучулардын өзүнүн чыныгы тарбиячыларына каралашуу милдети

1. Эгерде алар өздөрүнүн бойго жеткен эмгекке жөндөмсүз балдарынан же жубайынан (мурдагы жубайынан) жардам алалбаса, жашы жетпеген балдарга чыныгы тарбия берип жана баккан, жардамга муктаж болгон эмгекке жөндөмсүз адамдар өзүнүн бойго жеткен эмгекке жөндөмдүү тарбиялануучуларынан сот тартибинде жардам талап кылууга укуктуу.

2. Эгерде тарбиячылар аларды беш жылдан азыраак бакса жана тарбияласа, ошондой эле алар эгерде өзүнүн тарбиялануучуларын тийиштүү деңгээлде багып жана тарбия бералбаса, сот алардын чыныгы тарбиячысын багуу милдетинен бошотууга укуктуу.

3. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган милдеттер камкорчунун (көзөмөлчүнүн) кароосунда турган адамга же багып алган үйбүлөдө тарбияланып жаткан адамга жүктөлбөйт.

102-статья. Өгөй атасы менен өгөй энесин багуу боюнча өгөй уулунун жана өгөй кызынын милдеттери

1. Эгерде алар өздөрүнүн бойго жеткен эмгекке жөндөмдүү балдарынан же жубайынан (мурдагы жубайынан) жардам алалбаса, өзүнүн өгөй уулун же өгөй кызын тарбиялаган жана баккан, жардамга муктаж болгон эмгекке жөндөмсүз өгөй ата менен өгөй эне сот тартибинде бул үчүн тиешелүү каражаттары бар эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен өгөй уулунан же өгөй кызынан жардам алууну талап кылууга укуктуу.

2. Эгерде өгөй ата менен өгөй эне өгөй уулу менен өгөй кызын беш жылдан азыраак тарбиялап жана бакса, ошондой эле өгөй уулу менен өгөй кызына тийиштүү тарбия берип, багуу жагынан өздөрүнүн милдеттерин аткарышпаса, сот өгөй атаны же өгөй энени багуу милдетинен өгөй уулун жана өгөй кызын бошотууга укуктуу.

103-статья. Үйбүлөнүн башка мүчөлөрүнөн сот тартибинде өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмү

1. Ушул Кодекстин 98-102-статьяларында көрсөтүлгөн адамдардан алимент төлөтүп алуунун тартиби жана өлчөмү тараптардын макулдашуусу менен аныкталышы мүмкүн.

2. Тараптардын макулдашуусу жок болгондо сот тартибинде өндүрүп алынуучу алименттердин өлчөмү алимент төлөөчүнүн жана аны алуучунун материалдык жана үйбүлөлүк абалына жараша жана ай сайын төлөнүүчү накталай суммасы буга таламдаш болгон башка тараптардын кызыкчылыгын пайда кылган негизге таянуу менен сот тарабынан ар бир учурда өзүнчө белгиленет.

3. Эгерде алимент талап кылган үйбүлө мүчөсүн багууга бир эле учурда бир нече адам милдеттүү болсо, сот алардын материалдык жана үйбүлөлүк абалына жараша алимент боюнча милдетти аткарууга алардын ар биринин катышуу даражасын аныктайт. Сот алименттердин өлчөмүн аныктоодо доо ушул адамдардын бардыгына, алардын ичинен бирөөнө же алардын ичинен бир нечесине коюлганына карабастан, алимент төлөөгө милдеттүү болгон бардык адамдарды эске алууга укуктуу.

17-Глава
Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу

104-статья. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу түзүү

Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу (алименттин өлчөмү, төлөө шарттары жана тартиби) алимент төлөөгө милдеттүү болгон жана аны алуучу адамдардын, ал эми алимент төлөөгө милдеттүү болгон жана (же) алимент алуучу адам аракетке жөндөмсүз болгондо ал адамдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлөт. Толук эмес аракетке жөндөмдүү адамдар алимент төлөө жөнүндө макулдашууну анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен түзөт.

105-статья. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуунун түрү

1. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу жазуу жүзүндө түзүлөт жана нотариалдык жактан ырасталууга тийиш.

Алимент төлөө жөнүндө макулдашуунун мыйзам тарабынан белгиленген түрүн сактабоо Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 181-статьясында каралган кесепеттерге кириптер кылат.

2. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн алимент төлөө жөнүндө макулдашуу аткаруу баракчасынын күчүнө ээ.

3. Эгерде алименттик макулдашуунун шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келсе, анда нотариус мындай макулдашууну ырастоодон баш тартууга укуктуу.

4. Нотариустун нотариалдык ишти аткаруудан баш тартышы сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

106-статья. Алимент төлөө жөнүндө макулдашууну түзүүнүн, аткаруунун, өзгөртүүнүн, бузуунун жана жараксыз деп табуунун тартиби

1. Алимент төлөө жөнүндө макулдашууну түзүүгө, аткарууга, бузууга жана жараксыз деп табууга карата жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүнү, аткарууну, бузууну жана жараксыз деп табууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдери колдонулат.

2. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу тараптардын өзара макулдугу боюнча кандай учурда болбосун өзгөртүлүшү же бузулушу мүмкүн. Алимент төлөө жөнүндө макулдашууну өзгөртүү же бузуу алимент төлөө тууралу макулдашууну түзгөндөй эле жол менен жасалат.

3. Алимент төлөө жөнүндө макулдашууну аткаруудан бир жактуу баш тартууга же анын шарттарын бир жактуу өзгөртүүгө жол берилбейт.

4. Тараптардын материалдык жактан же үйбүлөдөгү абалында олуттуу өзгөрүүлөр болгон учурда жана алимент төлөө тууралу макулдашууну өзгөртүү же бузуу жөнүндө макулдашууга жетишилбесе таламдаш тарап бул макулдашууну өзгөртүү же бузуу тууралу доо менен сотко кайрылууга укуктуу. Алимент төлөө жөнүндө макулдашууну өзгөртүү же бузуу тууралу маселени чечкен учурда сот тараптардын көңүл бурууга арзый турган ар кандай таламдарын эске алууга укуктуу.

107-статья. Алимент алуунун кызыкчылыктарын бузган алимент төлөө жөнүндө макулдашууну жараксыз деп табуу

Эгерде жашы жетпеген балага же бойго жеткен аракетке жөндөмсүз үйбүлө мүчөсүнө алимент төлөп, жардам берүүнүн шарты жөнүндөгү макулдашууда алардын кызыкчылыктары олуттуу бузулса, атап айтканда ушул Кодекстин 108-статьясынын 2-пунктунун талаптары аткарылбаса, жашы жетпеген баланын же бойго жеткен аракетке жөндөмсүз үйбүлө мүчөсүнүн мыйзамдуу өкүлүнүн, ошондой эле балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн же прокурордун талабы боюнча мындай келишим сот тартибинде жараксыз деп табылышы мүмкүн.

108-статья. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу боюнча төлөнүүчү алименттердин өлчөмү

1. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу боюнча төлөнүүчү алименттердин өлчөмүн ушул макулдашууга катышкан тараптар аныкташат.

2. Жашы жетпеген балдарга алимент төлөө жөнүндө макулдашуу боюнча белгиленген алименттердин өлчөмү алар сот тартибинде өндүртүп ала турган (ушул Кодекстин 86-статьясы) алименттердин өлчөмүнөн төмөн болбоого тийиш.

109-статья. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу боюнча алимент төлөөнүн жолу жана тартиби

1. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу боюнча алимент төлөөнүн жолу жана тартиби ушул макулдашуу менен аныкталат.

2. Алимент алимент төлөөгө милдетүү болгон адамдын иштеп тапкан жана (же) дагы башка кирешесинен үлүш түрүндө; мезгил-мезгили менен накта акчалай суммада; бир жолу төлөнүүчү туруктуу акчалай суммада; мүлктү же анын бөлүгүн балага же балдарга барабар үлүштөрдө менчигине берүү жолу менен, ошондой эле макулдашууга жараша жетишилген башка жолдор менен төлөнүшү мүмкүн.

Алимент төлөө жөнүндө макулдашууда алимент төлөөнүн ар кандай ыкмаларын айкалыштыруу жагы каралышы мүмкүн.

(КР 2014-жылдын 30-июнундагы N 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

110-статья. Алиментти төлөө жөнүндө макулдашуу боюнча төлөнүүчү алименттин өлчөмүн индекстөө

Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу боюнча төлөнүүчү алименттин өлчөмүнүн индекстөөсү ушул келишимге ылайык жүргүзүлөт. Эгерде алиментти төлөө жөнүндө макулдашууда индекстөөнүн тартиби каралбаса, индекстөө ушул Кодекстин 122-статьясына ылайык жүргүзүлөт.

18-Глава
Алимент төлөөнүн жана өндүртүп алуунун тартиби

111-статья. Соттун чечими боюнча алимент өндүртүп алуу

Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу жок болгон учурда ушул Кодекстин 85-104-статьяларында көрсөтүлгөн үйбүлө мүчөлөрү алимент өндүрүп алуу тууралу талап менен сотко кайрылууга укуктуу.

112-статья. Алимент алуу үчүн кайрылуу мөөнөттөрү

1. Эгерде алимент төлөө тууралу макулдашуу боюнча мурда алимент төлөнбөсө, алимент алууга укугу бар адам алимент алуу укугу пайда болгон учурдан тартып мөөнөтү өтүп кеткенине карабастан, алимент өндүртүп алуу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.

2. Алимент сотко кайрылган учурдан тартып берилет.

Эгерде сотко кайрылганга чейин багууга каражат табуу чаралары көрүлгөнүнө карабастан, алимент төлөөгө милдеттүү болгон адам аны төлөп берүүдөн баш тартканынан улам алимент алынбай калгандыгы сот тарабынан аныкталса, сотко кайрылган учурдан тартып үч жылдык мөөнөттүн аралыгындагы өтүп кеткен мурдагы алимент төлөтүп алынышы мүмкүн.

3. Үч жылдын аралыгындагы мөөнөттө топтолгон алименттин суммасы бир жылга теңме-тең бөлүштүрүлгөн үлүштө төлөнүп берилет.

113-статья. Сот талаш-тартышты чечкенге чейин алимент өндүртүп алуу

1. Сот алимент төлөтүп алуу тууралу иш боюнча алимент төлөө жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин алимент төлөп берүү тууралу, жашы жетпеген балдарга алимент төлөтүүдө алимент төлөп берүү жөнүндө соттун чечими чыкканга чейин токтом чыгарууга укуктуу.

2. Төлөтүп алынуучу алименттин өлчөмүн тараптардын материалдык жана үйбүлөлүк абалына жараша сот аныктайт. Жашы жетпеген балдарга өндүрүп берилүүчү алименттин өлчөмү, ушул Кодекстин 86-статьясына ылайык аныкталат.

114-статья. Алимент кармап калуудагы уюмдун администрациясынын милдети

Алимент төлөө жөнүндө нотариалдык жактан ырасталган макулдашуунун, алимент төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде же аткаруу баракчасынын негизинде алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын иштеген жериндеги уюмдун администрациясы алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын эмгек акысынан жана (же) башка кирешесинен ай сайын алимент кармап калууга же алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын алимент алуучу адамдын эсебине эмгек акы төлөнгөндөн жана (же) алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын башка кирешелери алынгандан тартып үч күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен которуп берет.

Жашы жетпеген балдарга төлөөдө алимент төлөөчү адамдын арызынын негизинде алименттерди кармап калуу, эгерде мындай арыздын жана аткаруучу документтин негизинде кармап калуунун жалпы суммасы алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын иштеп тапканынын жана (же) башка кирешесинин элүү пайызынан ашкан учурда алиментти кармоо жүргүзүлүшү мүмкүн, бирок жетимиш пайыздан ашык эмес.

(КР 2014-жылдын 30-июнундагы N 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

115-статья. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуунун негизинде алимент кармап калуу

Алимент төлөө жөнүндө нотариалдык жактан ырасталган макулдашуунун негизинде жана ушундай макулдашуунун жана аткаруу документтеринин негизинде кармап калуунун негизги суммасы алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын эмгек акысынан жана (же) башка кирешелеринен элүү пайызга ашкан учурда алимент кармалып калат.

116-статья. Алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын иштеген жеринин өзгөргөнү жөнүндө билдирүү милдети

1. Алимент төлөө жөнүндө соттун чечиминин же нотариалдык жактан ырасталган макулдашуунун негизинде алимент кармап калган уюмдун администрациясы алимент төлөө тууралу чечим аткарыла турган жердеги соттук аткаруучуга жана алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын иштен бошогондугу жөнүндө, ошондой эле анын жаңы иштеген же жашаган жери эгерде ага белгилүү болсо, бул тууралу алимент алуучу адамга үч күндүк мөөнөттө билдирүүгө милдеттүү.

2. Алимент төлөөгө милдеттүү болгон адам ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген мөөнөттө соттук аткаруучуга жана алимент алуучу адамга иштеген жана жашаган жери өзгөргөндүгү, ал эми жашы жетпеген балдарына алимент төлөөдө - кошумча эмгек акынын же башка кирешелердин болгондугу жөнүндө билдирүүгө тийиш.

3. Ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтарды далилсиз себептер менен кабарлабаган учурда буга күнөөлүү кызмат адамдары жана башка жарандар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.

117-статья. Жаза чараны алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын мүлкүнө айландыруу

1. Алимент өндүрүү жөнүндө макулдашууда же соттун чечиминде белгиленген алименттин өлчөмүн төлөтүү, ошондой эле алимент боюнча карыздарын өндүртүп алуу алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын эмгек акысынын жана (же) башка кирешесинин эсебинен, эмгек акысы жана (же) башка кирешелери жетишсиз болгон учурда алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын банктагы эсептеринен же башка кредиттик мекемелердеги акча каражаттарынан, ошондой эле менчик укугуна өтпөй турган келишимдерден башка коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардагы келишим боюнча берилген акча каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Бул каражаттар жетишсиз болгондо айландырылуучу жаза чара мыйзам боюнча алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын кайсы мүлкүнө болбосун жаза чара катары айландырылышы мүмкүн.

2. Жаза чараны алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын эсебинде турган акча каражаттарына жана анын дагы башка мүлктөрүнө айландыруу жарандык-процесстик мыйзамдарда каралган тартипте жүргүзүлөт.

118-статья. Алимент боюнча карыздарды аныктоо

1. Алимент төлөө тууралу макулдашуунун негизинде же аткаруу баракчасынын негизинде өтүп кеткен мезгил үчүн алимент өндүрүү алимент төлөтүп алуу жөнүндө аткаруу баракчасын же нотариалдык жактан ырасталган макулдашууну көрсөткөндөн кийин үч жылдык мөөнөттүн чегинде жүргүзүлөт.

2. Алимент төлөө жөнүндө аткаруу баракчасынын негизинде же нотариалдык жактан ырасталган макулдашуунун негизинде алимент кармап калуу алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын күнөөсү боюнча жүргүзүлгөн учурда, алимент өндүртүп алуу ушул Кодекстин 112-статьясынын 2-пунктунда белгиленген үч жылдык мөөнөткө карабастан, бардык мезгил үчүн жүргүзүлөт.

3. Карыздын өлчөмүн соттун чечими же алимент төлөө тууралу макулдашуу менен аныкталган алименттин өлчөмүнө жараша соттук аткаруучу аныктайт.

4. Ушул Кодекстин 86-статьясына ылайык жашы жетпеген балдарга төлөнүүчү алимент боюнча карыздын өлчөмү, алимент өндүрүлбөгөн мезгилдин ичиндеги алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын эмгек акысына жана башка кирешесине таянуу менен аныкталат. Эгерде алимент төлөөгө милдеттүү болгон адам ошол мезгилдин ичинде иштебей калган учурда же эгерде анын эмгек акысын жана (же) дагы башка кирешесин тастыктаган документтер берилбесе, алимент боюнча карыз ошол жердеги орточо эмгек акыга негизденүү менен аныкталат. Эгерде карызды мындай аныктоо тараптардын бирөөнүн кызыкчылыктарын олуттуу бузса, кызыкчылыгына зыян келтирилген тарап сотко кайрылууга укуктуу, ал тараптардын материалдык жана үйбүлө абалына жана көңүл бурууга арзыган дагы башка жагдайларга таянуу менен карызды туруктуу акчалай суммада аныктайт.

5. Соттук аткаруучу тарабынан алимент боюнча карыздын аныкталышына макул болбогондо кайсы гана тарап болбосун аткаруу өндүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте соттук аткаруучунун жасаган аракетине даттана алат.

(КР 2004-жылдын 26-июлундагы N 96 Мыйзамынын, 2005-жылдын 20-июнундагы N 80 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

119-статья. Алимент боюнча карызды төлөөдөн бошотуу

1. Жашы жетпеген балдарга алимент төлөө учурун кошпогондо, алимент боюнча карызды төлөөдөн бошотуу же тараптардын макулдашуусу боюнча алимент төлөөдө ошол карызды азайтуу тараптардын өзара макулдугу боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Эгерде алимент төлөбөө бул адамдын ооруп калышына жана топтолгон алименттердин карызын жандырууга мүмкүндүк бербеген дагы башка далилдүү себептерден улам болгонун сот аныктаса, алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын доосу боюнча аны карызды төлөөдөн толугу менен же жарым-жартылай бошотууга укуктуу.

3. Ата-энеси ата-энелик милдетти аткара албай калган учурдагы оорулардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2014-жылдын 30-июнундагы N 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

120-статья. Алиментти өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик

1. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу боюнча алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын күнөөсү менен карыз пайда болсо, күнөөлүү адам ошол макулдашууда каралган тартипте жоопкерчилик тартат.

2. Алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын күнөөсү менен карыз пайда болсо, соттун чечими менен күнөөлүү адам алимент алуучуга кечиктирген ар бир күнү үчүн төлөнбөй калган алименттин суммасынан экиден бир пайыз өлчөмүндө үстөкайып төлөйт.

Алимент алуучу, алимент төлөөгө милдеттүү болгон адам алиментти өз учурунда төлөбөй, алименттик милдеттенмени аткаруунун мөөнөтүн өткөрүп жиберүүдөн улам жабылбай калган үстөкайып жагынан келтирилген бардык зыянды күнөөлүү адамдан төлөтүп алууга да укуктуу.

(КР 2014-жылдын 30-июнундагы N 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

121-статья. Алиментти чегерүүгө жана кайра өндүрүүгө жол берилбестик

1. Алимент башка каршы талап менен чегерилиши мүмкүн эмес.

2. Алименттин төлөнгөн суммасы төмөндөгү учурлардан тышкары, кайрадан кайтарылышы мүмкүн эмес:

алимент алуучу жалган маалыматтарды билдиргендигине байланыштуу же жасалма документтерди бергендигине байланыштуу алимент өндүртүү жөнүндө соттун чечими жокко чыгарылганда;

алимент алуучу тарап алдоо, коркутуу же зомбулук көрсөтүү таасири менен түздүргөн алимент төлөө жөнүндө макулдашуу жараксыз деп табылса;

алимент төлөө жөнүндө макулдашуунун же аткаруу баракчасынын негизинде алимент төлөтүп жаткан соттун чечиминин жасалма экендигинин фактысы соттун өкүмү менен аныкталса.

3. Эгерде ушул статьянын 2-пунктунда санап көрсөтүлгөн аракеттер жашы жетпеген баланын өкүлү тарабынан же аракетке жөндөмсүз алимент алуучу тарабынан жасалса, алимент кайтарып алынбайт, ал эми алименттин төлөнгөн суммасы доо боюнча алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын күнөөлүү өкүлүнөн өндүрүлүп алынат.

122-статья. Алиментти индекстөө

1. Соттун чечими боюнча туруктуу акчалай суммада өндүртүп алынуучу алиментти индекстөө алимент кармап калуучу жердеги уюмдун администрациясы тарабынан мыйзамда белгиленген эң аз эмгек акынын өлчөмүнө пропорционалдуу түрдө көбөйтүлүп жасалат.

2. Индекстөө максатында алименттин өлчөмүн эмгек акынын эң аз өлчөмүнүн белгилүү бир санына ылайык сот тарабынан туруктуу акчалай суммада белгиленет.

123-статья. Алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын туруктуу жашоо үчүн чет мамлекетке жөнөп кеткен учурунда алимент төлөшү

1. Чет мамлекетке туруктуу жашоого жөнөп жаткан адам мыйзам боюнча ал багууга милдеттүү болгон үйбүлө мүчөлөрү менен ушул Кодекстин 104, 105, 108 жана 109-статьяларына ылайык алимент төлөө жөнүндө макулдашуу түзүүгө укуктуу.

2. Макулдашууга келалбаганда кызыкдар адам туруктуу акчалай суммадагы алименттин өлчөмүн аныктоо жөнүндө жана бир жолу төлөнүүчү алимент тууралу же алименттин эсебинен белгилүү бир мүлк берүү жөнүндө же алиментти дагы башка жол менен төлөө тууралу талап менен сотко кайрылууга укуктуу.

3. Кыргыз Республикасынын чектеринен сырткары туруктуу жашоого чыгып кетип жаткан адамдардын алименттик милдеттенмелерин аткаруусунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен белгиленилет.

4. Эгерде соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин, ага ылайык ата-энелердин биринен алимент алынса, ал Кыргыз Республикасы укуктук жактан жардам жөнүндө эл аралык келишим түзбөгөн мамлекетке туруктуу жашоо үчүн чыгып кетип жатса, анда соттун чечими боюнча ал Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кеткенге чейин баланын жашы жеткенге чейинки мезгил үчүн алимент төлөтүлүп алынат.

(КР 2014-жылдын 30-июнундагы N 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

124-статья. Сот белгилеген алименттин өлчөмүн өзгөртүү жана алимент төлөөдөн бошотуу

1. Эгерде алимент төлөө жөнүндө макулдашууга келалбай, сот тартибинде алименттин өлчөмү белгиленгенден кийин тараптардын бирөөсүнүн материалдык же үйбүлөлүк абалы өзгөрүлсө, сот тараптардын кайсынысынын талабы боюнча болбосун, алименттин белгиленген өлчөмүн өзгөртүүгө же алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын талабы боюнча аны төлөөдөн бошотууга укуктуу. Алименттин өлчөмүн өзгөрткөндө же аны төлөөдөн бошоткондо сот ошондой эле тараптардын көңүл буруусуна арзыган башка кызыкчылыктарды да эске алууга укуктуу.

2. Эгерде бойго жеткен аракетке жөндөмдүү адамдын алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамга карата билип туруп кылмыш жасагандыгы аныкталса же үйбүлөдө адепсиз жүрүм-турумун көрсөтсө, сот бойго жеткен аракетке жөндөмдүү адамга алимент өндүртүүдөн баш тартууга укуктуу.

125-статья. Алименттик милдеттенмелердин токтотулушу

1. Алимент төлөө жөнүндө макулдашууда белгиленген алименттик милдеттенмелер тараптардын бирөөсү өлгөндө, ушул макулдашуунун колдонуу мөөнөтү бүткөндө же ушул макулдашууда каралгандардын негизинде токтотулат.

2. Сот тартибинде өндүртүп алынуучу алименттерди төлөө төмөндөгүдөй учурларда токтотулат:

бала бойго жеткенде же жашы жетпеген балдар бойго жеткенге чейин эле аракетке толук жөндөмдүү болуп жетилген учурда;

баланы (кызды) асырап алганда аны багууга алимент өндүрүлүп турса;

эмгекке жөндөмдүүлүгү сот тарабынан таанылганда же алимент алуучу жардамга муктаж болбой калганда;

жардамга муктаж болгон эмгекке жөндөмсүз алимент алуучу - мурдагы жубайы жаңы никеге турганда;

алимент алуучу адам же алимент төлөөгө милдеттүү болгон адам өлгөндө.

3. Балага алименттик милдеттенме кыймылсыз мүлккө (турак үйгө, квартирага, жер участогуна ж.б.у.с.) же анын бөлүгүнө менчик укугуна ээ болгонуна байланыштуу токтотулушу мүмкүн.

Жашы жетпеген баланын өзү кыймылсыз мүлккө же анын бир бөлүгүнө менчик укугун алуучу болуп саналат же бала жана бала жашаган атасы же энеси ошол мүлктүн жалпы үлүштүк менчик укугуна ээ болот.

Алименттик милдеттенмелер боюнча алынган мүлк өндүрүп алууга коюлууга жатпайт.

Жашы жетпеген бала алган мүлк жашы жеткенге чейин балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн уруксаты менен гана ажыратылышы мүмкүн.

(КР 2014-жылдын 30-июнундагы N 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VI БӨЛҮМ
АТА-ЭНЕСИНИН КӨЗӨМӨЛЧҮЛҮГҮНӨН АЖЫРАГАН БАЛДАРДЫ
ТАРБИЯЛООНУН ФОРМАЛАРЫ

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 114 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

VII БӨЛҮМ
ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНДАРДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫГЫ ЖОК АДАМДАРДЫН КАТЫШУУСУ МЕНЕН ҮЙБҮЛӨ МАМИЛЕЛЕРИНЕ КАРАТА ҮЙБҮЛӨ МЫЙЗАМДАРЫН КОЛДОНУУ

163-статья. Кыргыз Республикасынын аймагында никеге туруу

1. Кыргыз Республикасынын аймагында никеге туруунун формасы менен тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында никеге туруунун шарттары никеге турууга тоскоол болуучу жагдайларга карата, ушул Кодекстин 15-статьясынын талаптарын сактоо менен никеге туруучу ар бир адам үчүн никеге туруу учурунда жараны болуп саналган адамдын өз мамлекетинин мыйзамдары менен аныкталат.

3. Бир нече чет мамлекеттин жарандыгы бар адамга ошол адамдын тандап алуусу менен ошол мамлекеттердин бирөөсүнүн мыйзамдары колдонулат.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында жарандыгы жок адамдын никеге туруу шарты, ал адам туруктуу жашап жаткан жериндеги мамлекеттин мыйзамы менен аныкталат.

164-статья. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жана консулдук мекемелерде никеге туруу

1. Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын ортосундагы никелешүү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндөгү жана консулдук мекемелериндеги чет өлкөлүк жарандардын ортосундагы никелешүү, эгерде ошол адамдар никелешүү учурунда чет мамлекеттин жараны болуп саналышып, Кыргыз Республикасында элчиликке же консулдукка дайындалса, өзара урматташуунун шартында Кыргыз Республикасында анык деп таанылат.

165-статья. Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жерде түзүлгөн никелешүүнү таануу

1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын ортосундагы никелешүү жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана чет мамлекеттик жарандардын же жарандыгы жок адамдардын ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жерде аны түзгөн аймактагы мамлекеттин мыйзамын сактоо менен түзүлгөн никелешүү Кыргыз Республикасында анык деп таанылат, эгерде ушул Кодекстин 15-статьясында каралган никелешүүгө тоскоолдук келтирүүчү жагдайлар болбосо.

2. Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жерде никелешүү түзүлгөн аймактагы мамлекеттин мыйзамын сактоо менен чет өлкөлүк жарандардын ортосунда түзүлгөн никелешүү Кыргыз Республикасында анык деп таанылат.

166-статья. Кыргыз Республикасынын аймагында же Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жерде түзүлгөн никенин анык эместиги

Кыргыз Республикасынын аймагында же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде түзүлгөн никенин анык эместиги никелешүүдө колдонулган ушул Кодекстин 163 жана 165-статьяларына ылайык келүүчү мыйзамдар менен аныкталат.

167-статья. Никени бузуу

1. Кыргыз Республикасынын жарандары менен чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын ортосундагы никени, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк жарандардын ортосундагы никени бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жерде жашаган Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын сотунда, анын жарандыгына карабастан, бул тууралу жубайына кабарлоо менен, Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жерде жашап жаткан жубайы менен никесин бузууга укуктуу. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык абалдын актыларын жазуу органында никени бузууга жол берилген учурда, никени бузуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемелеринде жүргүзүлүшү мүмүн.

3. Кыргыз Республикасынын жарандарынын ортосундагы никени бузуу болбосо Кыргыз Республикасынын жаранынын жана чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдардын ортосундагы никени бузуу жөнүндө чечим кабыл алган органдардын компетенциясы тууралу тийиштүү чет мамлекеттин мыйзамдарын жана никени бузууда колдонулуучу мыйзамдарды сактоо менен Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жерде ишке ашырылган никени бузуу Кыргыз Республикасында анык деп таанылат.

4. Тиешелүү чет мамлекеттин мыйзамдарын сактоо менен Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жерде ишке ашырылган чет өлкөлүк жарандардын ортосундагы никени бузууда никени бузуу жөнүндө чечим кабыл алган органдардын компетенциясы тууралу жана никени бузууда тиешелүүлүгүнө жараша колдонулган мыйзамдар Кыргыз Республикасында анык деп таанылат.

168-статья. Жубайлардын жеке мүлктүк эмес жана мүлктүк укуктары менен милдеттери

1. Жубайлардын жеке мүлктүк эмес жана мүлктүк укуктары менен милдеттери алар чогуу жашап турган аймактагы мамлекеттин мыйзамдары, ал эми чогуу жашаган жери жок болгондо, алар акыркы жолу чогуу жашаган жердин аймагындагы мамлекеттин мыйзамдары менен аныкталат. Чогуу жашаган жери жок болгон жубайлардын өздүк жеке мүлктүк эмес жана мүлктүк укуктары менен милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Кыргыз Республикасынын аймагында аныкталат.

2. Жалпы жарандыгы же чогуу жашаган жери жок жубайлар бири-бирине алимент төлөө жөнүндө нике келишимин же макулдашууну түзүүдө алимент төлөө тууралу нике келишими боюнча же макулдашуу боюнча алардын укуктарын жана милдеттерин аныктоо үчүн колдонулуп жаткан мыйзамдарды тандап алат. Эгерде жубайлар алимент төлөө жөнүндө нике келишимине же алардын макулдашууларына карата тиешелүү мыйзамды колдонуу үчүн тандап алалбаган учурда ушул статьянын 1-пунктунун жоболору колдонулат.

169-статья. Аталыкты (энеликти) белгилөө жана талашуу

1. Аталыкты (энеликти) белгилөө жана талашуу бала туулгандан тартып жараны болуп саналган мамлекеттин мыйзамдары менен аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында аталыкты (энеликти) белгилөөнүн жана талашуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Эгерде баланын ата-энеси Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жерде жашап, анын ичинде бири эле Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналса, аталыкты (энеликти) жарандык абалдын актыларын жазуу органына белгилөөгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жол берсе, аталыкты (энеликти) белгилөө жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемеге кайрылууга укуктуу.

170-статья. Ата-эненин жана балдардын укуктары менен милдеттери

Ата-эненин жана балдардын укуктары менен милдеттери, анын ичинде баланы багуу боюнча ата-эненин милдеттери, алар чогуу жашаган аймактагы мамлекеттин мыйзамдары менен аныкталат. Ата-эне менен бала чогуу жашабаганда ата-эненин жана баланын укуктары менен милдеттери бала жараны болуп саналган мамлекеттин мыйзамдары менен аныкталат. Алименттик милдеттенмеге карата доогердин талабы боюнча жана ата-эне менен баланын ортосундагы башка мамилелерге бала туруктуу жашап турган аймактагы мамлекеттин мыйзамдары колдонулушу мүмкүн.

171-статья. Бойго жеткен балдардын жана үйбүлөнүн башка мүчөлөрүнүн алименттик милдеттенмелери

Ата-эненин пайдасына бойго жеткен балдардын алименттик милдеттенмелери, ошондой эле үйбүлөнүн башка мүчөлөрүнүн алименттик милдеттенмелери алар чогуу жашап жаткан аймактагы мамлекеттин мыйзамдары менен аныкталат. Чогуу жашабай калганда мындай милдеттенме алимент алууга катышы бар адам жараны болуп саналган мамлекеттин мыйзамдары менен аныкталат.

172-статья. Уул (кыз) асырап алуу

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 114 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

173-статья. Чет өлкөлүк үйбүлө укугунун ченемдеринин мазмунун белгилөө

1. Чет өлкөлүк үйбүлө укугунун ченемдерин сот же жарандык абалдын актыларын жазуу органдары жана башка органдар колдонгондо аны расмий чечмелөөгө, практикада колдонулушуна жана тиешелүү чет мамлекеттеги доктринага ылайык бул ченемдердин мазмунун белгилейт.

Чет өлкөлүк үйбүлө укугунун ченемдеринин мазмунун белгилөө максатында сот жарандык абалдын актыларын жазуу органдары жана башка органдар белгилеген тартипте көмөк көрсөтүү жана түшүндүрмө алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын башка компетенттүү органдарына кайрылышы мүмкүн, болбосо эксперттерди тартышат.

Кызыкдар адамдар өздөрүнүн талаптарын же каршы пикирин негиздөөдө ага шилтеме жасоочу жана башка жол менен сотко же жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына көмөк көрсөтүүдө жана чет өлкөлүк үйбүлө укугунун ченемдеринин мазмунун белгилеген жана башка органдарга чет өлкөлүк үйбүлө укугунун мазмунун тастыктоочу документтерди көрсөтүүгө укуктуу.

2. Эгерде ушул статьянын 1-пунктуна ылайык көрүлгөн чараларга карабастан, чет өлкөлүк үйбүлө укугунун ченемдеринин мазмуну белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат.

174-статья. Чет өлкөлүк үйбүлө укугунун ченемдерин колдонууну чектөө

Эгерде мындай колдонуу Кыргыз Республикасынын укук тартибинин негиздерине (ачык көрсөтүлүүчү тартипке) карама-каршы келген учурда чет өлкөлүк үйбүлө укугунун ченемдери колдонулбайт. Мындай учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат.

VIII БӨЛҮМ
КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

175-статья. Ушул Кодексти колдонууга киргизүүнүн тартиби

1. Ушул Кодекс менен колдонууга киргизүүнүн бөлөк мөөнөттөрү белгиленген жоболорду кошпогондо, ушул Кодекс жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизилсин.

2. Ушул Кодекс колдонууга киргизилген учурдан тартып төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

"Кыргыз ССРинин Нике жана үй-бүлө жөнүндө кодексин бекитүү тууралу" Кыргыз ССРинин Мыйзамы (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1969-ж., N 20, 167-ст.) "Граждандык абалдын актылары" деген Кыргыз ССРинин Нике жана үй-бүлө жөнүндөгү Кодексинин V бөлүгүнөн башкасы, ал мындан ары граждандык абалдын актылары жөнүндөгү мыйзам кабыл алынганга чейин ушул Кодекске карама-каршы келбей турган жагынан колдонула берет;

"Кыргыз ССРинин Нике жана үй-бүлө жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Указын бекитүү жөнүндө" Кыргыз ССРинин Мыйзамы (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1980-ж., N 22, 222-ст.);

"Кыргыз ССРинин айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Указдарын бекитүү тууралу" Кыргыз ССРинин Мыйзамынын алтынчы абзацы (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1989-ж., N 22, 208-ст.);

"Кыргыз Республикасынын Нике жана үй-бүлө жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1993-ж., N 2, 63-ст.);

"Кыргыз Республикасынын Нике жана үй-бүлө жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., N 1, 7-ст.);

"Кыргыз ССРинин Нике жана үй-бүлө жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1980-ж., N 9, 105-ст.);

"Кыргыз ССРинин Нике жана үй-бүлө жөнүндө кодексинин 32-статьясына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1984-ж., N 5, 38-ст.);

"Кыргыз ССРинин Нике жана үй-бүлө жөнүндө кодексине жана Граждандык процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Указынын 1-пункту (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1984-ж., N 22, 185-ст.);

"Жашы жетпеген балдарга алименттерди өндүрүп алуунун тартибине айрым өзгөртүү жөнүндө" Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Указынын II-бөлүмүнүн 1-пункту (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1985-ж., N 4, 28-ст.);

"Кыргыз ССРинин айрым мыйзам актыларын өзгөртүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Указынын 1-бөлүмүнүн 2-пункту (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1985-ж., N 10, 93-ст.);

"Жашы жетпеген балдарга алименттерди өндүрүп алуунун тартибине айрым өзгөртүүлөр жөнүндө" Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Указынын 1-бөлүмү (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1987-ж., N 4, 24-ст.);

"Кыргыз ССРинин Нике жана үй-бүлө жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1989-ж., N 20, 175-ст.);

"Аялдарга, үй-бүлөгө жана балага тиешелүү маселелер боюнча Кыргыз ССРинин айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Указынын 1-пункту (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1990-ж., N 14, 193-ст.).

176-статья. Ушул Кодекстин ченемдерин колдонуу

1. Ушул Кодекстин ченемдери ал колдонууга киргизилгенден кийин келип чыгуучу үйбүлө мамилелерине карата колдонулат.

Ушул Кодексти колдонууга киргизгенге чейин келип чыгуучу үйбүлө мамилелери боюнча анын ченемдери, ал колдонууга киргизилгенден кийин келип чыгуучу укуктарга жана милдеттерге карата колдонулат.

2. Никеден ажырашуу учурун белгилеген ушул Кодекстин 26-статьясы сотто аны бузганда никени бузуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып ушул Кодексти колдонууга киргизгенден кийин сотто никени бузууда колдонулат.

Ушул статьянын 1-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин сот тартибинде бузулган нике жарандык абалдын актыларын жазуу китебине никени бузууну мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн күндөн тартып токтотулду деп эсептелинет.

3. Ушул Кодекстин 16-статьясына ылайык никени анык эмес деп табууга карата талаш-тартыш болуп жаткан бүтүмдү анык эмес деп табуу үчүн Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 201-статьясында белгиленген доо коюунун эскирүү мөөнөтү колдонулат.

4. Ушул Кодекстин 9 жана 17-главаларына ылайык белгиленген алимент төлөө жөнүндө никелешүү келишими менен макулдашуусун түзүүнүн шарты жана тартиби ушул Кодекс колдонууга киргизилгенден кийин түзүлө турган алимент төлөө тууралу нике келишимине жана макулдашуусуна карата колдонулат. Ушул Кодекс колдонууга киргизилгенге чейин түзүлгөн алимент төлөө жөнүндө нике келишими жана макулдашуусу ушул Кодекске карама-каршы келбей турган жагында колдонулат.

5. Ушул Кодекстин 35-38-главаларында белгиленген жубайлардын экөөнө тең тиешелүү менчик жөнүндө жобо жана жубайлардын ар биринин өзүнө тиешелүү менчиги тууралу жобо ушул Кодекс колдонууга киргизилгенге чейин жубайлардын (алардын бири) жыйган мүлкүнө карата колдонулат.

(КР 2005-жылдын 25-февралындагы N 38 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

177-статья. Ченемдик укуктук актыларды ушул Кодекске ылайык келтирүү

1. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды ушул Кодекске ылайык келтиргенге чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары ушул Кодекске алар карама-каршы келбегендиктен улам Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган чекте жана тартипте колдонулат.

2. Ушул Кодекс кабыл алынган күндөн тартып үч айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөндөгүлөр тапшырылсын:

өздөрү чыгарган ченемдик укуктук актыларын ушул Кодекске ылайык келтирсин;

ушул Кодекс кабыл алынганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө белгиленген тартипте сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;

ушул Кодексти ишке ашырууну камсыз кылуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Акаев

 

2003-жылдын 26-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган

 

 

 






Баардык укутар корголон, Copyright 2017
"Кыргыз Республикасынын
Нотариалдык палатасы"

E-mail

Web site

Коомдук бирикме

Not-palata@yandex.com

http://www.Not-palata.kg
"Кыргыз Республикасынын
Нотариалдык палатасы"

Байланыш үчүн
телефон номерлери:


Дарегибиз:

+996 312 654621
+996 312 343527
+996 555 024823

720010, Кыргыз Республикасы, 
Бишкек шаары, Токтогул көч., 230